“Юридикалык Клиника” коомдук фонду 2011-жылдын августунан 2012-жылдын июлуна чейин Ж. Баласагын атындагы КУУнун юридикалык институтунун юридикалык клиникасында “Жогорку окуу жайларында юридикалык клиникалык билим берүүнү өнүктүрүү Кыргызстанда демократиялык процесстердин кайтпастыгынын кепилдиги катары” долбоорун ишке ашырды. Отчеттук мезгил ичинде төмөндөгү багыттар иштеди.

1. Адамдын жана жарандын негизги укуктарынын жана эркиндиктеринин системасын иштеп чыгуу жана долбоордун максаттуу топторун тандоонун критерийлери.

Август ичинде адамдын жана жарандын негизги укуктарын, эркиндиктерин камтыган система иштелип чыкты. Анда Кыргызстан калкынын социалдык аялуу топторунан жана аз камсыз болгон жарандардан турган долбоордун максаттуу топторун тандоо критерийлери аныкталган. Белгиленген укук бузууларды калыбына келтирүүдө бекер укуктук жардам көрсөтүү үчүн Ж. Баласагын атындагы КУУнун юридикалык институтунун юридикалык клиникасында карап чыгылган.

Долбоордун максаттуу топтору болуп биринчи иретте: пенсионерлер, майыптар, студенттер жана Бишкек шаары менен Чүй облусунун көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн жашы жетпеген балдары болуп саналат.

2. Адам укуктарын коргоо жана укук коргоо ишмердүүлүктөрүнүн негиздерин студенттерге окутуу.

2011-жылдын сентябрынан ноябрына чейин студенттер арасында адам укуктарын коргоонун жана укук коргоо ишмердүүлүктөрүнүн негиздери боюнча практикалык сабактар өткөрүлдү. Сынак менен тандоонун жыйынтыгында 2011-жылдын сентябрынан баштап сунушталган документтерге ылайык аңгемелешүүлөр жүргүзүлүп, клиниканын практиканттарынын ичинен 30 студент-практикант тандалып алынган. Бекитилген жумушчу окуу планына ылайык алар үчүн клиникалык окуу сабактары жана атайын курстары боюнча окутуунун практикалык курсу уюштурулган.

3. Долбоордун максаттуу топторуна студенттер тарабынан даярдалган укуктук жардам көрсөтүү.

2011-жылдын 1-августунан 2012-жылдын 31-июнуна чейинки аралыкта КУУнун ЮИсинин юридикалык клиникасында 180 иш каралган.

КУУнун юридикалык клиникасында Кыргызстан калкынын социалдык жактан корголбогон топторуна жана жарды катмарларына бекер укуктук кеңештерди берүүү оозеки кеңеш берүү менен гана чектелген жок. Практикант-студенттер адвокаттардын жетекчилиги астында юридикалык клиникага келүүчүлөргө даттануу арыздарын, сурамдарды, каттарды жана башка процессуалдык документтерди түзүүгө дагы жардамдашты. Юридикалык кызмат көрсөтүү дагы ченемдик-укуктук актылардын тексттерин басып чыгаруу менен коштолду. Ошондой эле практикант-студенттер адвокаттардын жетекчилиги менен соттордо жарандык иштер боюнча өкүлдүк көрсөтүштү жана кылмыш иштери боюнча сот процесстерине жардамчы катары катышышты. Юридикалык клиникада практикалык окуу процессинде практикант-студенттер укук көйгөйлөрүнүн ар түрдүү түрлөрү менен бет келишти, ал студенттерге кардарлар менен иштөөнүн жана аңгемелешүүнүн социалдык тажрыйбаларын алууга гана эмес, болгон теориялык билимдеринин деңгээлин дагы бир кыйла жогорулатууга мүмкүндүк түздү.

Мына, соттордогу кардарлардын өкүлдүктөрүнүн айрым мисалдары.

2011-жылы күзүндө “Юридикалык клиника” Коомдук фондуна жаран К. А. жардам сурап кайрылган. Анын кайрылуусунун максаты мурдагы биргелешип иштеп тапкан, атап айтканда, Вольксваген-Венто автомашинасын төмөн турган инстанциялардын бөлүштүрүүсү боюнча макул эместигине

күйөөсүнүн көзөмөлдүк даттануусу болгон. Аңгемелешүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин сотто анын кызыкчылыгын көрсөтүүгө ишеним кат алынган.

Студентка Анна Верхоланцева тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна көзөмөлдүк даттанууга макул болбоо даярдалган. 2012-жылдын 3-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот отуруму белгиленген. Бул соттук териштирүү жаран К. А.-нын пайдасына Токтом чыгаруу менен аяктаган жана мурдагы күйөөсүнүн көзөмөлдүк даттануусу канааттандырылган эмес.

2012-жылдын мартынын башталышында “Юридикалык клиника” Коомдук фондуна жаран Г. А. никесин бузуу боюнча жардам сурап кайрылган. Кардар тез арада ажырашууну каалаган жана өзүнүн аялы менен жарашуу үчүн убакыттын берилишин каалаган эмес. Эки күндүн ичинде ажырашуу жөнүндө доо арызы даярдалып жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна берилди. Аялы болсо ажырашууга макулдугун бергиси келбегендиктен, 2012-жылдын 19-мартына белгиленген соттук териштирүүгө келген эмес. Андан кийин студент-клиникачы Денис Диканс тарабынан менен бир катар жолугушуп-сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. 2012-жылдын 11-апрелинде Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан кардардын доо талаптарын канааттандырган чечим чыгарылып, жогорку инстанцияларга даттанылбагандыктан, чечим 2012-жылдын 13-майынан мыйзамдык күчүнө кирген.

“Юридикалык клиника” КФсынын башкармалыгынын төрагасы, КУУнун ЮИсинин юридикалык клиникасынын директору, ю.и.к., доцент М. О. Ким.

“Сорос-Кыргызстан” Фондунун Укук программасы

“Юридикалык клиника” КФсы

“Жогорку окуу жайларында юридикалык клиникалык билим берүүнү өнүктүрүү Кыргызстанда демократиялык процесстердин кайтпастыгынын кепилдиги катары” долбоору

Долбоордун аралыгы: 2011-жылдын 11-августунан 2012-жылдын 31-июлуна чейин.