«Кыргызстандын юристтери» Ассоциациясы» коомдук бирикмеси  «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Укуктук программасынын жардамында «Сотторду тандоо боюнча Кеңештин ишинин ачык-айкындыгын жогорулатуу жана потенциалын жогорулатууга көмөк көрсөтүү» долбоорун ишке ашырууда.

Долбоор Сотторду тандоо боюнча Кеңештин ишинин коом алдында ачык-айкындыгын жана отчеттуулугун камсыздоого, талапкерлерди тандоо процедураларын жана критерийлерин өркүндөтүү аркылуу соттордун квалификациялуу курамын түзүүгө, ошондой эле Кеңештин потенциалын жогорулатууга көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Долбоорду ишке ашыруу алкагында Кыргыз Республикасынын төмөнкү: Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын, Баткен, Ош областтарында жергиликтүү соттордун судьяларына талапкерлерге мүнөздөмөлөрдү, арыздарды жана сунуштарды кабыл алуу боюнча  Коомдук кабылдамалар  ачылган. Азыркы убакытта коомдук кабылдама Талас областында ачылды.

«Коомдук кабылдаманын» иши  өзүнө жергиликтүү соттордун судьяларынын кызматтарына талапкерлерге мүнөздөмөлөрдү, арыздарды жана сунуштарды (көрсөтмөлөрдү) кабыл алууну жана каттоону, аларды мындан ары КР Сотторду тандоо боюнча кеңешине тапшырууну жана сынактык тандоо процессине мониторинг жүргүзүүнү камтыйт.

Коомдук кабылдамалар  Кыргыз Республикасынын төмөнкү областтарында ачылган:

Талас областы «Айкөл» Атуулдук Демилгелерди Өнүктүрүү Борбору Коомдук Бирикмеси

Коомдук кабылдаманын координатору: Жумашева Аймира

Иштөө убактысы: 10.00дөн 17.00 гө чейин.

Дареги: Талас шаары, Сарыгулов көчөсү, 77/23

Телефондор: (03422) 53710, 55588.

Ысык-Көл областы «Жаштар Борбору Өнүгүү үчүн» коомдук бирикмеси

Коомдук кабылдаманын координатору: Исмаилов Рустам Мукашевич

Иштөө убактысы: 10.00дөн 17.00 гө чейин.

Дареги: Каракол шаары, ул. Ленин көчөсү, 152

Телефондор: (03922) 55116.

Баткен областы «Инсан Лейлек» коомдук фонду

Коомдук кабылдаманын координатору: Сатыева Гульсана

Иштөө убактысы: 10.00дөн 17.00 гө чейин.

Дареги: Исфана шаары, Стадион көчөсү, 1

Телефондор: (03656)  5-01-04

Жалал-Абад областы «Чинтамани» коомдук фонду

Коомдук кабылдаманын координатору: Галич Валентина Анатольевна

Иштөө убактысы: 10.00дөн 17.00 гө чейин.

Дареги: Таш-Көмүр шаары, Токтогул көчөсү, 4\11

Телефондор: 0(3745) 50162, 0(3745) 50476, факс: 20476

Нарын областы «НАР-ЮСТ» коомдук бирикмеси

Коомдук кабылдаманын координатору: Өмүрбай кызы Чолпон

Иштөө убактысы: 10.00дөн 17.00 гө чейин.

Дареги:  Нарын шаары, Ленин көчөсү, 78

Телефондор: (03522) 5-11-24

Ош областы

«Адам укуктары боюнча Эдвокаси Борбору» Өкмөттүк эмес уюму

Коомдук кабылдаманын координатору: Лилия Камбарова

Иштөө убактысы: 10.00дөн 17.00 гө чейин.

Дареги: Ош ш.,  Ленин көч, 273

Телефондору: (03222) 4-96-01, 2-01- 30

Кошумча маалымат алуу үчүн +996 (312) 56-68-69, 54-27-79 телефондору боюнча же office@aak.kg. электрондук почтасына кайрылсаңыздар болот.

Байланышуучу адам — Чинара Саткыналиева, долбоордун жетекчиси.