“Сорос-Кыргызстан” Фонду өз өнөктөштөрүнө 2014–2017-жылдарга стратегияны ишке ашыруусу жөнүндө маалымдайт.

2014-жылдын башында “Сорос-Кыргызстан” Фонду 2014–2017-жылдарга стратегияны ишке ашырууга киришет. Жаңы стратегия фонддун салттуу багыттарын – адам укуктарын, коомдук саламаттык сактоону, маалыматка жетүүнү, кен казып жана энергетика тармактарындагы айкындуулукту жана социалдык өзгөрүүлөргө жаштарды тартууну камтыйт.

Тең укуктуулук, акыйкаттык жана айкындуулук “Сорос-Кыргызстан” Фондунун негизги артыкчылыктары болуп саналат. Стратегиянын алкагында бул үч тема негизги максатты түзөт. Бүгүнкү күндө Фонд өзүнүн ишмердүүлүгү менен көңүл борборуна алган программалардын алкагында 5 тематикалык тармакты аныктады.

“Коомдук саламаттык сактоо” программасы коомдук саламаттык сактоо кызматына муктаж калктын аялуу алсыз топторунун тең укуктарын камсыз кылууга багытталган идеяларды колдоону көздөйт.

Билим берүүчү программа атайын билим берүү керектөөлөрүнө муктаж балдар, социалдык аялуу топтордун балдары үчүн билим берүүгө жетүү мүмкүндүгүн жакшыртуу үчүн шарттарды түзүүнүн үстүндө иш алып барат. Программа дагы коомдун консолидациясынын борбору катары мектептердин ролун күчөтүү максатында полимаданий жана полиэтикалык билим берүү чөйрөсүн башкаруу куралдарын жана ченемдерин илгерилетүүгө көмөктөшөт.

Укуктук программа адам укуктарын коргоо, мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам көрсөтүү системасын жакшыртуу жана кыйноолорду, жаман мамиле жасоолорду колдонуу фактыларын изилдөө жана натыйжалуу документ жүргүзүү жаатында эл аралык стандарттарга жооп берген жазык сот иштерин жүргүзүү системасын реформалоо максатын коет.

Жаштар программасы жаштардын өз ара аракети жана байланышы үчүн аянттарды жана жаңы форматтарды киргизүү аркылуу жаштарды өнүктүрүүнүн туруктуу чөйрөсүн түзүүгө багытталган. Программа социалдык өзгөрүү процесстерине жаштарды тартуунун, жаш активисттердин мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүнүн жана бүтүндөй аймактык жаштардын кызматташуусуна көмөктөшүүнүн үстүндө дагы иш алып барат.

“Жаратылыш ресурстарын башкаруу” программасы инвесторлор менен жергиликтүү бийлик органдарынын, жарандар менен башкаруу институттарынын ортосундагы сүйлөшүүнү жана кызматташууну өнүктүрүүгө, коомдорду жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө тартуу механизмдерин жана натыйжалуу куралдарын издөөгө багытталат.

“Маалымат эркиндиги” программасы санариптик берүү, ачык билим берүү ресурстарына жетүү жана улуттук азчылыктын тилинде маалыматка жетүү мүмкүндүгү маселелери сыяктуу, үч негизги тармактарда маалыматка жетүү менен кырдаалды жакшыртууга умтулат.

“Сорос-Кыргызстан” Фонду 20 жыл ичинде Кыргыз Республикасында жарандык коомду түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн негизги институттарынын бири болуп саналат. бул жылдар аралыгында Фонд тарабынан өлкөбүзгө 79 миллиондон ашык доллар бекер келип түшкөн.