Без имени-1 Инновациялык технологиялар жана билим борбору”  коомдук кору,  Сорос-Кыргызстан” Корунун “Маалымат эркиндиги” программасынын каржылоосу менен  ХХ кылымдагы кыргыз композиторлорунун музыкалык мурастарынын электрондук китепканасы ” аттуу долбоорун ишкер ашырды.

Маалымат булактары катары Кыргыз Республикасынын Композиторлор Союзунун Музыкалык фондусунан улуу композиторлор Абдылас Малдыбаевдин, Мукаш Абдраевдин, Аскар Тулеевдин, Сейдалы Медетовтун жана Акмат Аманбаевдин өз кол тамгалары менен жазылган, 50 жылдан ашуун архивде сакталып калган чыгармалары (клавирлери жана партитуралары) жаңы сан ариптеги форматка өткөрүү боюнча тандалып алынды. Бул чыгармалар кайрадан заманбап технологиялардын жардамы менен жаңы жашоосуна жол ачылды.

Долбоор 4 айга созулуп, 2013 жылдын сентябрь айынан 2014 жылдын январь айына чейин өттү. Бул долбоордун негизинде 400 барак , эскирип калган чыгармалар ноталык баракка кайра терилип, PDF  форматка өткөрүлдү жана ошондой эле 2000 барак А3 форматындагы партитуралардын барактары сканерден өткөрүлүп, PDF  форматында сакталды.

Долбоор өз ишин аяктагандан кийин 300 даана диск чыгарылып, Кыргыз Республикасындагы баардык музыкалык окуу жайларга таратылды. Алардын арасында К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясы, Б.Бейшеналиева атындагы  Кыргыз Мамлекеттик Маданият жана Искусство Университети, М. Куренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы, М. Абдраев атындагы Республикалык музыкалык мектеп-интернаты, П. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектеби жана Кыргыз Республикасынын Композиторлор Союзу дагы бар.

Өз убагында бул чыгармалар кара сыя, туш  жана калем менен жазылган экен. Баардык чыгармалар кагаз түрүндөгү баштыкчаларда сакталып турат. Убакыттын өтүшү менен – бул чыгармаларды жоготуп алуу коркунучу бар, анткени суу тийип калса , нукура жазуусун жоготуп коет экен.

Бул проекттин алкагында тандалып алынган улуу инсандардын кичине өмүр баяны менен тааныштырып коелу.

МАЛДЫБАЕВ  АБДЫЛАС  МАЛДЫБАЕВИЧ (1906 – 1978)                                                    

Композитор, СССР дин Эл артисти (1939). Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси (1970), Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер.  СССР композиторлор союзунун мүчөсү (1937).

АБДРАЕВ МУКАШ АБДРАЕВИЧ (1920 – 1979)

Композитор, Кыргыз ССРнин Эл артисти (1974). Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси (1974),.  СССР композиторлор союзунун мүчөсү (1942).

ТУЛЕЕВ АСКАР (1920 – 1963)

Композитор, СССР композиторлор союзунун мүчөсү (1942).

АМАНБАЕВ АКМАТ АМАНБАЕВИЧ (1920 – 1964)

Композитор, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер ( 1963) .  СССР композиторлор союзунун мүчөсү (1942).

МЕДЕТОВ СЕЙДАЛЫ МЕДЕТОВИЧ  (1928 – 1958)

Композитор, СССР композиторлор союзунун мүчөсү (1949).

Биздин долбоор – биринчилерден болуп кыргыз музыкасынын композиторлорунун электрондук китепканасынын башаты болуп, кийинки проекттерди дагы жазууда өз үзүрүн берет деп терең ишенебиз.