Бишкекте 28-ноябрдан 29-ноябрга чейин Ак-Кеме мейманканасында Кыргызстандын, Казакстандын, Украинанын, Молдованын, Армениянын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүнү катышуусу менен «ВИЧ-инфекция эпидемиясын таратууга каршы аракеттенүүдө укук коргоо органдарынын ролу» деген темада тегерек үстөл өткөрүлөт.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы менен биргеликте Чыгыш-Батыш СПИД Фондусунун, «Сорос-Кыргызстан» Фондусунун, БУУнун программасынын жана Баңгизаттар жана кылымыштуулук боюнча БУУнун башкармалыгынын колдоосунда уюштурулган.

Тегерек үстөлдүн максаты ВИЧтин алдын алуу программасын паландаштыруу жана ишке ашыруу процессине укук коргоо органдарын бир кыйла жигердүү тартуу үчүн укук коргоо органдарынын, саламаттык сактоо секторлорунун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен сүйлөшүү жүргүзүү болуп саналат. Бул иш-чара өткөн жылы Киевде болуп өткөн ВИЧ-инфекциянын алдын алуу темасы боюнча Борбордук Азиянын жана Чыгыш Европанын аймактарынын ичинен укук коргоо органдарына аймактык кеңеш берүүлөрүн улантуу болуп саналат.

Тегерек үстөлдүн программасында өлкөлөрдөгү ВИЧтин кырдаалында баңгизатты ийне сайып пайдалануунун таасирин жана баңгизатты пайдалануу чөйрөсүндө аймактын жана өлкөнүн деңгээлинде тенденцияларды жалпылоо, баңгизатты ийне сайып пайдалануучулардын жана секс-кызматчыларынын арасында ВИЧтин алдын алуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн оңтойлуу чөйрөнү түзүүдө укук коргоо органдарынын ролу берилет.

Ошондой эле катышуучулар СПИД боюнча улуттук программаларды ишке ашырууда укук коргоо органдары менен жарандык секторлордун ортосундагы байланыштарды жана кызматташууларды күчөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жана ВИЧти жугузуп алуудан ички иштер органдарынын жеке курамын коргоону, жумушчу орунда алдын алууну кошуп, камсыз кылуу маселелерин талкуулашат.

Тегерек үстөлдүн жыйынтыгы менен ВИЧтин алдын алуу чөйрөсүндө укук коргоо органдарынын ишмердүүлүктөрүн активдештирүүгө мүмкүндүк түзүүчү сунуштарды иштеп чыгуу пландаштырылууда.

Чыгыш Европада жана Борбордук Азияда ВИЧ эпидемиясы көбөйүп, баңгизаттарды пайдалануунун коркунучтуу формалары келип чыгууда. БСУ/ЮНЭЙДСтин баалоосу боюнча аймактардын өлкөлөрү дүйнөдө ВИЧ эпидемиясы бир кыйла жогорку темп менен өсүп жаткан мамлекеттердин катарына кирет.

Аймактардагы өлкөлөрдө баңгизатты мыйзамсыз пайдаланууга каршы күрөшүүдө укук коргоо органдарынын ролу башкача түшүнүлүшү керек деген түшүнүк бар. Укук коргоо органдары ВИЧ эпидемиясынын алдын алууга олуттуу салым кошуу менен, зыянды азайтуу мамилелерин жайылтууга активдүү катышуу аркылуу, коомдо баңгизаттардын бүлгүнгө алып баруучу таасирине каршы күрөшүүдө алардын маанилүү роль ойноосу өзгөчө абалда турат.

 

Иш-чараны өткөрүү убактысы: 9.00 – 17.00