КР Саламаттык сактоо министрлигинин жана «СоросКыргызстан» Фондунун «Коомдук саламаттык сактоо» программасынын колдоосунда «Үйбүлө жана коом» КБсы 2006-жылы декабрда менталдуу көйгөйү бар адамдарга жардам көрсөтүү программасы менен чыккан. Анын алкагында өлкөнүн пилоттук аймактарында психиатрлар, психотерапевтер, психологдор жана социалдык кызматкерлердин шаймашай командасынын ооруканадан сырткары жамааттык психосоциалдык жардам көрсөтүүнүн эсебинен комплекстүү мультидисциплинардык мамилени өнүктүргөн.

 

Долбоордун алкагында Ош, Баткен, Нарын, Талас жана Каракол шаарларында мультидисциплинардык команда түзүлгөн. Жалпысынан долбоор менен Кыргызстандын беш аймагынан (Ош, Баткен, Талас, Нарын, Каракол) 40 үй-бүлө жана Бишкек шаарынан 189 үй-бүлө камтылган, психикалык жактан ооруган адам бар үй-бүлөлөргө үйлөрүнө 14 196 чакыруулар жүзөгө ашырылган. 1116 баштапкы консультациялар көрсөтүлгөн. Үй-бүлөгө барууда төмөндөгүлөр аткарылган: фармакологиялык дарылоолор коррекциясы, кризистик кийлигишүү планын түзүү, жөлөкпулга документтерди тариздөөгө жана жумушка орношууга жардам, дары-дармектерди алууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле үй-бүлөлүк психотерапия сеансын өткөрүү.

 

— “Кыргызстандын шарттарында комплекстүү мультидисциплинардык психосоциалдык жардам системасы үй-бүлөнүн артыкчылыктарына багытталышы керек, – дейт “Үй-бүлө жана коом” КБсынын жетекчиси Лилия Пантелеева. – Төмөнкүдөй кызмат көрсөтүүлөрдү: бейтап үчүн дагы, анын туугандары үчүн дагы үзгүлтүксүз психологиялык билим берүү интерференциясын, оорунун баштапкы белгилерин идентификациялоонун көндүмдөрүн түзүүнү жана өз алдынча дары-дармектерди ичүүнү, коммуникациялык көндүмдөрдү жакшыртуу боюнча тренингди камтышы керек. Комплекстүү мультидисциплинардык психосоциалдык жардам – стационардык дарылоонун узактыгы 6,6 %га, ал эми ооруканага жаткыруу 12,6%га гана азайганга салыштырмалуу, Кыргызстандагы шизофрениеси бар бейтаптарга жалпы кабыл алынган дарылоодон дарыланган бейтаптарда ооруканага жаткыруу жыштыгы 70,2%га жана стационардык дарылоонун узактыгы 80,3% пайызга шексиз азайтууга мүмкүндүк берет”.

 

“Сорос-Кыргызстан” Фонду бул долбоорду колдойт, анткени ал 2014-жылга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ишке ашырууну пландаштырган психиатриялык кызмат көрсөтүүлөрдүн системасын реформалоо компетенттеринин бири болуп саналат жана саламаттык сактоо мекемелериндегидей бейтаптарга көрсөтүлгөн кызматтын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк түзүп, жардам көрсөтүүнү коомдоштуктарга жакындатат.