2013-жылдын 24-июлунда медиа-инновациялар лагери өз ишин баштайт (Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектеби), анын алкагында Кыргыз Республикасындагы тандалып алынган басма сөз ЖМКсынын жана онлайн-басылмаларынын 19 журналисти маалыматты даярдоонун жана жайылтуунун жаңы ыкмаларына, Интернеттеги контентти илгерилетүүгө, медиа-менеджменттин техникаларына, ошондой эле полиэтникалык аудитория үчүн обьективдүү макалаларды жазганга үйрөнүшөт.

Россиядан, Украинадан, Казакстандан жана Кыргызстандан келген эл аралык медиа-эксперттер алты күндүн ичинде катышуучуларга мультимедиялык жарыялоолор үчүн сценарий түзүүгө, он-лайн чөйрөдө тексттер менен иштегенге, чөнтөк телефондун жардамы менен санариптик фото жана видеосьемка жүргүзүүгө, мобилдик тиркемелер менен иштегенге, инфографика түзгөнгө, гезиттин веб-сайтын иштеткенге үйрөтүшөт.

Атайын секцияда болсо, чет элдик он-лайн басылмалардын кейсин үйрөнүүгө көңүл бурулуп жана мультимедиянын жардамы аркылуу басылма ЖМК лар кантип акча таба алаары боюнча идеялар ортого салынат. Тренингдер интерактивдүү форматта, теория менен практиканын айкашында өткөрүлөт.

«Дүйнө жүзү барган сайын мультимедиялык, жаңылыктар болсо ыкчам болуп баратат, бирок КР басылма ЖМКлардын жарымынан көбү өзүнүн он-лайн кантентине ээ эмес, бүгүнкү күндүн агымы менен бирге кадам таштабай эле – дейт журналисттер үчүн тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар Мектебинин директору Инга Сикорская. – Биз кыргызстандык ЖМКларга өндүрүштүн жаңы деңгээлине чыгуусун каалайбыз, жаңы контент чыгарууга, медиалык рынокто теңтайлаша ала турган, аудиторияга сапаттуу жаңылыктарды бере турган мүмкүнчүлүк түзүп бергенге жардам кылгыбыз келет».

Алган билимдерди толук кандуу ишке ашыруу үчүн медиа-инновациялардын Лагеринин акыркы күнү «Идеялар парады» сынагы ойнотулуп, анда техникалык көмөк жардам берилет.

Сынактын жыйынтыгы боюнча комиссия тарабынан жети мыкты долбоор тандалып алынат. Жеңүүчү ЖМКларга мультимедиялык контентти өндүрүү үчүн зарыл болгон жабдуулар сатылып берилет.

Долбоор “Арачылардын  Элдештирүүчү Тармагы” Коомдук фондунун, Сорос-Кыргызстан Фондунун жана АКШгы Демократияны илгерилетүү улуттук институтунун (NED) “ЖМКды колдоо” программасынын каржылоосунун алкагында ишке ашууда.

***

Долбоор жөнүндө:

“Арачылардын Элдештирүүчү Тармагы” коомдук фондунун Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектеби (School of Peacemaking and Media Technologies) 2010-жылдын июнунда, жаңжалдан кийинки мезгилде жергиликтүү журналисттик коомдоштукту окутуу жана анын дараметин куруу үчүн  түзүлгөн.

Тынчтыкты орнотуу медиа-мектебинин кесипкөй эксперттери менен тренерлердин командасы жергиликтүү репортерлорго стереотиптерден жана клишелерден арылууга, душмандыктын образын жеңүүгө жана ар түркүн этникалык жамааттардын ачык баарлашуусуна, талаш-тартыштан кийин коомду медиа, жаңы медиа-технологиялардын жардамы менен калыбына келтирүүгө жардам беришет. Медиа-мониторингдин Аналитикалык Тобу ЖМКдагы контенттин душмандашуу тилинин жана конфликтогендик стереотиптеринин камтылышына изилдөө жүргүзөт. Бул изилдөөлөр тренингдик материалдарды иштеп чыгуу үчүн негиз болуп берет, ошондой эле журналисттик стандарттарды жакшыртуу боюнча рекомендацияларды түзүүгө жардам берет.

Кабарчылар үчүн туруктуу түрдө иштеген жайкы жана кышкы Тынчтыкты  орнотуу медиа-мектебинин алкагында  тынчтыкты сактоо инструменттери, ар кандай этностук топтордун ортосунда маек түзүү, эл алдындагы дискурста душмандыктын тилин жеңүү жана инновациялык медиа-технологияларды илгерилетүү боюнча көп деңгээлдүү тренингдер жана вебинарлар өткөрүлүп турат.

Камилла Асыранкулова

«Медиа-инновациялар лагери» долбоорунун координатору

720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Манас пр., 101/1

Тел: +996 312 694015, 694016, моб: +996 778 692 893

Email: peacemakingschool@gmail.com

www.ca-mediators.net сайтына шилтеме