Өнүктүрүү саясат институту Кыргызстандын ММК үчүн өз долбоорлорунун алкагында ӨСИ пресс-борборунда 25-январда саат 11:00дө Экономикалык журналистика мектебинде “Мен уурдабайм, андыктан декларация толтурам” аттуу пресс-сессия өткөрөт.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу жарандардын өзүнчө категориясы – мамкызматчылар жана ишкерлер эмес, республиканын дээрлик бүтүндөй калкы 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын (БСД) толтуруп жана тапшырууга милдеттүү. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамынын 8-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, ушул жылдан тартып, мындан ары Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу боюнча милдеттеме бардык жарандарга, резиденттерге, ошондой эле бизде экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандар-резиденттерге таркатылган. Ошону менен Кыргызстан мындай практика көптөн бери орун алып келаткан жана жашоо нормасы болуп калыптанып калган цивилдүү өлкөлөр тарапка ишенимдүү кадам таштап жатат. Салык кызматынын алдын ала баасы боюнча, декларацияны 3 миллиондун тегерегиндеги адам толтуруш керек, бул болсо өлкөдөгү эмгекке жарамдуу жарандардын санынан ашып түшүүдө. Себеби БСДны иштебеген пенсионерлер да, стипендия алган студенттер да тапшырууга милдеттүү. Атүгүл кандайдыр бир киреше же актив, мисалы, жөлөк пул, мурас мүлк алган балдары үчүн Мамлекеттик салык кызматынын алдында алардын ата-энелери же асырап алгандар отчет берет.

Жалпы декларациялоонун жогорку тапшырмасы же чыныгы максаты – бара-бара активдердин кыймылындагы айкындуулукту жана коомду тазаруусун арттыруу. Анткени жалпы декларациялоо – бул коррупциялык белгилерди жана укуксуз мамилелерди алдын алууда жана аныктоодо кубаттуу жана туруктуу иштеген мамлекеттик аспап. Бул аспаптын алгачкы жылдары көп деле билинбеген натыйжалуулугу маалымат топтолгон сайын бара-бара арта берет. Анткени ар бир актив өзүнөн өзү пайда болбойт жана жоголбойт, ал формасын өзгөртүшү мүмкүн. Мисалы, адегенде акча болсо, ал кийин машине болуп калат. Эгерде бир декларантта жаңы актив пайда болсо, демек башка декларантта ал жоголду.

  • Декларация дагы кандай максаттарды көздөйт?
  • Бул физикалык жактар үчүн салыктын көбөйүшүнө алып келеби?
  • Салык салынган суммадан кармап калуулар кандай?
  • Жарандардын алардын материалдык абалы тууралуу жашыруун маалыматтарын мамлекет кантип пайдаланат?
  • Салык кызматы жүз миңдеген, миллиондогон даана декларацияны иштеп чыгууга жана текшерүүгө даярбы?
  • БСД тапшыруунун акыркы мөөнөттөрүндө салык инспекцияларында элдин тыгыны пайда болушу мумкүнбү?

Журналисттердин ушул жана башка суроолоруна 2013-жылдын 25-январында Үсөнбаев көч., 44 (Москва көч. менен кесилишет) дареги боюнча жайгашкан Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесинде саат 11.00дө өтө турган пресс-сессия учурунда КР Мамлекеттик салык кызматынын тажрыйбалуу эксперттери жана адистери жооп берет.

Пресс-сессиянын программасы:

Убактысы Аракет / тема Сөз сүйлөөчү / жооптуу
11.00 – 11.40 Жалпы декларациялоо: бул эмне? Татьяна Ким, Салык консультанттарынын Палатасынын башкаруу төрайымы, КР Салык кызматынын Коомдук байкоочулар кеңешинин башчысы,

КР МСК жетекчилери жана адистери

11.40 – 12.00 Суроо-жооп, талкуу Модератор – Лариса Ли, медиа-эксперт
12.00 – 12.30 Кофе-брейк, аймактык журналисттердин административдик маселелери

720021, Бишкек ш., Үсөнбаев көч., 44-үй. Тел. (0312) 976530 (31, 32, 33, 34). Факс (0312) 9765-29

ММК үчүн байланыш:

Нургүл Жаманкулова, Долбоордун менеджери

тел.: (0555) 313-385, (0770) 771-711, э-дареги: njamankulova@dpi.kg

Бишкектик жана аймактык ММК үчүн пресс-сессияга чакыруу

“2013-жылы жергиликтүү бюджеттердеги жаңылыктар”

Биринчи кезекте бул аймактык журналисттерге багытталган. Анткен менен борбордо иштеген журналисттер да өзү үчүн бир топ кызыктуу маалыматтарга ээ болот. Мындан тышкары okmot.kg порталынын жардамы менен бюджеттик маалыматты текшерүүнү үйрөнүшөт. Реалдуу жергиликтүү жамааттардын мисалында ӨСИ эксперттери 2013-жылы жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгү кантип өзгөрөөрүн көрсөтүп беришет.

Пресс-сессия 2013-жылдын 25-январында Үсөнбаев көч., 44 (Москва көч. менен кесилишет) жайгашкан Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесинде өтөт. Башталышы саат 13:00.

Пресс-сессиянын программасы:

Убактысы Аракет / тема Сөз сүйлөөчү / жооптуу
12.00 – 12.30 Кофе-брейк, аймактык журналисттердин административдик маселелери
13.00 – 14.00 2013-жылы жергиликтүү бюджеттердеги жаңылыктар Асылбек Чекиров, Өнүктүрүү саясат институтунун ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун бюджеттер аралык мамилелер боюнча адиси
14.00 – 15.00 Суроо-жооп, талкуу Модератор – Лариса Ли, медиа-эксперт

Иш-чараларды каржылоону Швейцария Өкмөтү, Эл аралык жеке ишкерчилик Борбору (CIPE) жана “Сорос-Кыргызстан” Фонду колдогон долбоорлордун алкагында Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырат.