“Сорос-Кыргызстан” фондусу колдоого алган долбоордун алкагында профессионалдык медиа практика өтүп жаткан оштук бир топ студенттер оштук таанымал фотожурналист Алексей Осокин менен жолугушушту.

Бүтүн өмүрүн сүйгөн ишине арнаган Алексей Осокин жетимиш жашка чыгып баратсада Ош областтык “Уш садоси” гезитинде иштеп келе жатат. Анын тарткан сүрөттөрү, фоторепортаждары мамлекеттин түштүгүндө гана эмес, бут республикага да белгилүү.

“Кесипкөй медиа практика” долбоорунун алкагында Ош ЖМК ресурстук борборунда өткөн жолугушууда ал фотожурналист кесибинин кыйынчылыктары, сырлары жөнүндө, өзүнүн иш-аракеттери убагында болуп өткөн кызыктуу окуялар жөнүндө болочок журналисттерге айтып берди. Студенттерге мастер-класс өтүп берген кесипкөй аларга фотокамераны кантип туура кармоо керек экендиги, сүрөткө алуучу жайды жана сурөттун фокусун туура тандай билүү сыяктуулар жөнүндө айтып, көрсөтүп берди.

“Эгерде силер кесибиңерди сүйүп, ага толугу менен берилип иштесеңер, жолуңарда пайда болгон тоскоолдуктарды коркпой жеңип өтө аласыздар”, — деди Алексей Осокин жыйынтыгында.

“Акыркы жылдарда өзбек тилдүү журналистика өтө пассивдешип кетти, кадрлар маселеси да татаалдашып турат. Бул жөнүндө биздин “Уш садоси” гезитибизге болгон кайрылууларда да айтылып жүрөт”, — долбоордун ментору Салтанат Файзуллаева. – “Ошондуктан “Сорос-Кыргызстан” фондусу колдоого алган ушул долбоордун бар экендиги, жаштардын практика өтөп жатышы өтө маанилүү”.

Файзуллаеванын айтымында, долбоордун катышуучуларынын арасында студенттерден сырткары журналистикага кызыккан ар турдүү кесиптин окүлдөру, укук коргоочулар да бар. Жакынкы арада ал студенттер үчүн шаардагы типография жана гезиттердин редакцияларына экскурсия уюштурууну эрежелештирип жатат.

Аталган долбоордун алкагында Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында 20га чукул студенттер 2012 жылдын мартынан тартып өзбек тилинда да чыга баштаган “Аалам-Олам” гезтинин базасында кесипкөй медиа практика өтуп жатышат. Жумасына эки жолудан практикалык окуулар уюштурулуп, студенттер жазган макалалар “Аалам-Олам” жана “Уш садоси” гезиттеринде басылууда. Макалалардын бир бөлүгү кыргыз жана орус тилдеринде “Борбордук Азиянын азаттык үнү” www.vof.kg жана www.jalabadnews.kg сайттарында басылууда.

Долбоор “Сорос-Кыргызстан” фондусунун “ЖМКларды колдоо” программасынын колдоосунда “Voice of Freedom” коомдук фондусу тарабынан ишке ашырылууда.