«Кыргыз Республикасынын кагазсыз мектептери» долбоору Кыргыз Республикасынын орто мектептеринин арасында конкурс жарыялайт. Долбоорго катышуу үчүн 7 облустан 7 мектеп тандалып алынат.

«Кыргыз Республикасынын кагазсыз мектептери» долбоору “Сорос-Кыргызстан” Фонду тарабынан каржыланып, “Steps to Success” Коомдук Бирикмеси тарабынан аткарылат.

Долбоордун максаты: Кыргыз Республикасындагы 7 мектепти Билим Берүүдөгү Google Apps кызматына өткөрүү. Мектеп ишмердүүлүгүн санарип кызматына өткөрүү. Google Apps кызматын мектеп мазмунун онлайн ыкмасы менен сактоо жана иштөө.

Июнь-Октябрь, 2013 жж мектептер сайттарын, окуучулардын жана мугалимдердин электрондук портфолиосун түзүшөт. Мектептер долбоордон кийин корпоративдик электрондук почта кызматын, Google куралдарын Билим Берүүдө пайдаланууну үйрөнүшөт. Долбоор Кыргызстандагы биринчи Google Окутуучусу сертификатынын  ээсинин жардамы менен ишке ашат.

Долбоорго катышуу үчүн орто мектептердин директорлору кызыгуу катын bilimkeni.academy@gmail.com дарегине 17.00 саат 15 Июнь 2013 ж чейин жөнөтүүсү зарыл.

Мектептердин конкурстарга катышуу шарттары:

— Компьютер классынын (аз дегенде 10 компьютер) интернетке туташылган болуусу.

— Мектеп администрациясынын бул долбоорго катышууга кызыгуусу.

— Интернет менен иштей ала турган мугалимдин (информатик мугалим болбосо деле) болуусу.  Долбоордун ар бир айында чакан гонорар бул мугалимге долбоордун ишин мектепте алып баруусу үчүн төлөнөт.

Байланышуу үчүн тел: 0770 521138, 0773 790743, 03922 50193