2014-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) алдында түзүлгөн Республикалык медиакоммуникациялар окуу борбору тарабынан “Сорос-Кыргызстан” фондунун “Маалымат эркиндиги” программасы менен биргеликте “Жергиликтүү телеберүүчүлөрдүн потенциалын жогорулатуу” долбоорунун алкагында “Жаңылыктар алиппеси” аттуу семинарга катышууга сынак жарыяланган.
Семинарга Кыргызстандагы телекомпаниялардан, продакшн-студиялардан жана интернет басылмалардан 54 жаш кызматкери катышууга билдиргелерин жөнөтүшкөн. Катышычууларды тандоодо төмөнкүдөй шарттарга көңүл бурулган: телекомпанияда иштөө тажрыйбасы, телеберүү камтыган аймак, региондо чагылдыруусу, телеберүүдө колдонулган тил, талапкерлердин мотивациясы, семинардан кандай натыйжа куткөндөрү ж.б.
Тандоонун жыйынтыгында 14 катышуучуу тандалган. Алар төмөнкү телекомпаниялардын чыгармачыл топтору: ЭлТР, Баткен ТВ, Араван ТВ, ОшТВ, 7 канал (Джала-Абад), Нарын областык ТРК.
8-12-сентябрь күндөрү катышуучуулар жаңылыктарды даярдоодо жана берүүдө негизги теориялык принциптер боюнча билим алууга жана иш жүзүндө тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк алышат.
Тренинг профессионалдуу медиа-эксперттер тарабынан алып барылат:
Элима Джапарова— көп жылдык тажрыйбага ээ медиа тренер. Ар кандай медиа жанрларда жаңылыктарды даярдоодон чоң теледолбоорлордун автору жана продюсерине чейин иштеген. Төмөнкү темалар боюнча тренингдерди өткөргөн “ Видеоматериалдарды даярдоонун негизи”, “Атайын репортаж”, Ток-шоуларды даярдоо”, ошондой эле жаңжалдарды чагылдыруу боюнча тренингдер. “Демге-дем” медиа борборунун директору. Баткен окуяларын чагылдыруу эмгеги үчүн “Данк” ордени менен сыйланган.
Ибрагим Хасан-Ахунов – режиссер, оператор, монтажер, фотохудожник. Алгачкы иш тажрыйбасын Кыргызстандагы радиостанциялардын биринде үн-режиссеру болуп баштаган, кийинчирээк телеберүү тармагында тажрыйба топтогон. Көптөгөн эл аралык фестивалдардын гран-при сыйлыгынын ээси жана лауреаты.
Семинардын жүрүшү тууралу Республикалык медиакоммуникация билим берүү борборунун фейсбук социалдык тармагындагы баракчасынан маалымат алып турса болот https://www.facebook.com/mediacommunications.training.centerKG
Кошумча маалымат үчүн борбордун директору Аделя Лаишевага кайрылыңыздар a.laisheva@ktrk.kg 0772-332211