КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

ТОО ӨНӨР ЖАЙЧЫЛАР ЖАНА ГЕОЛОГДОР АССОЦИАЦИЯСЫ

720056 Бишкек ш., Медеров көч., 98

Тел: (3312) 4-14-98, 38-77-55

Факс: (3312) 22-28-17


2012-жылдын 7-декабрында “Тоо-геологиялык тармакты (Кен казып алуу тармагынын айкындуулук демилгелери – КТАДдын алкагында) өнүктүрүүнүн азыркы абалы жана келечеги” деген темада илимий-техникалык конференция болот.

Өткөрүү убактысы жана орду. 2012-жылдын 7-декабры, Бишкек ш, “Достук” мейманканасы.

Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын Тоо өнөр жайчылар жана геологдор ассоциациясы, Кыргыз Республикасынын УИАсынын Геомеханика жана кенди өздөштүрүү институту “Сорос-Кыргызстан” Фондунун “Бюджеттик айкындуулук жана отчеттуулук” программасынын колдоосунда

Башталышы 10.00дө.

Конференциянын негизги максаты – республиканын экономикалык өнүгүүсүндө тоо-кен тармагынын ролу жөнүндө калкты кеңири маалымдоо. Иш-чаранын алкагында алдыңкы технологиянын жана техниканын базасында пайдалуу кен казып алуу уюмдарынын, коопсуз эмгек шарттарын түзүү, коррупция менен күчөтүлгөн күрөш маселелери каралат.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн аппаратынын өкүлдөрү, тоо-кен тармагынын жетекчилери жана адистери, министрликтердин, мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү чакырылган. Конференциянын ишине 100гө жакын адам, алардын ичинен – 24тү республиканын аймактарынан катышат. Илимпоздор, адистер, коомдук уюмдар тарабынан 10дон ашык доклад окулат.