“Сорос-Кыргызстан” Фонду (СКФ) өзүнүн өнөктөштөрүнө жаңы аткаруучу директору Шамиль Ибрагимовдун дайындалышы жөнүндө маалымдайт.

Кумар Бекболотов аткаруучу директор катары төрт жыл иштегенден кийин өзүнүн ордун Калифорниядагы Беркли Университетинде (АКШ) “Социалдык ишкердик” адистиги боюнча билим алууну улантууга байланыштуу бошотту.

2012-жылдын апрелинен баштап ачык сынак жарыяланган. Бардыгы болуп 84 өтүнмө, анын ичинде башка өлкөлөрдүн жарандарынан дагы берилген. Фонддун Байкоочу кеңеши алдын ала тандагандан кийин аткаруучу директордун кызмат ордуна талапкерлердин тизмесин түзгөн жана аларды фонддун уюштуруучуларына сунуштаган. Акыркы чечим фонддун уюштуруучусу – Ачык Коом Фонду (Нью-Йорк ш.) тарабынан кабыл алынды. Бардык талапкерлерди карап чыгуудан жана сынактын бир катар этаптарынан өткөндөн кийин жаңы аткаруучу директор болуп Шамиль Ибрагимов дайындалды, ал 21-августта жумушка чыгат.

Шамиль Ибрагимов Кыргызстанда туулган. Кыргыз Улуттук Университетин “эл аралык мамилелер” адистиги боюнча аяктаган. Акыркы үч жылда ал Борбордук Азияда Евразия Фондунун аткаруучу директору болуп иштеген. Андан мурун USAID долбоорунда ишкердикти өнүктүрүү боюнча консультант катары иштеген, TFI International эл аралык компаниясында өлкө директору катары да иш алып барган. Конфликттерди алдын алуу боюнча эл аралык институттарда жана бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча тажрыйбасы бар.

“Программалык пландаштыруудагы тематикалык артыкчылыктар өзгөртүүсүз калат, анткени биз 2011–2012-жылдар үчүн өзүбүздүн бекитилген стратегияны ишке ашырууну улантып, кийинки жылга чейин узартабыз. Бирок Фонд өзүнүн бардык ишмердүүлүктөрүнүн ичинде программанын өз түзүмүнөн сырткары, пайда болгон муктаждыктарды карап чыгууга даяр. Мурдагыдай эле, эгерде Фонддун аракети кырдаалдын өнүгүүсүнө жана жакшыруусуна таасир эте алса, Кыргызстандын коомдук турмушунун күн тартибинде турган ошол эле маселелерге артыкчылыктар берилет. Фондун атынан бардык өнөктөштөргө кызматташуулар үчүн ыраазычылык айтам жана уюмдун жетекчиси катары мындан ары ачык коомдун баалуулуктарын алга жылдыруу ниетин билдирем”, — деп айтты “Сорос-Кыргызстан” Фондунун аткаруучу директору Шамиль Ибрагимов.

“Сорос-Кыргызстан” Фонду он эки жыл ичинде Кыргыз Республикасында жарандык коомду түзүүдөгү жана өнүктүрүүдөгү негизги институттардын бири болуп калды. Ушул жылдары СКФ тарабынан өлкөбүзгө 60 миллиондон ашык кайтарымсыз доллар келип түшкөн. Фонд бейөкмөт секторлорун жана алардын ар түрдүү сегменттерин өнүктүрүүдө бай тажрыйба топтоду. Азыркы учурда Фонддо тогуз негизги багыт: укуктук жана билим берүү реформалары, ММКларды колдоо, коомдук саламаттык сактоо, жаштар, бюджеттик айкындуулук, маалымат чөйрөсү, коомдук башкаруу, ошондой эле “Чегарасыз Чыгыш Чыгыш” эл аралык кызматташуу программасы боюнча иш жүргүзүлүп жатат.