Журналисттердин жана авторлордун көңүлүнө!

“Өлкөнүн ресурстары – элдин ресурстары” 2013 ММК үчүн УЛУТТУК СЫНАК

Байге фонду 5 000ден 15 000 долларга чейин[*]

“Сорос-Кыргызстан” Фондунун, Швейцария өкмөтүнүн “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун жана башка уюмдардын колдоосу менен Өнүктүрүү саясат институту

Каалаган ММКда журналисттик иликтөө же аналитикалык макала жанрында видеоматериалдарды жазууга же даярдоого улуттук сынак жарыялайт. Төмөнкү темалар сунушталат: бюджеттин айкындуулугу жана натыйжалуулугу (анын ичинде КР Эсеп палатасынын ишмердүүлүгү), тоо-кен тармактарындагы, энергетикадагы жана донордук жардамды бөлүштүрүүдөгү көйгөйлөрдүн анализи.

Өбөлгөлөр

Бюджет – бул коомдук каржы. Ар бирибиз мамлекеттик жана муниципалдык функцияларды жана кызматтарды каржылоого өз салымыбызды казынага түрдүү төлөмдөр аркылуу кошобуз. Бирок көпчүлүгүбүз бул каражаттар кантип чогултулаарын, эң негизгиси кантип сарпталаарын биле бербейбиз. Мамлекеттик каржыны башкаруу чөйрөсүндө көптөгөн көйгөйлөр көрүнүп эле турат, адатта алар натыйжасыз, атүгүл мыйзам бузуулар менен сарпталат.

Өндүрүүчү ишканалардын кирешелери биздин өлкөнүн жаратылыш кендерин колдонуунун эсебинен түшөт жана бардык зарыл болгон чегерүүлөр бюджеттин кирешесин түзөт, ал эми анын көлөмү олуттуу. Бул болсо кыянаттык менен пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт. Жаран катары да, кендердин ээси катары да тоо-кен тармагында эмне болуп жатканы тууралуу билүүгө толук укуктуубуз. Биз алардын кирешелери жана чыгашалары, салыктык чегерүүлөрү, кайрымдуулук ишмердүүлүгү, инвестициялары ж.б. тууралуу билүүгө акыбыз бар.

Донордук жардам – бул башка өлкөлөрдүн эли жана өкмөтү Кыргызстанга жана анын жашоочуларына берген каражаттар. Донордук каражаттарды кыянаттык менен пайдаланууга жана аларды натыйжасыз колдонууга жол берилбейт жана бүт дүйнөдө уяткарылат.

ММК жарандарга көрсөтүлгөн каражаттар кантип сарпталып жатканы тууралуу чоң көлөмдөгү маалымат бере алат. ММК жарандарды ушул процессти көзөмөлдөөгө үйрөтө алат. ММК журналисттик иликтөө жүргүзүп, бул чөйрөдө орун алган мыйзам бузууларды көрсөтө алат. Ал эми бул сынактын милдети – ММКда көрсөтүлгөн темаларга кызыгууну жаратуу.

Сынакты өткөрүүнүн тартиби

Кыргыз Республикасындагы басма, берүү жана интернет ММКда эмгектенген штаттагы жана штатка кире элек авторлорго төмөнкү темаларга жарыяланган же обого чыккан журналисттик иликтөөлөрдү жана аналитикалык материалдарды берүү сунушталат:

  • 2012-2013-жылдардагы республикалык жана жергиликтүү бюджеттер: биз бул тууралуу эмне билебиз?
  • Бюджеттик каражаттарды сарптоодо ачык-айкындуулук (мамкызмат, мамлекеттик сатып алуулар, саламаттык сактоо, билим берүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын башка түрлөрү)
  • Бюджеттик каражаттарды сарптоодо ак ниеттүүлүк жана натыйжалуулук (бюджеттин аткарылышына Эсеп палатасынын таасири)
  • Казып алуучу тармактарда, энергетикада жана донордук жардамда айкындуулук.

Ар бир автор каалаган санда материал тапшырса болот – чектөө жок. Сынакка катышып жаткан материалдардын баары 2012-жылдын 1-сентябрынан 2013-жылдын 30-апрелине чейинки мезгил аралыгында жарыяланыш керек.

Маалымат агенттиктердин сайтындагы жаңылыктардан ылгап алынган формада даярдалган материалдар 1 (бир) материал деп эсептелет.

Сынактык материалдардын тили – кыргызча, орусча.

Жарыяланган иликтөөлөрдүн бардык ылгап алынгандарын, электрондук билдирүүлөрдүн көчүрмөлөрүн, материал обого чыккан күндү жана убактысын көрсөтүү менен эфирдик маалыматнаманын коштоосу менен видео жана радиоматериалдардын көчүрмөлөрүн 2013-жылдын 10-майына чейин, саат 17:00дөн кеч эмес тапшырууңузду өтүнөбүз.

Сынактык комиссия төм. өкүлдөрүнөн турат:

1.                                                                                                                                                                                                                                                                                                      Көзкарандысыз экономикалык журналист,

  1. Жарандар тобунун кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндөгү бейөкмөт уюмдун,
  1. Байге фондун каржылаган уюмдардын өкүлдөрү,
  1. Өнүктүрүү саясат институту

3.                                                                                                                                                                                                                                                                                                      ««Ачык-айкын бюджет үчүн» Альянсы» КЮЛ,

Булар 2013-жылдын 30-майынан кеч эмес аралыкта материалдарды карап чыгат жана жеңүүчүлөрдү аныктайт.

Жеңүүчүлөрдү аныктоонун тартиби

Өнүктүрүү саясат институтунун атынан сынактын катчылыгы басылманын (телекомпаниянын, сайттын) аталышын жана автордун аты-жөнүн көрсөтпөстөн, номурларды коюп эле материалдардын көчүрмөсүн комиссиянын мүчөлөрүнө өткөрүп берет. Ар бир катышуучуга жеке идентификациялык код берилет. Жеңүүчүлөр жана байгелер автоматтык түрдө, катышуучу алган баллдардын санын кошуп, ошонун натыйжасына ылайык тандалат. Эгерде бирден ашуун катышуучу бирдей сандагы баллга ээ болсо, анда ӨСИ долбоорлорунун алкагында окуудан өткөн авторлорго, ошондой эле өлкөнүн региондорунда жашаган авторлорго артыкчылык берилет.

Тандоо критерийлери

Бардык табыштамалар тандоонун төмөнкүдөй критерийлеринин негизинде каралат:

Критерий
Критерийдин салмагы
    Журналисттик иликтөөнүн элементтеринин болгону
    30 %
      Аналитиканын болгону – мезгилдерди салыштыруу, себептерге анализ жүргүзүү, кырдаалдын мындан аркы өнүгүүсүнө божомол
      30 %
        Бюджет, өндүрүүчү тармак, энергетика жана донордук жардам чөйрөсүндөгү маанилүү жана актуалдуу көйгөйлөрдү анализди, жарандардын, адистердин түрдүү пикирлерин ж.б. кошуу менен жеткиликтүү жана натыйжалуу түшүндүрүп берүү.
        15 %
          Алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу (мисалы, жарандардын бюджеттик процесске катышуусу, казып алуучу ишканалардагы айкындуулукка жетүү үчүн башкаруу органдарынын демилгелери) же терс тажрыйбага анализ жана аны алдын алуу (мисалы, коррупция, каражаттарды максатсыз жана сабатсыз сарптоо факттарын ашкерелөө)
          15 %
            Бирин-бири толуктаган жана конкреттүү тематикага арналган иликтөөлөрдүн сериясы
            10 %

            Кошумча “алтын” балл сынактык комиссиянын чечими боюнча көрсөтүлгөн темаларды чагылдырууда өзгөчө салымы үчүн берилиши мүмкүн. Бул салым сынакка берилген материалдардын сапаттык жана сандык көп түрдүүлүгүндө, ошондой эле бюджеттик темалар боюнча терең журналисттик иликтөөлөрдүн циклин өткөрүүдө билиниши мүмкүн.

            Байгелер

            Сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай байгелер берилет. Байгенин суммалары АКШ долларында аныкталган, бирок сынактык комиссия протоколго кол койгон күнкү КРУБ курсу боюнча сом менен берилет. Байгелер төмөнкү номинациялар боюнча тапшырылат (ар бир номинациянын байгелери боюнча деталдуу маалымат кошумча айтылат):

            “Кыргыз тилиндеги мыкты журналисттик иликтөө жана анализ” атайын номинациясы

            Басма ММК үчүн “Өлкөнүн ресурстары – элдин ресурстары” темасын мыкты ачып берүү” номинациясы:

            Эфирдик ММК үчүн “Өлкөнүн ресурстары – элдин ресурстары” темасын мыкты ачып берүү” номинациясы:

            Интернет-ММК үчүн “Өлкөнүн ресурстары – элдин ресурстары” темасын мыкты ачып берүү” номинациясы:

            Сынактын байге фондуна башка демөөрчүлөр пайда болгон учурда Атайын номинациялар киргизилиши мүмкүн.

            Сынактын уюштуруучулары сынакка түшкөн материалдардын санына жана сапатына жараша байге фондун толугу менен колдонбой коюу укугуна ээ. Үнөмдөлгөн учурда андан арткан каражат шыктандыруучу байгеге сарпталат.

            Журналист-жеңүүчүлөрдүн милдеттемелери

            Байгелер “Журналисттер өлкөнүн ресурстарын – элдин ресурстарын ачык-айкын жана акыйкат башкаруу үчүн” салтанаттуу аземи учурунда тапшырылат. Авторлор-жеңүүчүлөр өз макалаларын тапшырып, сынактык материалдарды даярдоонун жүрүшүндө эмнелерди үйрөнгөнү тууралуу айтып берүү милдеттемесин алыш керек. Салтанаттуу аземди өткөрүүнүн болжолдуу мөөнөтү – 2013-жылдын июнь айы.

            Авторлор Өнүктүрүү саясат институтунун атынан сынактын катчылыгына бардык материалдарын жеке өзү, же почта менен төмөнкү даректер боюнча жибериш керек: 720021, Бишкек ш., Үсөнбаев көч., 44 же электрондук почта NJamankulova@dpi.kg же ABuzurmankulova@dpi.kg

            Сынактык материалдарды тапшыруунун соңку мөөнөтү – 17:00,
            2013-жылдын 10-майы.


            [*] 5000 доллар байге фондунда бар, бирок ӨСИ байге фонду үчүн демөөрчүлөрдү издеп жатат. Байге фондуна бардык салыктар жана жыйымдар камтылган