2013-жылдын 14-январынан 25-январына чейин Бишкек шаарынын №18 кесиптик-техникалык окуу жайында “тигүү иши” адистигинин студенттери үчүн бизнес-пландаштыруу, социалдык долбоорлоо боюнча мастер-класс өткөрүлөт. Бул долбоордун демилгечилери Демократиянын Жайкы Мектебинин бүтүрүүчүлөрү Ногойбаева Сайкал жана Кулумбетова Дилдекан болуп саналат.

“Экобаштык” долбоорунун идеясы “Сорос-Кыргызстан” Фондунун Жаштар программасы аркылуу Ачык Коом Фондунун “Жаштар демилгелери” программасы тарабынан каржыланган (Youth Action Fund) жаштар үчүн жекече кичи-гранттардын сынагында жеңип алды. Долбоордун автору өзүнүн идеясын ишке ашыруу үчүн 1230 АКШ доллары суммасында каржылык колдоо алды.

Долбоор мастер-класстын катышуучулары жашыл экономиканын негиздери жөнүндө алган билимдерин иш жүзүндө колдонуу сыяктуу, борборду булгоонун себеби катары кызмат кылуучу полиэтилендик баштыктарга атаандаш катары экобаштыктарды тигүүлөрдү караштырат.

Долбоордун теориялык бөлүгүнүн аякташы менен, бир кыйла демилгелүү жана ачык көрүнүктүү катышуучулар тандалып алынып, өнөктөштүк уюм -“Жаштар Демилгелерин Колдоо Фонду” КФсынын тигүү цехине иштөө сунуш кылынат.

Бул долбоордун максаты катышуучуларга мындан ары алардын жумушка орношуу жана иштеп табуу методдорун издөөлөрү үчүн алардын көнүгүүлөрүн колдонуунун мүмкүн болгон ыкмалары жөнүндө билдирүү болуп саналат.

Жаштар демилгелерин колдоо фондунун максаты ачык коомдун идеалдарын алга жылдыруу максатында өздөрүнүн теңтуштарынын көптөгөн санына таасир эте алган жана аларды тарта алган жаштардын айрым топторун табууда, аларга демилге берүүдө жана колдоо көрсөтүүдө турат. Ачык Коом Фонду жана “Сорос-Кыргызстан” Фондунун Жаштар программасы жыл сайын Ачык Коом Фондунун миссиясына дал келүүчү жаштардын алдыңкы демилгелерин кызыктыруу үчүн колдоо көрсөтүү жана чакан гранттарды берүү үчүн ушундай сынакты өткөрөт.

Толук маалымат алуу үчүн төмөндөгүлөргө кайрылууга болот:

Эльвира Калмурзаева, “Сорос-Кыргызстан” Фондунун Жаштар программасынын YAF программасынын координатору, Бишкек ш., Логвиненко көч., 55 А, тел. 0 (312) 66 34 75, ички. (133), E-mail: elvirakalmurzaeva@gmail.com