DSC_0561Мамлекеттик инвестициялардын эң пайдалуу салым чөйрөсү

 

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

2014-жылдын 19-апрелинде саат 10.00дө Калык Акиев көчөсүнүн 117-үйүндө жайгашкан “Soluxe” мейманканасында жогоруда аталган темада тегерек үстөл өткөрүлөт. Тегерк үстөлдүн максаты – Кыргызстанда Эрте кийлигишүү Кызматынын системасын түзүүнүн маанилүүлүлүгүн коомдун жана бийликтин түшүнүүсүнө жетишүү болуп саналат.

Тегерек үстөлгө Кыргызстандын жаш курактагы балдарынын майыптуулугунун алдын алууга жана азайтууга кызыкдар жоопкерчиликтүү, компетенттүү жактар чакырылат. Тоң районунун 8 айылында эки жыл аралыгында “Сорос-Кыргызстан” Фонду менен Социалдык өнүктүрүү министрлигинин финансылык колдоосунда биз ишке ашырган Эрте кийлигишүү программасынын сапаттуу методологиясы мүмкүнчүлүгү чектелген 20 баланын өнүгүүсүнө жана алардын үй-бүлөлөрүнө олуттуу таасир этти. Коом жана ата-энелер Эрте кийлигишүү программасынын натыйжалуулугуна, балдарды инклюзиялоонун куралы катары, ишенүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Статистика мындай, 70%дан ашык 0 жаштан 3 жашка чейинки бала оорукчан болуп төрөлүшөт, абалы начар болот же эрте жаштагы куракта өнөкөт ооруларына ээ болот. Көйгөйдүн актуалдуулугу төмөндөгүлөрдөн турат: биринчиден, бул муун, анын интеллектуалдык экономикалык өнүгүү деңгээли жакынкы он жылдыкта Кыргызстандын келечегин аныктайт; экинчиден, калктын бул тобун, алардын социалдык тиричиликке көнүктүрүү жана турмушунун сапатын жакшыртуу үчүн дарылоого, ден соолугун чыңдоого жана социалдык камсыздоого мамлекеттин экономикалык чыгымдары керек.

Эрте курактагы баланын мээси бир кыйла ийкемдүү жана абилитацияга берилет, баланын компенсатордук мүмкүндүгүн жогорку чекте натыйжалуу пайдалануу керек. Балага адекваттуу комплекстүү эрте жардам берүү баланын өнүгүүсүндөгү жетишпестиктерди азайтууга, же натыйжалуу алдын алууга мүмкүндүк берет.

Азыр гана дүйнөлүк коомчулук өнүгүүнүн токтоп калуулары жана бузулуулары сыяктуу кубулуштарды түшүнүүдө. Маселен, абдан өнүккөн Чили өлкөсүндө ымыркайлардын жана бөбөктөрдү жалпы улуттук изилдөө, айрыкча, кедей турмушта жашаган үй-бүлөлөрдүн арасында эрте жаш курактагы балдардын өнүгүүсүндө кечигүүнүн жогорку деңгээлин табышкан.

Эрте жаш курактагы балдардын өнүгүү системасына инвестициялардын кайтарымынын көрсөткүчүн изилдөөлөрдүн бир тобу ар бир жумшалган доллардын 2 доллардан 17 долларга чейин өзгөрүлөрүн белгилеген. Ушул жана башка изилдөөлөрдүн натыйжасында алдыңкы эл аралык мамлекеттик чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатуу 29 артыкчылыктуу тармактардын ичинен инвестициянын биринчи жана абдан пайдалуу чөйрөсү эрте курактагы балдардын өнүгүү чөйрөсү деп таанышты. Адам капиталын өнүктүрүү салымынын мыктысы жана бир кыйла экономикалык натыйжалуусу болуп, эрте курактагы балдардын өнүгүүсү жана эрте кийлигишүү программасы саналарын турмуш көрсөтүүдө.

Атайын билим берүү жана ден соолукту чыңдоо кызматтарына эрте кийлигишүүнү инвестициялоо балдарды балдар үйүндө жана интернаттарда багууга кеткен чыгымга караганда, көп эсе аз, анын үстүнө мындай мамиле бир кыйла гумандуу, натыйжалуу жана ал бала менен үй-бүлөгө багышталарын билдирет. Эрте кийлигишүү жөнүндө Мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алуу Кыргызстандын жарандарына алардын балдарынын толук кандуу жана акылдуу адамдардан болуп өсүүсүнө Кыргызстандын саясатчыларында умтулуу бар экендигин даңазалайт. Сиздерди тегерек үстөлдүн жүрүшүн кеңири коомчулукка чагылдырууга катышууга чакырабыз. Журналисттер үчүн акредитация талап кылынбайт.

 

Ли Антонина, +0777 970970