2014-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) алдында түзүлгөн  Республикалык медиакоммуникациялар окуу борбору тарабынан “Сорос-Кыргызстан” фондунун “Маалымат эркиндиги” программасы менен биргеликте “Жергиликтүү телеберүүчүлөрдүн потенциалын жогорулатуу” долбоорунун алкагында “Жаңылыктар алиппеси” аттуу семинарга катышууга сынак жарыяланган.

Семинарга Кыргызстандагы телекомпаниялардан, продакшн-студиялардан жана интернет басылмалардан 54 жаш кызматкери  катышууга билдиргелерин жөнөтүшкөн. Катышычууларды тандоодо төмөнкүдөй шарттарга көңүл бурулган: телекомпанияда иштөө тажрыйбасы, телеберүү камтыган аймак, региондо чагылдыруусу, телеберүүдө колдонулган тил, талапкерлердин мотивациясы, семинардан кандай натыйжа куткөндөрү ж.б.

Тандоонун жыйынтыгында 14 катышуучуу тандалган. Алар төмөнкү телекомпаниялардын чыгармачыл топтору:  ЭлТР, Баткен ТВ, Араван ТВ, ОшТВ, 7 канал (Джала-Абад), Нарын областык ТРК.

8-12-сентябрь күндөрү катышуучуулар жаңылыктарды даярдоодо жана берүүдө негизги теориялык принциптер боюнча билим алууга жана иш жүзүндө тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк алышат.

Тренинг профессионалдуу медиа-эксперттер тарабынан алып барылат:

Элима Джапарова— көп жылдык тажрыйбага ээ медиа тренер. Ар кандай медиа жанрларда  жаңылыктарды даярдоодон  чоң теледолбоорлордун автору жана продюсерине чейин иштеген. Төмөнкү темалар боюнча тренингдерди өткөргөн “ Видеоматериалдарды даярдоонун негизи”, “Атайын репортаж”, Ток-шоуларды даярдоо”, ошондой эле жаңжалдарды чагылдыруу боюнча тренингдер. “Демге-дем” медиа борборунун директору. Баткен окуяларын чагылдыруу эмгеги үчүн “Данк” ордени менен сыйланган.

Ибрагим Хасан-Ахунов – режиссер, оператор, монтажер, фотохудожник. Алгачкы иш тажрыйбасын Кыргызстандагы радиостанциялардын биринде үн-режиссеру болуп баштаган, кийинчирээк телеберүү тармагында тажрыйба топтогон. Көптөгөн эл аралык фестивалдардын гран-при сыйлыгынын ээси жана лауреаты.

Семинардын жүрүшү тууралу  Республикалык медиакоммуникация билим берүү борборунун фейсбук социалдык тармагындагы баракчасынан маалымат алып турса болот https://www.facebook.com/mediacommunications.training.centerKG

 

Кошумча маалымат үчүн  борбордун директору Аделя Лаишевага кайрылыңыздар a.laisheva@ktrk.kg 0772-332211