18 декабрада, 11.00 «Кабар» МА пресс-борборунда кыргыз уикипедиячыларынын экинчи жыйынын жыйынтыктары боюнча пресс-конференция өтөт.

Катышуучулар:
1. Лира Самыкбаева, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Маалымат Программасынын координатору
2. Татьяна Шахин-Байло, ЖЧК «Sky Mobile» (ТМ Beeline) коомдук байланыштар боюнча Директору
3. Тынчтыкбек Чоротегин, профессор, т.и.д., «Кыргыз тарых коому» президенти
4. Чоробек Сааданбеков, «Кыргыз уикипедиячыла кыймылы» долбоорунун жетекчиси

7-9 декабрда Чолпон-Ата ш. Кыргыз уикипедиячыларынын экинчи жылдык болуп өттү. Жыйынга кыргыз уикипедиясынын өнүгүүсүнө 2012 ж. жыйынтыгы боюнча көрүнүктүү салым кошушкан мыкты уикипедиячылар, администраторлор, катышышты, тажрыйбалуу уикипедиячылар макалалардын сапатын жогорулатуу боюнча мастер-класстарды жана презентацияларды өткөзүштү.
Жыйын «Кыргыз уикипедиячылар кыймылы» долбоорунун алкагында, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун, алдыңкы уюлдук байланыш оператору Beeline жана «Биздин Мурас» коомдук фондунун колдоосу менен өттү.

Кыргыз уикипедиясында макалалардын саны акыркы мезгилде ылдам өсүүдө: эгер долбоордун башталышында 1300 (2011 март) болсо, 2011 аягында 4500 жеткен болсо, азыркы күндө 21 000 ашты.
Кыргыз Уикипедиясы – кыргыз тилиндеги энциклопедиялык мүнөздөгү маалыматтарды камтыган электрондук энциклопедия. Учурда кыргы уикипедиясында кыргыз кол өнөрчүлүгү, инсандар, биология, география, геология, химия, адабият, тарых, «Манас» эпосу ж.б. тармактар боюнча маалыматтар кеңири берилген жана каалаган интернет колдонуучу ал жерге автор болуп кошула алат. Уикипедия кыргыз тилиндеги сапаттуу, билимий максаттагы маалыматтардын корун өркүндөтүү максаты менен аракеттенип жатышкан колдонуучулардын демилгеси менен алгалоодо. Кыргыз уикипедиячылар кыймылынын калыптанышы менен уикипедиячылардын жылдык жыйынтыктоочу жыйындарын өткөзүү салтка айлана баштады. Мындай жыйындар учурунда жылдын жыйынтыктары чыгарылат, жигердүү катышуучулар арасында талкуулар жүргүзүлөт жана эмки жылкы иш-чаралардын планы иштелип чыгат. Быйылтан тартып кыргыз тилин өнүктүрүүнү көздөгөн долбоорлорду жеке бизнес дагы колдой баштаганы кубандырат. Айтсак, 2012 ж. мыкты уикипедиячыларына өлкөбүздөгү алдыңкы уюлдук байланыш оператору «Beeline» тарабынан баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Кыргыз Уикипедиясынын сапатын жогорулатуу экинчи жыйындын өзөктүк темасы болуп, жаңы баштагандар үчүн жардам бөлүгүн өнүктүрүү, так жана түшүнүктүү эрежелерди түзүп чыгуу боюнча иш-чаралар талкууга алынды жана эмдиги жылдын пландарына киргизилди. Макалалардын санын өсүшү менен сапатка болгон талаптар өсүүдө. Кыргыз Улуттук Энциклопедия борбору менен кызматташуунун аркасында кыргыз уикипедиясынын макалаларында энциклопедиялык маалыматтар колдонулгандыктан өсүштүн саны гана эмес, сапаты да камсыздалууда. Сапаттуу маалыматка болгон талаптын өсүшү өзү эле көрүнүп турат. Мисалга айтсак, 2012 ж. октябрь айында кыргыз уикипедияснын макалаларына 593 000 кайрылуу болгон.

Демилгечи топ Кыргыз Уикипедиясын мындан ары дагы өнүктүрө бермекчи. Жакынкы 1,5-2 жылды ичинде макалалардын санын 100 00 жеткизүүнү, бил ишке дагы көптөгөн окуу жайларын кошууну жана кыргыз тилиндеги билимий мазмундары өнүктүрүү маселелерине мамлекеттин көңүлүн бурууну көздөшүүдө.

Байланыш даректери:
Кыргыз уикипедиячылар кыймылы
Чоробек Сааданбеков
Тел: 0771 70 42 22
E-mail: chorobek@gmail.com
ky.wikipedia.org