Бишкек шаарында биринчи жолу өткөрүлүүчү урбанистикалык форумга даярдыктардын алкагында, “Жаштар маданий борбору” Коомдук фонду Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте ”Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосунда  «Бишкек – UPGRADE» аталышындагы долбоорлордун жана идеялардын конкурсун өткөрүүдө. Конкурс шаарды өнүктүрүү жана жакшыртуу максатында өткөрүлүп (шаардын борборун, чет жакаларын, жаңы конуштарды), шаарды жана анын аймактарын өнүктүрүү боюнча жаштардын инновациялык, активдүү ишмердигине багытталган.

Шаарды шаар тургундары түзөт жана шаарды өнүктүрүүнүн бир дагы стратегиясы шаардыктардын катышуусусуз ийгиликке ээ болбойт.

Биз шаарды элге кайтарып берүүнү сунуш кылабыз жана келечекте шаарды шаар бийлигинин, коомдук уюмдардын, пикирлештердин тобу, бизнес компаниялар менен бирге курабыз.

Долбоордук активдүүлүктүн негизги багыттары:

Бишкек ыңгайлуу шаар. Шаарда жашоо, келип кетүү жагымдуу, сизди ал жерде күтүшөт, жакшы көрүшөт, сизге дайыма ыңгайлуу. Баардык адамдар үчүн ушундай болууну шаарга сунуш кылып көрүңүзчү.

Сиздин идеяларыңыздын масштабы өзүңүздүн чакан корооңузга тиешелүү сыяктуу ири объекттерге, аймактарга да тиешелүү болушу мүмкүн.

Бишкек коопсуз шаар. Өзүңдүн жана жакындарыңдын коопсуздугу үчүн коркунуч жараткан шаарда жашоо менен аны ыңгайлуу шаар деп айта албайсың. Шаардын көчөлөрүндө түн бир оокумга чейин сейилдөө, короодо ойноп же жолдон өтүп бара жаткан балаң үчүн тынчсызданбайсың, Бишкекте мындай жашоо реалдуу болуш  үчүн эмне кылуу керек?

Бишкек ийгиликтүү шаар. Бүгүнкү күндө шаардын борбору жана  чет жакасы мамилеси салттуу формага ээ болуп калган. Борбор – таза, дайыма каралып турат, эс алуу жана сайрандоо жайына айланган. Ал эми шаар четинде жана жаңы конуштарда – жолдор курулбаган, базалык инфраструктурасы сейил бактары жана эс алуу жайлары жок. Мындай жагдайдан чыгуу зарыл, шаардын ар кайсы бөлүгүндө жаңы борборлор түзүлүп, кандай инфраструктура, окуялар, комплекстер шаар четинде элди өзүнө тартып туруу күчүнө ээ болот?

Бишкек ноу хаусу”. Бишкек – өзүнчө, башкалардын таасири тийбеген шаар, аны достук мейкиндигин түзүүгө багытталган шаардыктардын демилгелери ошондой кылат. Бул багытта биз өз шаарыбызга кандай чечимдерди сунуш кыла алабыз? Шаардын келечегин куруу үчүн кандай уникалдуу сапаттарды өнүктүрүү зарыл? Өзүңүздөргө жакын темадагы идеяларды аныктап, бизге сунуш катары жөнөтүңүздөр.

Конкурска катышуучуларга коюлуучу талаптар:

Конкурска шаарды жана анын аймактарын өнүктүрүү боюнча ишмердигин ишке ашыруучу же ишке ашырууну көздөгөн, Кыргыз Республикасынын  18 жаштан жогорку курактагы жарандары катыша алышат.

Ар бир аталыш боюнча үч жеңүүчү аныкталышы белгиленет (1, 2, жана 3-орун).

Конкурска катышуу боюнча өтүнмөлөргө коюлуучу талаптар:

Өтүнмөлөр 2014-жылдын 21-майына чейин кабыл алынат. Өтүнмөлөр өзүнө төмөнкү маалыматтарды камтышы зарыл:

—          Конкурска катышуучунун Ф,А,А;

—          Жогоруда сунушталган багыттарга ылайык өтүнмөнүн темасы;

—          Мазмунун чагылдырган долбоордун аталышы же долбоордун идеясы;

—          Долбоордун максаты;

—          Долбоордун милдеттери;

—          Долбоордогу жаңылыктар жөнүндө маалымат;

—          Долбоорду ишке ашыруу планы (мөөнөтү/иш-чаралар);

—          Сунушталган жыйынтыктарды баалоо (саны жана сапаты боюнча);

—          Долбоорду каржылоо планы;

—          Долбоорду ишке ашырууга автордун жеке салымы, потенциалдуу инвесторлордун саны;

—          Конкурстун катышуучусунун байланышуу каражаттары жөнүндө маалымат.

Өтүнмө жана ага тиркелген документтер төмөнкү электрондук дарекке — project@urban.kg, же forum.urban.kg сайтына кагаздагы документтин электрондук көчүрмөсү түрүндө жиберилет.

Төмөнкү өтүнмөлөр кароо үчүн кабыл алынбайт:

—          Өтүнмөлөрдү кабыл алуу боюнча жарыяланган мөөнөттөн кеч тапшырылган өтүнмөлөр                                   (21-май 2014-ж.);

—           Коюлган талаптарды бузуу менен толтурулган өтүнмөлөр;

—          Документтердин тизмесине туура келбеген өтүнмөлөр.

Конкурстуу өткөрүү этаптары:

1). Өтүнмөлөр актуалдуулугу, толтуруу сапаты, реалдуулугу, ошондой эле идеянын авторунун жек салымы боюнча каралат;

2). Өтүнмөлөр кабыл алынгандан үч күндөн кийин конкурстун формалдуу талаптарына ылайык эксперттер тарабынан бааланат. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча конкурстун финалисттери аныкталып, алардын тизмеси forum.urban.kg расмий сайтына жайгаштырылат;

3). Конкурстун финалисттери Форум өткөрүлгөн күнү (2014-жылдын 7-июнунда) Калыстар тобунун алдында өз иштерининин бет ачарын өткөрүшөт. Баардык долбоорлордун бет ачарынан кийин, Калыстар тобу жогоруда көрсөтүлгөн аталыштар боюнча жеңүүчүлөрдү аныктайт. Ар бир жеңүүчү, идеяны ишке ашыруу үчүн “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосундагы “Жаштар маданий борбору” Коомдук фондунун, ошондой эле Форумдун башка өнөктөштөрүнүн материалдык каражаттарын алышат. Конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмеси forum.urban.kg расмий сайтына жайгаштырылат.

Өтүнмөлөрү финалга өтпөй калган катышуучуларга финалисттердин долбоорлорун колдоо жана аларды ишке ашыруу үчүн Форумга  катышуу сунушталат. Ар бир катышуучу үчүн шаарды өнүктүрүү боюнча башка өлкөлөрдүн адистери менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

4). Конкурстун жеңүүчүлөрүнө, долбоорду ишке ашыруу үчүн, жыл аягына чейин 1000 АКШ долларына чейинки өлчөмдөгү колдоо көрсөтүлөт.

 

Маалымат алуу телефону: 0772 335463 Айбек Баратов