Биригүү союзу Коомдук бирикмеси Сорос-Кыргызстан Фондунун Укуктук программасынын колдоосу менен Талас шаарынын жана Талас облусунун калкынын аялуу топторуна бекер юридикалык кеңеш берет.

Дасыккан юристтер үч укуктук кабылдамалардын базаларында: борбордук коомдук кабылдамада, Талас ШИИБинин алдындагы коомдук кабылдамада жана Талас РИИБинин алдындагы коомдук кабылдамада жарандарды күн сайын кабыл алууну жүзөгө ашырат.

Долбоордун негизги максаты – Талас облусунун социалдык аялуу жарандарына бекер юридикалык жардам көрсөтүү жолу менен адам укуктарын сактоону жана коргоону камсыз кылуу.

Юридикалык кеңеш берүүдөн сырткары, юристтер мамлекеттик органдарда жана соттордо кызыкчылыктарды көрсөтүүнү жана бекер укуктук коргоону жүзөгө ашырышат. Талас облусунун ички иштер органдарында тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө мамиле жасоонун жана жаза колдонуунун кыйноо жана катаал мамиле жасоо, кадыр-баркын басынтуучу түрлөрүн пайдалануу иштерине каршы күрөш жүргүзүлүүдө.

Жарандардын укуктук билимдерин өркүндөтүү максатында “Биригүү Союзу” КБсы ай сайын “Талас кабарлары” маалыматтык кеңеш берүүчү укуктук бюллетенин чыгарып таратат, анын беттеринде жарандардын укуктук билимдерин өркүндөтүү жаатында бир топ маанилүү темалар жарыяланат.

Укуктук кабылдамалардын даректери:

Борбордук Коомдук кабылдама”, Талас ш., Бердике Баатыр көч., 198, тел: + (3422) 5 34 87;

Талас ШИИБинин алдындагы Коомдук кабылдама”, Талас ш, Бердике Баатыр көч., 218, Байланышуу: 102, уюл. тел.: 0556600295

Талас РИИБинин алдындагы Коомдук кабылдама” Көк-Ой айылы, Манас көч., 127, телефон: (3422) 62200, уюл. тел.: 0779899190