“Сорос- Кыргызстан” фонду “ММКларды колдоо” программасынын алкагында “Кыргызстандын санариптик берүүгө өтүүсүндөгү жол картасы” аталышындагы гранттык сынакка долбоордук сунуштарды кабыл алуу башталгандыгы тууралуу жарыялайт.

Сынактын максаты –Кыргызстандын санариптик берүүгө ырааттуулук менен өтүүсүнө, медиа чөйрөсүндөгү пикирлердин ар түрдүүлүгүнүн (плюрализм) өнүгүүсүнө, маалыматтык коопсуздуктун, институттук эстутумдун сакталышына көмөктөшүү.

Сынакты өткөрүүдөгү техникалык тапшырмаларды Сиз http:/soros.kg/archives/13426 шилтемеси боюнча таба аласыз. Өтүнмөлөр кыргыз жана орус тилдеринде ар күн сайын саат 9. 00дөн 17.00гө чейин (тыныгуу 13.00дөн 14.00гө чейин), дем алыш жана майрам күндөрүнөн башка, 2013- жылдын 14 -мартында саат 15.00гө чейин кабыл алынат.

Гранттык долбоордун жогорку суммасы 30000 (отуз миң) АКШ долларынан ашпоосу керек.

Байланышчу тарап: Альмира Дооронбекова, “ММКларды колдоо” программасынын администратору, almira@soros.kg,тел.:0(312) 663475 (кош.139).