“Сорос-Кыргызстан” Фондунун “Коомдук башкаруу” программасы тарабынан колдоого алынган “ИРЭТ” коомдук фондунун “Тил билүү – интеграцияга жол” долбоорунун алкагында “Жергиликтүү деңгээлде иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” методикалык колдонмосу чыгарылды.

Долбоордун максаты – Өзгөн шаарындагы жана чегарадагы эки айылдык округдун (Баш-Дөбө жана Дөң-Булак) кыргыз тилдүү эмес этникалык топторунун өкүлдөрүнө иш кагаздарын толтуруу боюнча мамлекеттик тилди үйрөнүү мүмкүндүгүн берүү аркылуу мамлекеттик саясатка интеграциялоого мүмкүндүк түзүү.

Алгач жергиликтүү бийлик органдарында талап кылынган иш кагаздары боюнча документтердин тизмеси түзүлүп, үлгүлөрү алынган. Андан кийин маалыматтар чогултулуп, 450 даана нускада колдонмо басып чыгарылган жана аны пайдалануу боюнча тренинг мезгилинде таратылып берилген. Окутуучу иш-чара Өзгөн шаарынын негизинен өзбек улутундагы калкы жашаган 21 аймактык кеңешинин активисттери жана 430 лидерлери үчүн болуп өттү. Практикалык тренингди өткөрүүнүн максаты — мамлекеттик тилди билбеген адамдарга иш кагаздарын мамлекеттик кыргыз тилинде жүргүзүү эрежелерин үйрөтүү болуп саналат. Тренингге өз ишинде документтерди (өмүр баян, арыз, мүнөздөмө ж.б.у.с.) толтурууда тилдин көйгөйлөргө көп тушуккан адамдар – мамкызматкерлер, дыйкан чарбаларынын мүчөлөрү, аймактык кеңештин, айыл өкмөтүнүн, аялдар кеңешинин кызматкерлери катышты. Ар бир маала башында, 8 мектепте практикалык иштер дагы уюштурулду.

Жайында 19 маала башында жана Баш-Дөбө, Дөң-Булак айыл өкмөттөрүнүн 2 айылында 2007-жылы “ИРЭТ” КФсынын ишмердүүлүгүнүн алкагында уюштурулган маалыматтык бурчтар документтердин жаңы үлгүлөрү менен жаңыланган. Ар бир маалыматтык бурчта кайра байланышуу жашиги бар, ага жашоочулар өздөрүнүн каалоолорун жана сунуштарын таштап кете алышат. “Маала башыларынын лидерлери өз алдынча иш кагаздарынын мамлекеттик тилдеги тексттерин жазууга аракеттеништи жана кезеги менен маалымат бурчтарын жаңылашты. Жарандар арасында долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында документтерди мамлекеттик тилде толтуруу боюнча райондук, шаардык уюмдардын жетекчилери менен талашып-тартышуу азайды деп ишенимдүү айта алабыз”, — дейт долбоордун координатору Насыров Махаммаджан. 2012–2013-жаңы окуу жылынын башталышына шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын сунушу менен мектептердин мамлекеттик тилди окутуу борборлорунда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү окутуу боюнча сааттар киргизилди.