Бишкек, Кыргызстан (21-26- август 2012-ж) – «Жарандык билим»  2012 Жайкы Демократия мектебинин ачылыш аземи «Достук» мейманканасынын ( Фрунзе көч, 425) амфитеатрында 22 август күнү 9:00до өтөт.  Чакырылгандардын арасында Кыргызстандагы USAID Кыргыз Республикасындагы USAID Өкүлчүлүгүнүн Директору Кэри Гордон мырза, жана Европа Кеңешинин өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи  Шанталь Эбберехт болот. 2012 Жайкы Демократия мектеби USAID каржылай колдоосунун алдында Эл аралык жаштар фондунун “Jasa.kg” программасы тарабынан Европа Кеңеши, БУУ жана «Сорос-Кыргызстан» Фонду менен кызматташтыкта өткөрүлөт.

Жумалык семинар 21 августта Бишкектин айланасындагы  жаңы конуштарда жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүү боюнча ыктыярчылык иш-чаралар менен башталат.

Демократиянын жайкы мектеби жаштардын лидердик өнүгүүнү жана жарандык билимди алга жылдырат. Жаш катышуучулар өздөрүнүн иштеп чыккан социалдык долбоорлорун семинардын акыркы күнү өтүүчү  идеялар жарманкелсинде алып чыгышат. Мыкты долбоорлор Жаш Демилгелерди колдоо Фонду тарабынан берилген гранттар менен сыйланышат. Семинар аяктагандан кийин алты айдын ичинде 28 катышуучу 40 тан ашык аялуу жаштарга насаат аркылуу жардам көрсөтүшөт.

Эл аралык жаштар Фондунун  “Jasa.kg” программасы  жаштарды колдоого арналган кызматтар  аркылуу  жаштарды стабилдүү, өнүккөн жана демократиялык Кыргызстанды курууга  активдүү катышууга дем берет. Бул долбоор үч негизги максатты көздөйт: Кыргызстандын жаштарынын арасында активдүү жарандыкты  ойготуу, жаштарды эмгек рыногуна даярдоо жана жаштардын  позитивдүү өнүгүүсүнүн маданиятын түзүү. Мындан да кененирээк маалымат алуу үчүн: http://www.facebook.com/jasa.kg.

Жайкы мектептин расмий демөөрчүлөрү болуп: «Вечерний Бишкек» гезити жана  «КыргызТелеком» компаниясы эсептелет.

Бул программа америка эли АКШ Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу каржылай жардам долбоорлорунун бири болуп эсептелет. USAID тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн, биздин сайтка кире аласыз: http://kyrgyzstan.usaid.gov