Долбоор көп түрдүүлүк жөнүндө медиа продукцияны өнүктүрүүгө, этнос аралык диалогдо массалык маалымат каражаттардын конструктивдик ролун бекемдөөгө, журналисттердин маданий, тил, дин жана этникалык көп түрдүүлүктү чагылдырууда кесиптик тажрыйбасын жогорулатууга багытталган. Долбоор «Сорос-Кыргызстан» фондунун «Маалымат эркиндиги» программасынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат.

 

Тандалган 20 катышуучу беш күндүн ичинде миң кырдуу коом тууралуу объективдүү репортаждарды чыгаруу боюнча билим алышат, этикалык стандарттар жөнүндө билимин кеңейтишет, жана ошондой эле мультимедиалык технологияларды колдонуу боюнча тажрыйбаны какташат.

 

Тренингтин учурунда журналисттер сапаттуу контентти чыгарууга жана көп түрдүүлүк жөнүндө идеяларды жайылтууга күчтүү мотивация алышат. Ошондой эле, көп түрдүүлүк жөнүндө медиа долбоорлорду ишке ашыруу үчүн аларга грант түрүндөгү техникалык жардамды алуу боюнча заявкалардын сынагына катышууга мүмкүнчүлүк берилет.

 

Машыгууну мультимаданий жана этникалык журналистика, заманбап он-лайн контентти чыгаруу тармагында чоң тажрыйбасы бар америкалык, казакстандык жана кыргызстандык тренерлер өткөрөт.

Тренинг 7-июлдан 11-июлга чейин Бишкек шаарында өтөт.

 

Бардык чыгымдарды уюштуруучулар өзүнүн мойнуна алышат.

 

Тренингде катышу үчүн peacemakingschool@gmail.com электрондук дарекке резюмемотивациялык кат жана заявканын формасын толтуруу зарыл. Форманы бул жерден жүктөп алсаңыз болот.

Документтер кыргыз жана орус тилдеринде 20-июнь, саат 18:00гө ЧЕЙИН кабыл алынат. Кароого документтердин ТОЛУК пакети (резюме, мотивациялык кат, жетекчиден рекомендациялык кат жана толтурулган заявка) гана каралат.