Сентябрдын 20-нан 27-не чейин Иссык-Көлдүн жээгинде төртүнчү Айтматов атындагы Эл Аралык Дебат Академиясы өткөрүлөт. Бул жылы Академияга Грузия, Казахстан, Кыргызстан, Өзбекистан, Россия, Таджикистан, жана Украина өлкөлөрүнөн жүзгө жакын улан-кыз катышат.

Келе жаткан иш чаранын эң негизги жанылыгы – бул жылы Эл Аралык Академияга дебаттык коомдун мүчөлөрү гана эмес, жаштар уюмдардын жана кыймылдардын өкүлдөрү, ыктыярчылар жана башка коомдук активдүү жаштар катышат.

Академиянын программасына жаштарды күнүмдүк турмушунда жана өз кесибинде дебаттык технологияларды колдоно билүүнү үйрөткөн курстар кирет. Эл Аралык Дебат Академиясынын негизги максаты – жаштарга маалыматты сын көз менен кароо, өзүнүн ой пикирин коргоо жана билдирүү көндүмдөрду беруу.

Үйрөнүүчү бөлүктөн тышкары, ар кайсы өлкөдөн келген жаштар бири бири жана коноктор менен ой бөлүшүу учун эркин аянтча жана маданий программасы кирет.

Семинардын уюштуруучусу Эл аралык Билим Берүүчү Дебат Ассоциациясынын Борбордук Азиядагы бөлүмү (IDEA-CA), “Сорос-Кыргызстан” Фондунун Жаштар программасынын колдоосу менен.