“Сорос Кыргызстан” фондунун Укуктук программасы жана Адам укугу жана башкаруу гранттык программасы (Будапешт ш.) “Укук коргоочулук ишмердикти колдоо” сынагына долбоордук сунуштарды кабыл алуу тууралуу жарыялайт.

Сынактын максаты— укук коргоочулук ишмердикти колдоо аркылуу адамдын эркиндигинин жана укугунун сакталышына коомдук көзөмөлдү күчөтүү.

Сынакка катышууга адам укугун коргоо жана алдыга жылдыруу тармагында ишмердигин жүргүзүп жаткан өкмөттүк эмес уюмдар чакырылат.

Долбоордук сунуштар “Жарандык жана саясий укуктарды коргоо” багыты боюнча кабыл алынат. Төмөнкү багыттар артыкчылыкка ээ:

— аялуу топтордун укуктарын коргоо жана алга жылдыруу;

— адам укугун коргоонун эл аралык механизмдерин алга жылдыруу;

— кыйноолорго бөгөт коюу;

— эмгек миграциясы;

Өтүнүч келтирилген долбоордук ишмердик мурда ачыкка чыгарылган жана белгилүү маселелерди чечүүгө багытталышы керек. Адам укугунун сакталышына жасалган мониторинг долбоордук сунуштун бир бөлүгү болушу мүмкүн, бирок анын негизги багыты боло албайт.

Бир эле агартуучулук же билим берүүчүлүк мүнөздү гана камтыган демилгелер каралбайт.

Долбоордук сунуштарды кабыл алуунун жана тандоонун жол жоболору:

  • Долбоордук сунуштар СКФнын гранттык өтүнмөлөрүнүн үлгүлөрүнө ылайык жазуу жүзүндө жана электрондук түрдө таризделиши зарыл;
  • Өтүнмөлөр кыргыз жана орус тилдеринде ар күн сайын саат 9- 00дөн 17-00гө чейин (тыныгуу 13-00дөн 14-00гө чейин), дем алыш жана майрам күндөрүнөн башка кабыл алынат;
  • Долбоордук сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү 2013- жылдын 3-апрелинде саат 15-00гө чейин;
  • Өтүнмө тапшырылган мезгилге карата өтүнмө берүүчүнүн салык кызматына салык төлөө боюнча карызы болбошу керек;

—         Өтүнмө берген уюм толтурулган өтүнмөнү жана сканерден көчүрүлгөн коштоочу документтерди электрондук түрдө applications@soros.kg электрондук дарегине жөнөтө алат.

—         Талап кылынуучу документтердин толук топтомун өтүнмө берген уюм жазуу жүзүндө СКФнын кеңсесине алып келүүсү керек же почта аркылуу, сынактын аталышын көрсөтүү менен, төмөнкү дарекке жөнөтүүсү зарыл: 720040, Бишкек ш. Логвиненко көчөсү- 55-а, “Сорос- Кыргызстан” фонду.

Өтүнмөлөр сынактын мөөнөтү аяктагандан кийин бир айдын ичинде каралат. Толук толтурулбаган же талап кылынган документтерди толук камтыбаган өтүнмөлөр кароого кабыл алынбайт!

Гранттык долбоордун жогорку суммасы 20000 (жыйырма миң) АКШ долларынан ашпоосу керек.

Өтүнмөлөр рецензияланбайт жана кайтарылып берилбейт!

Өтүнмөлөрдүн үлгүсүн жана кошумча маалыматтарды төмөнкү дарек боюнча алууга болот:

“Сорос- Кыргызстан” фонду, 720040, Бишкек ш. Логвиненко көчөсү -55-а,тел.: (996 -312) 66-42-49, 66-34-75, 66-43-06, 66-34-95, 66-43-46, 66-42-18, факс (996 312) 66-34-48.

Байланышчу тарап:

Конулькулов Эмиль, Укуктук программанын администратору- emil@ soros.kg.

Өтүнмөлөрдүн электрондук үлгүсүн “Сорос-Кыргызстан” фондунун www.soros.kg расмий сайтынан көчүрүп алса болот.