«Арачылардын Элдештирүүчү Тармагы” Коомдук фондунун Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектеби “Сорос – Кыргызстан” Фондунун финансылык колдоосу менен ишке ашырыла турган “ЖМК аркылуу ар түрдүүлүктү жайылтуу” деген жаңы долбоорду жарыялоодо.
Долбоор маданий жана этникалык ар түрдүүлүк боюнча контентти өнүктүрүүгө, КР ЖМКдагы этника аралык диалогдун конструктивдүү ролун күчтөндүрүүгө, ар кандай тилдеги маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган, толеранттуулукту жайылтуу.
Долбоордун алкагында ар түрдүүлүк темасын чагылдыруунун деңгээли жана оригиналдуу медиа контенттердеги ар кыл тилдердин суроо-талаптары анализге алынат. Бул изилдөөнүн негизинде адистер толеранттуулукту, көп тилдүүлүктү, жарандык өзүн таанууну тарбиялоону максат кылган ар түрдүүлүктү таратуу идеясынын механизмин иштеп чыгышат.
Мунун дагы бир негизги компоненттери катары этника саясатынын ишке ашырылышына жооп бере турган бийлик өкүлдөрүнүн, саясатчылардын, илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун жана жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусундагы коомдук дебаттар болот. Талкуунун жыйынтыгы боюнча аудториянын ар түрдүүлүк жана тил укуктарынын маселелериндеги маалымдуулукту жогорулатуу боюнча конкреттүү сунуштар иштелип чыгат.
Мындан бөлөк, жогорку компетенттүү чет элдик машыктыруучулардын алдында жергиликтүү телеканалдардын, радиостанциялардын жана он-лайн репортерлорунун редакцияларда ар түрдүүлүктү уюштуруу маселелеринде маалымдуулугун жогорулатуу, көп маданияттуу коомдо репортаждарды даярдоо көндүмдөрүнө үйрөтүү, азчылыктардын укуктарын чагылдыруу, дискриминациялык көрүнүштөрдү жоюу ошондой эле мультимедиялык технологиялар боюнча семинарлар уюшулат.
Журналисттер сапаттуу контентти түзүү жана ар түрдүүлүктү жайылтуу идеясын ишке ашыруу үчүн күчтүү мотивация алышат.
Долбоордун ишке ашырылышынын этаптары боюнча маалымат “Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектебинин” (www.ca-mediators.net) жана «Сорос – Кыргызстан» фондунун ( www.soros.kg) сайтында, социалдык тармакта
(
https://www.facebook.com/peacemakingkg?ref=hl) жарыяланат жана электрондук таркатмада жөнөтүлөт.
Уюм жөнүндө:
“Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектеби Кыргызстанда жана Борбор Азияда тынчтыкты орнотуучу журналистиканы алгалатууга, тынчтыкты орнотуунун механизмдерин үйрөтүүгө, обьективдүү жана адилеттүү журналистиканы орнотууга, аймактардагы репортерлорду жаңы медиялык технологияга үйрөтүүгө, ЖМКда жана Интернетте душмандашуу тилине изилдөө жүргүзүүгө багытталган. “Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектебинин” алкагында көп деңгээлдүү тренингдер жана вебинарлар өткөрүлөт, студенттер жана медиа-волонтерлорду даярдоо жүргүзүлөт.
Алика Карабаева,
“ЖМК аркылуу ар түрдүүлүктү жайылтуу” долбоорунун координатору.
720044, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Манас пр., 101/1
Тел: +996 312 694015, 694016, моб: +996 772 21 32 57
Email: peacemakingschool@gmail.com
Сайттын дареги: www.ca-mediators.net