2012-жылдын 6-декабрында (14.00) «Айыл демилгеси» коомдук бирикмеси коомдук угууларды өткөрүү аркылуу жергиликтүү деңгээлде жарандык коом уюмдарын бюджеттик процесске активдүү тартууга көмөк көрсөткөн тажрыйбасын жалпылоого арналган тегерек стол өткөрөт.

Тегерек столдун катышуучулары – жарандык коомдун, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, Каржы министрлигинин, Курулуш жана аймактык өнүктүрүү агенттигинин, ЖӨБ кошуунунун, бейөкмөт жана донор уюмдардын өкүлдөрү. Тегерек столго жергиликтүү деңгээлде жарандык коомду бюджеттик процесске тартуу боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары алынып чыгылат.

Иш-чара «Сорос-Кыргызстан» фондунун «Бюджеттик ачык-айкындык жана отчеттуулук» программасынын көмөгү менен «ЖӨБ органдарынын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсү аркылуу бюджет процессин жакшыртуу жана жарандык коомдун бюджеттик процесске катышуусун баалоо» долбоорунун алкагында өтөт. Долбоордун өнөктөшү «Ачык-айкын бюджет үчүн» альянсы болууда.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерин кароо жана бекитүү да жергиликтүү кеңештердин ачык сессияларында жана коомдук угуулар аркылуу ачык-айкын жана эл алдында өткөрүлүшү керек. Муну менен калкка жергиликтүү бюджетти калыптандыруу процессине активдүү катышууга мүмкүнчүлүк берилет.

Бирок бюджет боюнча маалыматтар жеткиликтүүбү? Жергиликтүү бюджеттин долбооруна өзгөртүү киргизүүгө болобу? Жергиликтүү бюджеттердин долбоору калктын сунуштарын эске алабы? Жергиликтүү бюджетти калыптандырууда коомдук угуулардын ролу кандай? Жергиликтүү бюджетке мониторинг жасоонун кандай усулдары бар жана аларды кандайча колдонууга болот?  Бул жана башка суроолор тегерек столдо талкууланат.

Тегерек столдун катышуучулары коомдук угууларды өткөрүү аркылуу жергиликтүү деңгээлде жарандык коом уюмдарын бюджеттик процесске тартууга көмөк көрсөткөн тажрыйбасы менен бөлүшөт жана жергиликтүү бюджетти калыптандыруу процессине калкты тартуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышат.

Иш-чараны өткөрүү орду: Исанов көч. 40/1 (Кыргызконцепт), 14.00дөн 18.00гө чейин.

«Айыл демилгеси» коомдук бирикмеси – республикалык тармактык уюм, анын бардык облустарда филиалы болуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон өтүшкөн. Бирикменин мүчөлөрү Кыргызстандын 100дөн ашык айылдык аймактарында иштешет.

Уюмдун миссиясы – коомдун укуктук жана социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү аркылуу Кыргыз Республикасында жарандык коомдун, укуктук мамлекеттин курулушуна жана калктын жыргалчылыгынын жакшырышына көмөк көрсөтүү.