Сорос-Кыргызстан” Фонду Кыргызстандын жарандарынын арасында “Ачык коомго карай бирге” сынагын жарыялайт.

“Сорос-Кыргызстан” Фонду (СКФ) – эл аралык бейөкмөттүк жеке фонд – коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө коомдук институттарды жана демилгелерди өнүктүрүүнү колдоого умтулат. Мында ачык коом буларды: тиричилик аракетинин бардык чөйрөлөрүндө пикирлердин ар түрдүүлүгүн жана эркиндигин; өнүккөн укуктук мамлекетти; социумдун бардык мүчөлөрүнүн өнүгүүгө тең укуктуу катышуу мүмкүнчүлүгүн билдирет.

Сынактын максаты – сүрөткө түшүрүү, эссе жана сүрөт тартуу түрүндө чыгармачыл иш аркылуу ачык коомдун баалуулуктарын чагылдыруу.

 

Эгерде сиз активдүү позицияда болсоңуз…

Эгерде сиз Кыргызстандын көйгөйлөрүнө көңүл кош болбосоңуз…

Эгерде сизде көйгөйлөрдү чечүүнү көрө алсаңыз…

Эгерде сизди ачык коом принциптери кызыктырса…

Анда бул сынак Сиз үчүн…

 

Сынактын номинациялары:

— «Ачык коом: ачык көз караш» сүрөткө түшүрүү

— «Ачык коом менин түшүнүгүмдө» эссе

— «Ачык коомду мен кандай көрөм» сүрөт тартуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Сүрөткө түшүрүү сынагынын шарттары

«Ачык коом: ачык көз караш»

 

Катышуучулар: Кыргызстандын аймагында жашаган жана республикада өз ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырган КР жарандары.

Сүрөткө түшүрүүнүн тематикасы:

Сынакты өткөрүү ачык коом темасы боюнча сүрөт архивин түзүүгө жана жарандарды социалдык көйгөйлөрдү издөө жана чечүү процессине тартууга багытталган. Сынактык материалдардын мазмуну “Сорос-Кыргызстан” Фондунун ишмердүүлүгүнүн 9 багыты боюнча (ишмердүүлүк жөнүндө толук маалымат www.soros.kg сайтында) конкреттүү кырдаалдарды ар тараптан чагылдырышы, чыныгы көйгөйлөрдү ачуусу жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун көрсөтүүсү керек.

Сүрөткө түшүрүү үчүн темалар:

— реформа контекстинде билим берүү

— адам укугу

— өнүгүү контекстинде жаштар

— укуктук кызмат көрсөтүүлөргө жетүү контекстинде эмгек миграциясы

— медициналык кызмат көрсөтүүлөргө аялуу топтордун жетүүсү

— искусство жана маданият

— маалыматка жетүү

— сөз эркиндиги

— бюджеттик ачык-айкындуулук

Сүрөткө түшүрүүнү тандоонун критерийлери

— көйгөйлөргө жаңыча көз караш;

— таасирдүүлүк;

— шексиздик;

— кызыктуу сюжет

Формат

Сынак үчүн сүрөткө түшүрүү jpg форматында 1200*900 пиксель максималдуу уруксаты менен, 500 кбга чейин көлөмдө болушу керек. Берилген сүрөттүн баштапкы түрү – узуну тарабынан 800 пикс. уруксаты менен санариптик JPEG-файлында. Финалга катышууга тандалган сүрөткө түшүрүүлөр чоң уруксатта (3000 пикс) суралышы мүмкүн.

Финалга чыккан учурда сынакка катышуучу басуу үчүн түшүрүлгөн сүрөттүн түпнускасын берүүгө милдеттүү. Иш автордук болушу керек. Ар бир катышуучу иши менен бирге өзүнүн иши жөнүндө кыскача таржымал (100 сөздөн ашпаган) берет, анда ишинде камтылган негизги маалыматтар берилет.

Иштин саны

Бир катышуучу 1 иш жөнөтө алат.

 

Сынакты өткөрүүнүн этаптары:

  1. Сынакты жарыялоо датасы – 2013-жылдын 16-майы
  2. Ишти кабыл алуу – 2013-жылдын 20-майынан 26-августун кошуп
  3. Жыйынтык чыгаруу – бир ай аралыгында
  4. Лауреаттарды сыйлоо – 2013-жылдын 20-сентябры

 

Сыйлык фонду

Биринчи орун – 15 000 сом

Экинчи орун – 10 000 сом

Үчүнчү орун – 5 000 сом

Ишти жөнөтүү үчүн байланыштар:

720 040, Бишкек, Логвиненко көч. 55 А (Фрунзе менен кесилишет).

“Ачык коомго карай бирге” сынагына (фотоcүрөт) деп жазуу менен contestsoros@gmail.com электрондук дарекке.

 

“Ачык коом менин түшүнүгүмдө”

эссе сынагынын шарттары

Сынактын максаты – Кыргызстандын өсүп келе жаткан муунуна ачык коом түшүнүгүн көрсөтүү. Мында ачык коом буларды: тиричилик аракетинин бардык чөйрөсүндө пикирлердин ар түрдүүлүгүн жана эркиндигин; өнүккөн укуктук мамлекетти; социумдун бардык мүчөлөрүнүн өнүгүүгө тең укуктуу катышуусуна мүмкүнчүлүктү билдирет.

Катышуучулар: жогорку класстын окуучулары жана ЖОЖдордун студенттери.

Эссенин тематикасы:

Дилбаян өсүп келе жаткан муундун ачык коомду көрө билүүсүн, анын өнүгүү жолун жана жетишкендик методдорун ачып көрсөтүүсү керек.

Тандоо критерийлери:

— таасирдүүлүк

— баяндоонун кызыктуу формасы

— кыскалык

Сынакты өткөрүүнүн этаптары:

  1. Сынакты жарыялоо датасы – 2013-жылдын 16-майы
  2. Ишти кабыл алуу – 2013-жылдын 20-майынан 26- августун кошуп
  3. Жыйынтык чыгаруу – бир ай аралыгында
  4. Лауреаттарды сыйлоо – 2013-жылдын 20-сентябры

Формат

Дилбаян кол менен жазылышы же компьютерде басылышы керек, көлөмү 1000 сөздөн ашпоосу керек. Автордун аты-жөнү, классы, курсу, билим берүү мекемеси көрсөтүлөт.

Дилбаяндын тили

Кыргыз, орус

 

Сыйлык фонду

Биринчи орун – 15 000 сом

Экинчи орун – 10 000 сом

Үчүнчү орун – 5 000 сом

Сынакка жөнөтүлгөн иштер рецензияланбайт жана кайтарылып берилбейт. Сынактын уюштуруучулары автордук укукту сактоо менен сынакка катышууга келип түшүп, тандалып алынган материалдарды кийин пайдалануу укугун өзүнө калтырат.

 

Ишти жөнөтүү үчүн байланыштар:

720 040, Бишкек, Логвиненко көч. 55 А (Фрунзе менен кесилишет).

“Ачык коомго карай бирге” сынагына (эссе) деп жазуу менен contestsoros@gmail.com электрондук дарекке жибересиз.

 

“Ачык коомду мен кандай көрөм” сүрөт тартуу сынагынын шарттары

 

Сынактын максаты – Кыргызстандын өсүп келе жаткан муунуна ачык коом түшүнүгүн көрсөтүү.

Сынак ар бир катышуучуга теманы өзүнүн түшүнүүсүн чагылдыруусуна мүмкүндүк түзөт, өзүнүн сезимин билдирүү мүмкүндүгүн берет, ошондой эле сүрөтчүнүн, шөкөтчүнүн талантын даңазалайт.

Сынактын катышуучуларынын жашы: 1-8-класстын окуучулары. Мектептин, лицейдин, гимназиянын жана башка билим берүү мекемелеринин окуучулары, ошондой эле жаш категориясы туура келген бардык каалоочулар. Сынакка катышуу жекече.

Сынакты өткөрүүнүн мөөнөтү: 2013-жылдын май – августу

 

Сынакты өткөрүүнүн этаптары:

  1. Сынакты жарыялоо датасы – 2013-жылдын 16-майы
  2. Ишти кабыл алуу – 2013-жылдын 20-майынан 26-августун кошуп
  3. Жыйынтык чыгаруу – бир ай аралыгында
  4. Лауреаттарды сыйлоо – 2013-жылдын 20-сентябры

 

 

Тартылган сүрөттүн тематикасы:

Тартылган сүрөт ачык коом темасы боюнча өсүп келе жаткан муундун пикирин ачып көрсөтүүсү керек.

Тандоо критерийлери:

— чыныгылык

— таасирдүүлүк

Формат

  • Бир катышуучудан А4 форматындагы бир сүрөт.
  • Сүрөт тартуу акварель, гуашь, компьютердик графика техникасында аткарылышы керек.
  • Автордун аты-жөнү, классы жана жашы, билим берүү мекемеси көрсөтүлөт.

Сыйлык фонду

Биринчи орун – 15 000 сом

Экинчи орун – 10 000 сом

Үчүнчү орун – 5 000 сом

Ишти жөнөтүү үчүн байланыштар:

720 040, Бишкек, Логвиненко көч. 55 А (Фрунзе менен кесилишет).

“Ачык коомго карай бирге” сынагына (сүрөт) деп жазуу менен contestsoros@gmail.com электрондук дарекке жибересиз.

 

Сынактын жалпы шарттары

Сынакка жөнөтүлгөн иштер рецензияланбайт жана кайтарылып берилбейт. Сынактын уюштуруучулары автордук укукту сактоо менен сынакка катышуу үчүн келип түшүп, тандалып алынган материалдарды кийин пайдалануу укугун өзүнө калтырат. Калыстар тобу тандап алган иштер фонддун көргөзмөлөрүндө, отчеттордо жана башка маалымат продукцияларында пайдаланылат.

 

Калыстар тобу

Сынакка берилген иштер калыстар тобу тарабынан бааланат, анын курамына фонддун кызматкерлери, фонддун Көзөмөлдөө кеңешинин өкүлдөрү, эксперттер кирет. Калыстар тобу Сынактын жыйынтыгына түшүндүрмө бербөө укугун өзүнө калтырат.