Codecademy – бул програмдоого өз алдынча интерактивдүү үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн интернет платформа. Бул платформанын артыкчылыгы —  код жазып үйрөнүп баштоо үчүн кошумча орнотмолордун, тууралоолордун кереги жоктугунда. Интернет серепчинин өзү эле жетиштүү. Бул сайттан окуган студенттер веб сайт түзгөндү жана мобилдик колдонмолорду (application)  иш жүзүндө жасаганды үйрөнүп чыгышат. Эң негизгиси, бул долбоордун жаштарды программдоону жеңил үйрөнүп алса боло тургандыгын көргөзүп, бул кесипке аларды кызыктыра ала тургандыгында.

Codecademy’нин курстарын өтүп чыгып, чоң ийгиликке жетишкендердин бири – Сэм Феллиг. Техникалык билими жок эле, ал Codecademy’нин курстарынан код жазганды үйрөнүп чыгып, Outgrow.me сайтын түзгөн. Time журналы анын сайтын 2013-жылдын эң мыкты 50 сайттын арасына кошкон.

Учурда  Codecademy сайтында бекер PythonPHPjQuery,JavaScriptRuby, HTML жана CSS окутулат. 2014-ж. январында Codecademy долбоорунун дүйнө жүзүнөн булуң-бурчунун окуган 24 млн. колдонуучу катталып, жалпысынан 100 млн. көнүгүү аткарышкан.

Ушундай учур талабына жооп берген програмдоону үйрөтүүчү интерактивдүү платформаны кыргыз тилдүү окуучулар жана студенттер үчүн эне тилинде жеткиликтүү кылуу демилгебиз “Сорос-Кыргызстан” Фонду жана Beeline мобилдик байланыш оператору тарабынан колдоого алынып, Codecademy платофрмасынын ырасмий уруксат алдында, 2013-ж. октябрь айынан тартып, 7 ай ичинде 200 миң сөздөн турган програмдоо б-ча материалдар толугу менен кыргыз тилине которулуп чыкты. Бүгүнкү күндө, www.codecademy.com/kg-KY дарегинен программдоо курстарын акысыз кыргыз тилинде дүйнөнүн бардык бурчунан үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Биздин долбоордун негизги максаттарынын бири – студенттерди жана мектеп окуучуларына программдоону үйрөтүү ишинде Codecademy материалдарынын жана усулдарынын колдонулуп кетишине көмөк көрсөтүү. Биздин көз карашыбызда Codecademy заманбап PythonPHPjQuery,JavaScriptRuby жана HTML програмдоо тилдеринде код жазууну үйрөтүүдө мыкты курал боло алат жана тандамал (сэлективдик) курстар катары ЖОЖдордо кыргыз тилдүү студенттер үчүн киргизилсе, окуу процессин уюштурууда алдыңкы методдордун өздөштүрүүгө кеңири шарт түзө алат.  Бул курстарды – програмдоону берүүнү өздөштүрүүнү каалаган мугалимдер үчүн даяр окуу планы катары караса болот. Ар бир курстун түзүлүшү, бөлүмдөрү жана ага кирген сабактардын темасы сайтта ачык көрүнүктүү. Ар бир көнүгүүдө теманын түшүндүрмөсү, тапшырмалар (инструкциялар), жазылган кодду текшерүү функциясы, ката билдирүүлөрү толугу менен иштелип чыккан.Көнүгүүлөрдөн тышкары, сайтта сабактан тышкары иштөө программасы, веб долбоорлорду жана мобилдик колдонмолорду (application) түзүп үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрдү бар.

Азыркы күндө Codecademy Улуу Британиянын билим берүү департаменти менен мугалимдерди компүтердик програмдоо материалдары менен камсыздоо боюнча тыгыз иш алып барууда. Codecademy Англиянын айрым коллеждери тарабынан програмдоого үйрөтүүдө колдонулууда. Кыргызстанда, Codecademy курстары кыргыз тилинде «Манас» КТУнун компүтердик инженерия факультетинин студенттери тарабынан, проф. У. Н. Бримкулов жана К. Барктабасовдун жетекчилиги алдында, сынактан өткөрүлдү жана бул иш үчүн биз аларга терең ыраазычылык билдиребиз.

Codecademy интерактивдүү онлайн курстарын кыргыз тилинде програмдоого үйрөтүү иштеринде колдонууга “Манас” кыргыз-түрк университетинин инженердик факультети, проф. Молдокулов атындагы №5 улуттук компьютердик гимназия, Г. Гмайнер мектеби кызыкчылыгын билдиришип, кызматташуу  боюнча меморандумдар түзүлүүдө.

Бул ачык долбоор жана башка каалаган мектептерди, мугалимдери, студенттерди жана эркин колдонуучуларды кызматташууга чакырабыз жана Codecademy курстарын өздөштүрүүгө жардам бергенге даярбыз.

 

Байланыш даректери:

Долбоорду ишке ашырган:

“Биздин Мурас” коомдук кору

Байланышта: Чоробек Сааданбеков — 0771-704-222, Мурат Жумашев — 0555-905-333

chorobek@gmail.com, jumasheff@gmail.com