2012-жылдын 7-сентябрында ЖМК өкүлдөрү үчүн жергиликтүү бюджеттерди калыптандыруу, аткаруу маселелери боюнча мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүү деңгээлинин учурдагы абалын талкуулоого арналган тегерек стол өтөт.

Жакында Бишкекте тегерек стол өттү, ага Мамлекеттик салык кызматынын, Мамкаттоонун, Каржы министрлигинин Улуттук статистика комитетинин өкүлдөрү, Ысык-Ата жана Сокулук райондорунун ЖӨБ органдарынын Жана мамлекеттик органдарынын, ӨЭУ-секторунун өкүлдөрү катышты.

Иш-чара «ЖӨБ органдарынын маморгандар менен өз ара аракеттенүүсү  аркылуу бюджеттик процессти жакшыртуу жана жарандык коомдун бюджеттик процесске тартылуусун баалоо» долбоорунун алкагында «Сорос-Кыргызстан» фондунун «Бюджеттик ачык-айкындык жана отчеттуулук» программасынын көмөгү менен өткөрүлдү. «Ачык-айкын бюджет үчүн» альянсы жана Өнүктүрүү саясаты институту долбоордун өнөктөштөрү болду.

Учурда ЖӨБ органдары, айрыкча айыл жеринде, жогорку деңгээл берген максаттык көрсөткүчтөргө ориентир алуу менен, мурдагы корсоткучтордон улам аларды жогорулатуу коэфифциентин эске алуу менен, бирок жергиликтүү бюджеттерди калыптандырат,

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жергиликтүү бюджеттерди калыптандыруу жана аткаруу маселесинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз алдынчалыгын жар салат. Өзүнүн каржылык негиздерине ээ болуу менен бирге эле ЖӨБ толук кандуу социалдык-экономикалык өнүгүү жана аймактардын, алардагы калктын муктаждыктарын теңдештирип канааттандыруу үчүн каржы ресурстарынын жетишсиздигине байланыштуу олуттуу кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө. Жергиликтүү бюджетти калыптандыруу мамлекеттин бюджеттик системасындагы ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктары тууралуу маселелерди чечүү жана каржы ресурстарын толуктоодо тиешелүү өз алдынча мүмкүнчүлүктөрдү берүү менен коштолот.

Учурда жол-жоболордун ачык-айкындык маселеси заманбап болууда, бюджеттик процессти, бюджеттик маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында маморгандар менен ЖӨБ органдарынын ортосундагы өнөктөштүктү камсыз кылуу үчүн ал жол-жоборлорду жазып чыгуу зарыл.

Иш-чараны өткөрүү орду: Исанов көч., 40/1 (Кыргызконцепт), 10.00дөн 14.00гө чейин.

«Айыл демилгеси» коомдук бирикмеси – республикалык тармактык уюм, анын бардык облустарда филиалы болуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон өтүшкөн. Бирикменин мүчөлөрү Кыргызстандын 100дөн ашык айылдык аймактарында иштешет.

Уюмдун миссиясы – коомдун укуктук жана социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү аркылуу Кыргыз Республикасында жарандык коомдун, укуктук мамлекеттин курулушуна жана калктын жыргалчылыгынын жакшырышына көмөк көрсөтүү