“Санариптик берүүлөргө өтүүгө байланыштуу КР мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” деген темада коомдук талкуу 2013-жылдын 10-декабрында саат 9.30да Бишкектеги “Алтын ажыдаар” мейманканасында өткөрүлөт. Жалпы элдик талкууга ушул чөйрөдөгү ченемдик базаларды өзгөртүү боюнча зарыл чаралар жөнүндө сунуштар коюлган. Талкуулоо үчүн сунуштар эксперттер тобу тарабынан “Сорос-Кыргызстан” Фондунун “ММКларды колдоо” Программасынын “КРда санариптик телеберүүгө өтүү саясаты: жарандык коомдордун талдоолору жана сунуштары” долбоорунун алкагында даярдалган.

Бул талкуу тиешелүү ченемдик-укуктук базаны түзмөйүнчө КРда санариптик телеберүүгө өтүүнү камсыз кылуу мүмкүн эмес экендигине ишенген КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана “Санариптик Кыргызстан” Жарандык Альянсынын өклдөрү тарабынан демилгеленген. Медиа рыногунун керектөөлөрүн, маалыматка жана бүтүндөй өлкөнүн маалыматтык коопсуздугуна жетүүгө жарандардын укуктарын эске алуу менен санариптик телекөрсөтүүгө жай салмактуу жана кыйынчылыксыз өтүүнү камсыз кылуучу мыйзам базаларын иштеп чыгуу үчүн убакыт келди.

Консультацияга Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин депутаттары, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, КР Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү, мамлекеттик уюмдардын, БӨУ, ММК, улуттук жана жеке телерадиокомпаниялардын өкүлдөрү жана байланыш операторлору, эксперттер жана бизнес уюмдарынын өкүлдөрү катышат.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын “Лицензиялык уруксат берүү системасы жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Электр жана почта байланыштары жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Телекөрсөтүүлөр жана радиоуктуруулар жөнүндө” Мыйзамына, тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Токтомунун Долбооруна Эфирдик санариптик жер үстүндөгү берүүлөрдүн программаларынын социалдык пакети жөнүндө сунуштар талкууланат.

“Санариптик телеберүүгө өтүү саясаты: жарандык коомдордун талдоолору жана сунуштары” долбоорунун алкагында 2014-жылы январда чечимдерди кабыл алуучу жактар үчүн, санариптик телеберүүгө өтүүнүн бардык аспектилери: Кыргызстан үчүн санариптик телеберүүгө өтүүнүн бир кыйла жагымдуу сценарийлерин жана дүйнөлүк мыкты практикаларды чагылдырган талдоо документи даярдалган.

 

Бардык маселелер боюнча сиздер “КРда санариптик телеберүүгө өтүү саясаты: жарандык коомдордун талдоолору жана сунуштары”  долбоорунун координатору Роза Мырзабековага
0555 737267 телефону же E-mail:
rosa.myrzabekova@gmail.com боюнча  кайрыла аласыздар.