Нарын шаарында жаштар журналисттик ишмердүүлүктү окуп жатышат жана өздөрүнүн алгачкы репортаждарын, макалаларын даярдашууда. Алар тарабынан даярдалган маалыматтар жергиликтүү телекөрсөтүүнүн эфиринен жана naryn.kg сайтына чыгарылат.

2012-жылдын июлунда Нарын облусунда «Naryn.kg» коомдук фондунун “Жаш журналисттердин жаңы толкуну” долбоору “Сорос-Кыргызстан” Фондунун “ММКларды колдоо” программасынын жардамы менен өз ишин баштады. Долбоордун алкагындагы сынактын жыйынтыгында ММКнын ар кандай түрүндө материалдарды даярдоого машыгууну үйрөнүүнү каалаган 20 жаш адам тандалып алынды. Долбоордун тренерлери жана менторлору: телекөрсөтүүдө иштөө боюнча – Жыпара Садыказиева, радиодо иштөө боюнча Чынара Токтогулова, сайтта иштөө боюнча – Эркингүл Бокоева, гезитте иштөө боюнча Жаркын Ибраевалар болушат.

Жаңыдан үйрөнө баштаган журналисттердин алдындагы негизги милдет – окуп үйрөнүү жана иш жүзүндө өзүнүн аймагы жөнүндө жергиликтүү жашоочулардын маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатуу менен маалыматтарды даярдоо. Макалаларды жана материалдарды жарыялоо үчүн www.naryn.kg сайтында жана күнүгө 5 сааттан көрсөткөн жергиликтүү Нарын ТВ телеканалында маалыматтык аянт бар. Бекитилген графикке ылайык Журналистика мектебинин студенттери материалдарды даярдоонун, журналистиканын эл аралык стандарттарынын, жанрдык өзгөчөлүктөрдүн, маектешүү техникаларынын негиздерин окууну башташты.

Телекөрсөтүү компоненти боюнча тренер Жыпара Садыказиева алар теориялык материалдарын өтүшкөнүн бизге айтып берди. Негизинен кыздардан турган анын тобунда сюжетти кантип даярдоо керектигин, репортаж үчүн идеяларды кантип иштеп чыгууну, маектешүүнү даярдоону талдашты. “Студенттер өздөрүнүн идеяларын алып келишет дагы тажрыйбалуу журналисттер менен чогуу телеге тартууга чыгышат жана сюжет жасоону үйрөнүшөт. Үч студенттин материалы эфирден жаңылык катары жарыкка чыгарылды. Алар материал даярдоого гана жардамдашпай, өздөрүнүн жаңы идеяларын дагы сунушташат. Ар жума сайын биз тема табуу тапшырмасын беребиз. Мисалы, Чынара сюжет үчүн гипстен фигураларды жасаган каарманды тапкан, Канышай Ат-Башыдагы цех боюнча материалды жасоону каалайт. Чкалов атындагы мектептен Чолпон акция өткөрүүнү чечти жана өзү теңдүүлөр менен бирге ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөргө үйлөрүн оңдоп-түзөөгө жардамдашат. Бул сюжет үчүн кызыктуу шылтоо болуп калмакчы. Эгерде материалдын сапаты жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда материалдарды топтоонун жана маектешүүнүн методикасы боюнча азырынча тил тие элек. Окутуунун кийинки этабы – кадрдан сырткары, текстти окуу үчүн жана стендап техникасында, журналист кадрда сүйлөп жатканда кепти түзүү”, – деп окутуунун натыйжалары менен ой бөлүшөт Жыпара Садыказиева.

Гүлзада Аманкулова, Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетинин 5-курсунун студенти, кесиптик билим берүү мекемесинде, негизинен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар билим алгандардын жашоосу жана иштери жөнүндө жаңылык үчүн кызыктуу сюжет даярдаган. Студенттердин ичинен бирөөсү республикалык “Суперинфо” гезити үчүн макала жазып жатат.

«Naryn.kg» фондусунун базасында дасыгын дайыма өркүндөтүп туруу үчүн жаш журналисттерге аянтча ачылат. Ошентип, кесипкөй кадрлар даярдалып, аймактарда ММКлар үчүн кадрлардын жетишпестигинин деңгээли азаярына, биз үмүттөнөбүз”, – деп айтты долбоордун жетекчиси Жаркын Ибраева.