«Кагазсыз мектептер» долбоорунун иши тууралуу айтуудан мурда, азыркы билим берүү системасындагы акыбал тууралуу кеп кылсак.

Азыркы учурда Кыргызстандагы мектептер мындан отуз жыл илгери кандай иш алып барса, азыр деле ошол бойдон иштөөдө. Мисалы кагаз менен абдан көп иш алып барышат. Бул журнал, күндөлүк, сабактардын тизмеси, мектеп гезити, календардык пландары, мектептин уставы жана башка укуктук-нормативдик документтердин кагаз түрүндө болуусу жана толтурулуусу.

Азыр кайсы мектепке барбайлы, эшиктен киргенде эле сабактардын тизмеси (расписание) ватман кагазда карандаш, калем сап менен толтурулган. Улам-улам оңдоло берип кагаздын сапаты кетип, тешиле турган болуп калган. Андан ары биздин көзгө дубалдардагы мектеп гезиттерин көрөбүз. Көптөн бери жаңыртылбаган мектеп жашоосунан сүртүмдөр. Ал гезитти окуш үчүн мектепке барыш керек. Гезиттен соң биз мугалимдердин кабинетине барабыз. Журнал издеген, талашкан мугалимдер. Мисалы 9- А класстын чейрегин чыгарыш керек, ондогон мугалим бул класска сабак берет, бирок журнал бирөө гана. Ал журнал жоголуп кетиши да ыктымал. Кайра кайра окуучулардын аттарын калем сап менен жүз жолу бул журналга класс жетекчиси жазат. Канча убакты кетет? Мектеп директору бир кабар айтыш үчүн мектеп линейкасын өткөрөт. Ал күнү сабакка келбей калган окуучулар жаңылыктарды укпай деле калышат. Мындан соң мугалимдердин жылда календардык пландарын колго жазып жүргөнүн көрөсүң, ал кагаздар жоголот. Бул документти (жылда кайталанып туруучу) бекитиш үчүн окуу иштери боюнча мектеп директорунун орун басарынын артынан чуркап жүрүү керек. Ал эми класстарда окуучулардын чыгармачылык папкалары кагаз түрүндө болот. Ал папкалар окуучу мектепти бүтөөрү менен жоголот.

Азыр биз 21-кылымда жашайбыз. Бул кылымды Маалымат Технологиялар доору деп аташат. Интернет, технологиялар, уюкфондор (чөнтөк телефону), компьютер жана планшеттер биздин жашоого ыкчам аралашты. Бул технологиялардын билим берүүгө тийгизе турган таасири зор.

Азыркы учурдагы дүйнө жүзүндөгү эң ири интернет корпорациялардын бири бул – Google. Бул интернет алпы мектептер жана ЖОЖдор үчүн Билим Берүүдөгү Google Apps кызматын ишке киргизген.

Бул кызматты алгачкы жолу Кыргызстанда “Сорос-Кыргызстан” Фондунун Маалымат Технологиялар программасынын каржылоосу менен “Steps to Success” бейөкмөт уюму “Кагазсыз мектептер” долбоорунун алкагында колдонду.

Эми бул кызмат тууралуу жана биздин долбоор ал кызматтарды кантип пайдаланганы жөнүндө айта кетсек:

Биринчиден азыркы учурда мектептин сайттары болуусу керек. Бул кызмат мындай сайтты ачууга акысыз Google Sites кызматын сунуштаган. Мектептин, класстардын, ар бир окуучунун, мугалимдердин, мектеп директорлорунун сайттарын ачса болот. Программисттин жардамы жок, окуучу жана мугалимдер өздөрү түзө алат. Биздин долбоор Кыргызстандын жети облусундагы жети мектепти конкурс аркылуу тандап алган. Алар төмөнкүлөр жана долбоор алкагында түзүлгөн сайттар:

1. “Олимп” орто мектеби, Ош шаары http://www.osholimp.info/

2. Т.Сатылганов мектеп-лицей-интернаты, Каракол шаары http://www.tslyceum.info/

3. №62 орто мектеп, Бишкек шаары http://www.62bishkek.info/

4. Чкалов орто мектеби, Нарын шаары http://www.chkalovnaryn.info/

5. Кочкорбаев орто мектеби, Талас облусу http://www.kochkorbaev.info/

6. №14 орто мектеби, Жалал-Абад шаары http://www.sch14gja.info/

7. “Ысык-Көл” орто мектеби, Исфана шаары http://www.schysykkol.info/

 

 

 

 

Бул сайттарда мектептердин жалпы иш пландары, мугалимдердин календардык жана күнүмдүк сабактарынын пландары, сабактардын тизмеси (расписаниеси), мектеп жаңылыктары, мектеп тууралуу маалыматтар, жетишкендиктер тууралуу фотогаллереялар, укуктук нормативдик документтер (устав, мектепке кабыл алуу шарттары), мектеп ийримдери тууралуу маалыматтар жана башкалар камтылган.

 

Эми бул сайт аркылуу мектеп жаңылыктарын 5-10 жыл мурун бүтүрүп кеткен бүтүрүүчүлөр Бишкекте, Москва же Парижде болобу окуп тура алышат. Саргайып кагазда мектеп дубалдарында илинбейт. Мектеп гезитин сайтка окуучулар өздөрү жайгаштырышат. Мисалы ар бир мектепте журналист болом деген окуучулар бар. Беш-он окуучу биригип, бирөө редактор, бирөө кабарчы болуп макалаларды даярдап, сайтка жайгаштырышат. Бул биздин долбоор аркылуу аткарылган мектеп гезитин бул дарек аркылуу окуп көрүңүздөр http://www.osholimp.info/

 

Ал эми мектеп уставдары мектеп директорлорунун сейфтеринде катылып турчу. Биздин долбоор бул уставдар эч кандай сыр эмес экендигин, ал документ ачык турушу керектигин көргөздү. Мисалы Кыргызстандын же АКШнын Конституциясы эч кандай сыр эмес, аны эл талкуулап, бул же башка мамлекетте мыйзам кандай экенин көргөзүп турат. Мектеп уставы дагы, бул же башка мектептеги мыйзамдар кандай экенин аныктоочу документ. Мисалы азыр окуучулардын мектепке хиджаб кийип келүүсү чоң саясатка айланды. Ал эми эгерде мектеп уставдары мектеп формасы тууралуу, кандай кийим кийип келүүгө уруксаат берилген же берилген эмеси тууралуу маалыматты камтуусу абзел. Ошондо окуучунун ата-энеси мектепке бала берүүдөн мурда мектептин сайтына кирип, устав менен таанышып чыгат. Бир мектепте эркин форма кийип жүрүүгө болот, ал уставда жазылган, экинчи мектепте болбойт. Ал мектептин эрежеси менен таанышкан соң, ата-эне бир чечимге келет. Мисалы бул устав мектеп сайтында жайгашкан: http://www.chkalovnaryn.info/normativnye-dokumenty

 

Мугалимдердин сайттары алардын илимий эмгектери, жетишкендиктери, сабак тесттери жана пландары, Power Point презентациялары, жана башка маалымат камтылган. Мисалы мугалим сертификат алды. Ал сертификатты бул сайтка жайгаштырып койсо болот. Мисалы бул мугалимдердин сайттарын карап көрүңүздөр: https://sites.google.com/a/osholimp.info/sajt-po-oivt/

https://sites.google.com/a/tslyceum.info/mugalimdin-sajty/

 

Окуучулардын сайттары окуучунун дилбаяндарын, тарткан сүрөттөрүн, спорт жаатындагы видеолорун, жазган ырларын камтыйт. Бул санарип маалымат окуучунун портфолиосу, сайты же чыгармачылык папкасы болуп калат. Мисалы: https://sites.google.com/a/osholimp.info/sajt-9-beta-klassa/

 

Азыр биз электрондук почта менен баарлашабыз. Бирок мектептер бул кызматты көп колдонушпайт. Mail.ru, Rambler.ru сайттарында почталар бар, бирок аны жеке иштер боюнча гана колдонобуз. Ал эми биздин долбоор алкагында мектеп директорунан баштап, бардык мугалим жана окуучунун корпоративдик электрондук почталары бар. Мисалы azhaparov@tslyceum.info бул мектеп директорунун почтасы, бул asyrdybaeva@tslyceum.info мугалимдин почтасы. Мектеп директору бардык окуучу жана мугалимге жеке же жалпы электрондук каттарды жөнөтө алат. Бардык почталар бир системада болгондуктан мектеп директору интернет аркылуу ар бир мугалимдин сайтына кирип, окуу пландары, илимий эмгектери тууралуу тааныша алат.

 

Ал эми Twitter кызматы аркылуу биздин мектептер мектеп жаңылыктарын окуучу жана мугалимдерин уюкфондоруна СМС аркылуу маалымат жөнөтөт. Бул кызмат акысыз, жана мектеп жашоосуна жаңылык киргизет. Мисалы эртең ишембиликке окуучулар чыгышы керек, ал үчүн Твиттер аркылуу жөнөтүлгөн маалымат түз эле окуучу, мугалимдердин телефондоруна түшөт. Мисалы бул мектептин Твиттер кызматы: https://twitter.com/tsl_okuuchu

 

Биздин долбоор 2013 жылдын Июнь айынан- Ноябрь айына чейин мектептер менен иш алып барды. Мындан ары мектептер бул долбоорду өз алдынча аткарышат. “Кагазсыз мектептер” тууралуу маалыматты http://bilimkeni.kg сайты аркылуу алсаңыз болот.