2013-жылдын 5 — 6 апрелинде Борбордук Азия жана Монголия боюнча Академиялык Өнүктүрүү Программасы (Программанын аймактык офиси Бишкек ш. Кыргызстан) Борбордук Азиядагы Америка университети менен бирге окутуучулардын жана программанын катышуучуларынын эл аралык академиялык сабактар аралык жолугушуусун өткөрөт.

Бишкекте Азербайжандын, Албаниянын, Армениянын, Босния жана Герцоговинанын, Грузиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Молдованын, Монголиянын, Россиянын, Сербиянын, Тажикстандын жана Украинанын мыкты жождорунда сабак берген 140тан ашык жаш окумуштуу чогулат. Программанын бардык катышуучулары – (Лондон экономикалык мектеби сыяктуу, Оксфорд, Кембридж, Колумбия ж.б. университеттеринин) белгилүү эл аралык университеттердин бүтүрүүчүлөрү.

Бул жолугушуунун учурунда жаш илимпоздор америкалык жана европалык университеттердин профессорлору менен бирге көпчүлүгү биздин өлкөдөн эл аралык академиялык мейкиндикке (макалалар, конференциялар) илимпоздорду алга жылдырууга багытталган, ошондой эле жергиликтүү жождордун окуу программаларын жакшыртуу үчүн жөнөтүлгөн өздөрүнүн илимий долбоорлорунун үстүндө иштешет.

Академиялык өнүктүрүү программасы өзүнүн ишмердигин 2004-жылдан баштаган жана Борбордук, Чыгыш Европада жана Евразияда жогорку билим берүү мекемелерин реформалоо процессине салым кошууга жана жергиликтүү, аймактык жана глобалдуу  деңгээлде көптөгөн академиялык коомдоштуктарды түзүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган. Программа университеттерди жарандык коомдун фундаменталдык бөлүгү катары карайт жана ошол себептен аймактардагы өз алдынча прогрессивдүү жождордогу реформаларды, ошондой эле чет өлкөдө билим алып жаткан талантуу жана келечектүү окутуучуларды мекенине кайтып келүүсүн колдойт. Алардын кесиптик квалификацияларын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү программанын артыкчылыктуу милдеттери болуп саналат.

Академиялык Өнүктүрүү программасы Кыргызстанда гана 70тен ашык кыргызстандыктын өлкөсүнө кайтып келип, жергиликтүү жождордо иштөөсүнө колдоо көрсөттү.

Академиялык Өнүктүрүүнүн Аймактык Программасы (Academic Fellowship Program) – Ачык Коом Фонддорунун жогорку билим берүүнү колдоо программасы — Будапешт менен “Сорос-Кыргызстан” Фондунун биргелешкен долбоору.

Борбордук Азия жана Монголия өлкөлөрүндө Академиялык өнүктүрүү программасынын аймактык менеджери – Элмира Шишкараева, т.и.к. (elmira@soros.kg). Web: www.soros.org/initiatives/hesp/focus/afp

Эл аралык сабактар аралык жолугушуу 2013-жылдын 5-6-апрелинде Борбордук Азиядагы Америкалык Университетинин имаратында өткөрүлөт. Дареги:

Бишкек ш., Абдымомунов көч., 205

Телефондор: +996 312 66 11 19, Web: www.auca.kg