Медиа-инновациялар Лагери Кыргызстандын басылма жана он-лайн ЖМКларынын журналисттерине кесиптик деңгээлин гана жогорулатканга шарт түзбөстөн, мыкты мультимедиалык долбоор үчүн сынакка катышканга  мүмкүнчүлүк берди.

2013-жылдын 24-июлунан 29-июлуна чейинки аралыкта журналисттер мультимедиалык мозаика, фото, видео жана инфографика жасоонун заманбап ыкмалары боюнча, мультимедиалык сценарийлерди түзүү, жөнөкөй сайттарды ачуу, Интернете контентти илгерилетүү, медиа-менеджменттин техникасы, полиэтникалык аудитория үчүн  объективдүү макалаларды жазуу боюнча  кыска мөөнөт ичинде сабактарды алышты.

Сабактардын баардыгы интерактивдүү формата өткөрүлдү жана алынган билимдер иш жүзүндө пайдаланылды. Тренинг маалында эле катышуучулар өзүнүн веб-сайтын иштеп чыгышты, маалыматтардын он-лайн корун жана текшерүү-баракчасын түзгөндү үйрөнүштү, сайттарда интерактивдүү фотолорду жайгаштырууну, визуалдык элементтерди бир мультимедиалык маалыматка бириктирүүгө үйрөнүштү.

«Мен журналисттердин каражаттарды өздөштүрүүгө чын дилинен кызыгуусун, каалоосун, ынтызарлыгын байкадым» — деп өз оюн бөлүштү Москвадан келген тренер Оксана Силантьева – «Бир күндө эле биз алты эң татаал сервисти өздөштүрүп койдук. Ошону менен катар топтун баардык катышуучулары биргеликте абдан катуу ылдамдыкта карманып, билим алышты. Мындай мамиле чындыгында мени суктандырды».

Алма-Атадан келген, медиа-менеджмент боюнча тренер Гулим Амирханова Лагердин катышуучуларын социалдык тармактардын маркетингине жана медиапландоо техникасына  үйрөттү.

«Тренингге чейин мен биздин сайттагы каталар жөнүндө эч кабардар болгон эмес экенмин – дейт «Жумгал KG» маалымат порталынын башкы редактору Мирбек Асаналиев — Эми, медиа-инновациялар Лагеринин жардамы менен мен алардын үстүндө иштегенге даярмын».

Тренингдин акыркы күнү журналисттер табыштама жазышып, анда мультимедиалык социалдык долбоорлор жана өзүлөрүнүн редакцияларын модернизациялоону ишке ашыруу боюнча бир топ кызыктуу идеяларды сунуштушкан.

Тутумуна медиа-эксперттер кирген көз карандысыз комиссия үч сааттык талкуудан кийин жети жеңүүчүнү тандап алып, аларга техникалык көмөк алууга сертификат тапшырышты.

Мыкты деп табылган жалпы маалымат каражаттарынын өкүлдөрү:

Жалал-Абад шаарынан «Аймак» (Этника аралык мамилени жакшыртуу боюнча долбоор);

Сүлүктү шаарынан «Шахтер жолу» (Түркүн медианы пайдалануу менен калктын маалымдуулугун жогорулатуу);

Бишкек шаарынан «Финансист» («Интерактивдүү он-лайн платформаларды түзүү аркылуу экономикалык маалыматтын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү»);

Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаарындагы «СуЛей-Инфо» гезити («Райондун жашоочуларынын социалдык проблемаларын маалымат  таркатуу жана процесске тартуу аркылуу чечүү»),

Ош шаарынан «Данек» гезити («Жаш, мультимедиалык журналисттерди даярдоо жана контентти илгерилетүү»),

Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылынын «Жумгал KG» веб-сайты («Райондо маалыматтын тартыштыгын жоюу»),

«АКИpress-Ош» маалымат агенттиги, («Жаштар медиа-демилгелери калкка көмөк катары»).

Жеңүүчүлөргө август айы ичинде керектүү жабдуулар (ноутбуктар, смартфондор, диктофондор) жиберилет,  интернет, хостинг жана веб-иштелмелердин акысы төлөнөт.

«Жеңишке жетүү (сынакта) мага ишенимдүүлүктү берди, бирок ошону менен катар бизге чоң жоопкерчилик да жүктөлдү — дейт комиссия тарабынан алгачкылардан болуп жактырылган катышуучулардын бири, Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы «Шахтер жолу» гезитинин башкы редактору Гулмира Абдуназарова. – Азыр биз ишмердүүлүгүбүздүн жаңы стратегиясын иштеп чыгабыз» — дейт ал.

Дагы бир жеңүүчү, Баткен облусунун Исфана шаарындагы «СуЛей-Инфо» гезитинин башкы редактору  Абдиллабек Авазов тренинг маалында калктын социалдык көйгөйлөрүн жергиликтүү бийлик менен биргелешип интерактивдүү сайта чечүү боюнча идея келгендигин билдирген. «Биздин редакциянын алдында ачылган мүмкүнчүлүктөр жөнүндө ойлогонумда толкунданып кетем!» — дейт Авазов.

Долбоор “Социалдык медиаторлор тармагы” Коомдук фонду  тарабынан уюшулуп, Сорос-Кыргызстан Фондунун жана АКШнын Демократияны илгерилетүү Улуттук институтунун (NED) «ЖМКны колдоо» программасын финансылоо алкагында ишке ашырылууда.

 

Долбоор жөнүндө:

“Арачылардын Элдештирүүчү Тармагы” коомдук фондунун Тынчтыкты  орнотуу жана медиа-технологиялар  мектеби (School of Peacemaking and Media Technologies) 2010-жылдын июнунда, жаңжалдан кийинки мезгилде жергиликтүү журналисттик коомдоштукту окутуу жана анын дараметин түзүү үчүн  түзүлгөн.

Мектептеги кесипкөй эксперттер жана тренерлердин командасы жергиликтүү репортерлорду стереотиптеринен жана клишелеринен арылуу, душмандын образын жеңүү, түркүн этностордун ортосундагы ачык диалогду түзүү, медиа  аркылуу коомду талаш-тартыштардан кийин мамилесин кайра калыбына келтирүү, жаңы технологияларды өздөштүрүү  боюнча билим берүүнү ийгиликтүү жүргүзүп келет.

Медиа-мониторингдин аналитикалык Тобу ЖМКдагы контенттин душмандашуу тили жана конфликтогендик стереотиптери боюнча изилдөө менен алпурушууда. Бул изилдөөлөр тренингдик материалдарды жана журналисттик стандарттарды иштеп чыгуу үчүн негиз болуп кызмат кылат.

Туруктуу түрдө иштеген жайкы  жана кышкы Тынчтыкты орнотуу  медиа-мектебинин алкагында кабарчылар үчүн тынчтыкты  сактоо инструменттери, ар кандай этностук топтордун ортосунда маек түзүү, эл алдындагы дискурста душмандыктын тилин жеңүү жана инновациялык медиа-технологияларды илгерилетүү боюнча көп деңгээлдүү тренингдер жана вебинарлар өткөрүлүп турат.

 

Камилла Асыранкулова

«Медиа-инновациялар лагери» долбоорунун координатору

720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Манас пр., 101/1

Тел: +996 312 694015, 694016, моб: +996 778 692 893

Email: peacemakingschool@gmail.com

www.ca-mediators.net сайтына шилтеме