«Сорос-Кыргызстан» фондусунун Жаштар программасы аркылуу «Нарындын жаш лидерлери» коомдук бирикмеси тарабынан «Business Camp-2014» аталыштагы бизнес форуму өтөт.

Жаштар үчүн, жаштардын жаңы бизнес долбоорлорун сунуштоо жана аларды ишке ашыруу үчүн боло турган бул форум, 27-28 — январда Нарын жаштар ордосунда өтөт. Долбоор өзү 10-январдан 5-февралга чейин жүргүзүлөт.

Форумдун максаты — облустун бардык райондорундагы жаштардын баштарын бириктирүү жана бизнес долбоорун жазууну, бизнести анализдеп аны ишке ашырууну камтыйт.

Бизнес форумда «маркетинг», «менеджмент», «бизнести пландоо» жана базар тармагын анализдөө жагы практика жүзүндө көрсөтүлүп үйрөтүлөт.

Нарын областындагы жаш ишкерлердин бизнестери көрсөтүлөт жана алардын катышуусунда өтөт. Форумга жалпы 100дөн ашык жаш активисттер катышып, өздөрүнүн бизнес долбоорлорун сунушташат. Ага облустун бардык райондорунан келген катышуучулардын жол кире, тамак-аш, жатаканасы уюштуруучулар тарабынан төлөнүп берилет. Аталган форум 27-28-январь күндөрү өтүп, 2-күнү эң мыкты жазылган 30 бизнес долбоору кабыл алынып, алар комиссияга көрсөтүлөт.

Алдыңкы мыкты жазылган бизнес долбоорлорго баалуу белектер берилет.

 

Форумда максаты күч, жигердүү, өз бизнесин ачам деген жаштар колдоого алынат.