«Сорос-Кыргызстан» фондунун “Маалымат эркиндиги” программасынын алкагында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетининде агроөнөржай комплексиндеги адистерди окутуу жана кайрадан даярдоо үчүн ачык билим берүү ресурстары (АББР) долбоору башталып жатат.

Долбоордун максаты регионалдык деңгээлде агроөнөржай комплексиндеги адистерди окутуу (кайрадан даярдоо) үчүн учурдун шартына ыңгайлаштырылып жакшыртылган окуу ресурстарын иштеп чыгып бекер жайылтуу болуп эсептелет. Агроөнөржай комплексиндеги адистер үчүн иштелип чыккан көптөгөн окуу материалдары аларга гана эмес, кадимки эле дыйкандарга, фермерлерге башкача айтканда негизги керектөөчүлөргө, аз болгондугуна байланыштуу жетпей калат.

Абдан чоң уникалдуу билим булагынын ресурстары, айыл чарба чөлкөмүндөгү бай тажрыйба агрардык окуу жайдын ичинде гана калып жатат. “Ошондуктан айыл чарба кадрларын окутууда жана кайрадан даярдоодо, айыл жергесиндеги фермерлерди билим берүү ресурстары менен камсыз кылууга, интеренетти пайдалануу менен иновациялык усулдарды киргизүү зарыл.

Мына ушуга байланыштуу, Кыргыз улуттук агрардык университетибиздин билим берүү булагынын ресурстарын ачык колдонууга коюу кадамдары пландаштырылып жатат. Бул үчүн, агардык окуу жайыбызда иштеп жаткан көптөгөн авторлорубуздун билим берүү ресурстарына болгон автордук укуктарына байланыштуу маселелрди чечүү зарыл”, — дейт долбоордун жетекчиси Бакыт Аскаралиев.   Ачык билим берүү ресуртары боюнча долбоор 2014-дылдын 1-сентябрында башталып, 2015-жылдын 31-мартында аяктайт. Анда, окуу курстары иштелип, жакшыртылып жана учурдун талабына ыңгайлаштырылып таратылат. Видео сабактарды презентациялоо үчүн Нарында эки окутуу тренинги өткөрүлөт.

Окуу курстарын иштеп чыгууга, аларды жакшыртууга жана учурдун талабына ыңгайлаштырып таратууга фермерлерди, студенттерди, профессордук- окутуучулардын курамын жана агарадык окуу жайлардын илимий кызматкерлерин, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин кызматкерлерин, ошондой эле айыл чарба маселелерине кайдыгер карабаган коомчулугубуздагы бардык инсандарды катышууга чакырабыз.