Маалыматка жетүү мүмкүндүгүнө жарандардын укуктарын кантип камсыз кылуу керек, ошол эле мезгилде баланы анын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян алып келүүчү маалыматтан кантип коргоо керек? Ушул жана башка маселелер жарандык активисттер тарабынан боло турган тегерек үстөлдө талкууга алынып чыгат.

2013-жылдын 28-январында саат 14.00дө «Park Hotel Bishkek» мейманканасында “Балдарды алардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого багытталган мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу мамилелери” деген темада тегерек үстөл өткөрүлөт. Иш-чарага КР ЖК депутаттары, мамлекеттик уюмдардын, БӨУлардын, ЖМКлардын өкүлдөрү, бизнес-уюмдарынын эксперттери жана өкүлдөрү катышат.

Бул көйгөйдү талкуулоо ачык маалыматтык мейкиндик балдар үчүн тобокелдикти түзөт, алар өздөрүнүн курактык өзгөчөлүктөрүнө жараша алган маалыматтарды туура баалоого мүмкүнчүлүгү жок болгондугуна жана сын көз менен өзгөртүп түшүнө албагандыгына, маалыматтын терс таасирлерине өз алдынча каршы тура албагандыгына тынчсызданган жарандык коомдун өкүлдөрү тарабынан демилгеленген.

Бул чөйрөдөгү кырдаалдарга талдоо жүргүзүү, ошондой эле балдарды коргоону камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү бар мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу мамилелери ачык талкууга алынып чыгат. Бул “Сорос-Кыргызстан” Фондунун “Коомдук башкаруу” программасынын жардамы аркылуу “АСИМО” Коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылуучу “Балдарды алардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоо боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жарандык катышуу” долбоорунун алкагында талдоо эксперттеринин тобу тарабынан даярдалган.

Долбоордун алкагында ар түрдүү кызыкдар топтор: маалыматты өндүрүүчүлөр жана таратуучулар, педагогика жана психология жаатындагы адистер, билим берүү жаатындагы мамлекеттик органдардын, социалдык коргоо жана укук коргоо түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, жаштар жана ата-энелер менен кеңешүүчү жолугушуулар өткөрүлгөн. Эксперттер жана аналитиктер менен маектер жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында аналитикалык документ даярдалган, ал жалпы элдик талкуудан кийин чечим кабыл алуучу жактарга жөнөтүлөт.