Инновациялык идеяларды колдоо” Коомдук Фондусу жана “ProKG” Профессионалдар Клубу “Жаштарды коомдук өзгөрүүлөргө тартуу” сынагынын алкагында “Сорос-Кыргызстан” Фонду каржылап жаткан “Жаштар бизнес-менторлугу” долбооруна катышууга жаштар арасында бизнес идеялардын сынагын жарыялайт!

Биз, бул сынакка өз бизнес идеясын ишке ашырууну каалаган, чоң тажрыйба жана билим алууну эңсеген, тырышчаак, жигердүү жана дымагы күчтүү жаштарды чакырабыз!

Жаштар бизнес менторлугу” – жаштарга өз ишкердик потенциалын чыңдоого жана коомдун өнүгүүсүнө олуттуу салымын кошууга жардам берүүчү бир жылдык долбоор. Сынактын алкагында 50 жаш кыз-жигиттер тандалып алынат жана аларга банк иштери, каржы, бухгалтердик эсеп, укук, салык жана бизнес тармактарындагы эң мыкты адистер бизнес жүргүзүү жана социалдык ишкердүүлүктүн негиздери боюнча тренингтерди өткөрүшмөкчү.

Тренинг учурунда долбоордун катышуучулары өз бизнес долбоорлорун жакшыртуу үстүндө иштеп, бизнес план түзүшөт жана бул идеяларды презентация кылышмакчы. Презентациялардын жыйынтыгында, эң мыкты жана майнаптуу деп табылган катышуучулар  бизнес тармагындагы эң алдыңкы профессионалдардан жана эң мыкты адистерден ментордук колдоо алышат. Ошондой эле, ар бир финалист өз бизнес-планын ишке ашырууга материалдык-техникалык түрдө грант алат.

Эгер сиз эбегейсиз тажрыйбага ээ болууну кааласаңыз, жаңы билим алууга даяр болсоңуз, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкыңыз келсе, идеяларыңызды ишке ашыруу үчүн колуңуздан келген аракетиңизди жумшап, жаңы таанышууларга жана ийгиликке жетишкен инсандар менен баарлашууга даяр болсоңуз, анда сизди долбоорубузга катышууга чакырабыз!

Сынактын шарттары:

—          Катышуучу 18-30 жаш-курагында болушу шарт;

—          Катышуучу Бишкек шаарында жайгашкан жаңы конуштардын (новостройка) биринин жашоочусу болууга тийиш;

—          Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү шилтемеден документти жүктөп алсаңыз болот:

http://prokg.org/?p=737

—          Сынакка катышуу документин кыргыз же орус тилдеринде толтурууга болот;

—          Сынакка катышуу документин кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 5-Сентябрь, 2014-жыл, саат 17:00;

Бизнес-идеялар үчүн талаптар:

—          Бизнес-идея социалдык багытта болууга тийиш. Долбоор бир эле ишкерге эмес, коомго да пайдасын жана кирешесин алып келиши керек;

—          Бизнес-идея реалдуу болууга тийиш. Иш жүзүнө ашырууга мүмкүн болбогон долбоорлор колдоого алынбайт;

Сынакка катышууну каалагандар катышуу документин компьютерде же кол жазма түрүндө толтуруп, office@prokg.org дарегине жөнөтүп же конвертке салып, “Инновациялык идеяларды колдоо” Коомдук Фондусунун кеңсесине алып келип тапшырса болот: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү № 78 (Чүй проспекти менен кесилишет).

Толугураак маалымат алуу үчүн төмөндөгү байланыш даректерине кайрылсаңыз болот:

Электрондук почта: office@prokg.org

Телефон: +996 (555) 177233