“Санариптик берүүлөргө өтүү жана аны өнүктүрүү: кырдаалды баалоо жана жарандык коомдун сунуштары” деген аналитикалык документтин бетачары «Park Hotel» отелинде 2014-жылдын 1-апрелинде саат 9.30да өтөт. Бул документтин максаты – санариптик берүүгө өтүү боюнча мыкты жана мүмкүн болгон практикаларды, анын ичинде санариптик берүүгө өтүүнүн бир кыйла оптималдуу жолун көрсөтүү менен Кыргызстандын тажрыйбаларын баяндап изилдөө, ошондой эле жарандардын жана азыркы берүүлөрдүн укуктарын, эркиндиктерин эске алуу менен санариптик берүүгө мүмкүн болушунча ачык-айрым, инклюзивдик жана өз убагында өтүүгө көмөктөшүү.

Документ санариптик берүүгө өтүү жана өнүктүрүү боюнча саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү жана азыркы кырдаалдарды талдоону көрсөтөт, Кыргызстан үчүн санариптик телеберүүгө өтүүнүн бир кыйла жагымдуу сценарийин жана мыкты дүйнөлүк практиканы баяндайт, санариптештирүүгө байланыштуу коркунучтарды жана мүмкүнчүлүктөрдү келтирет, ошондой эле аймактарды киргизүү, жергиликтүү улуттук аудиовизуалдык продуктыларды өнүктүрүү, маалыматтык коопсуздуктар, КР чек ара аймактарын камтуу сыяктуу маанилүү маселелер боюнча сунуштарды берет. Маалымат коопсуздугун сактоо, КРда сөз эркиндигин бекемдөө, атаандаш медиа рыногун өнүктүрүү боюнча сунуштар даярдалган. Кыргызстандын санариптик берүүгө өтүүсүнүн даярдыгын эксперттик баалоо, радио-телеберүү саясатынын субъекттери, жарандык коомдор, мамлекеттик органдар менен көп сандаган кеңешүүлөрдүн негизинде түзүлгөн.

Бул аналитикалык документ КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда “Сорос-Кыргызстан” Фондунун “Маалымат эркиндиги” программасынын алкагында “Санариптик Кыргызстан” коомдук уюмунун Альянсынын эксперттеринин тобу тарабынан иштелип чыккан.

Бетачарда КРда санариптик телекөрсөтүүгө өтүү жана аны өнүктүрүү боюнча жана ошол чөйрөдө ченемдик базаны өзгөртүү боюнча зарыл чаралар жөнүндө эксперттердин сунуштары берилген. Кеңири кеңешүүлөрдөн жана макулдашуулардан кийин Кыргыз Республикасынын “Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө”, “Электр жана почта байланыштары жөнүндө” ошондой эле “Кыргыз Республикасында лицензиялык уруксат берүү системасы жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүүлөр берилет.

Бетачарга Жогорку Кеңештин профилдик комитеттеринин депутаттары, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, КР Транспорт жана коммуникация министрлигинин, Кыргызтелекомдун, Экономика министрлигинин, жеке жана улуттук берүүлөрдүн, ассоциациялардын, байланыш операторлорунун, БӨУлардын, ЖМКлардын өкүлдөрү, эксперттер жана бизнес-секторлордун өкүлдөрү катышат.

2014-ж. апрелде “Санариптик берүүлөргө өтүү жана аны өнүктүрүү: кырдаалды баалоо жана жарандык коомдун сунуштары” деген аналитикалык документ эки тилде жарыяланып, кеңири коомчулукка тартууланат.

Бардык маселелер боюнча силер “КРда санариптик телеберүүлөргө өтүү саясаты: талдоолор жана жарандык коомдун сунуштары” долбоорунун координатору Роза Мырзабековага 0555 737267 телефону же  E-mail: rosa.myrzabekova@gmail.com электрондук почтасы боюнча кайрыла аласыңар.