Иш-чара «Сорос — Кыргызстан» фондунун «Маалымат эркиндиги» программасынын финансылык колдоосунда «ЖМК аркылуу көп түрдүүлүктү жайылтуу долбоорунун алкагындагы «Арачылар элдештирүүчү тармагы» КФнын Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар Мектеби тарабынын уюштурулууда.

Конференцияга КР Президентинин маалымат саясаты боюнча кеңешчиси Фарид Ниязов, КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин  директор Накен Касиев, КР транспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнис Мамырканов, Грузиянын Коомдук биринчи каналынын улуттук азчылык үчүн программасынын редакциясынын жетекчиси Зураб Двали, ЖМКнын жетекчилери, окумуштуу-лингвисттер, мамлекеттик тилди үйрөнүү усулдарын иштеп чыгуучулар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн келүүсү күтүлөт.

Жалпы сессиялар мамлекетте көп түрдүүлүктүн контекстиндеги туруктуу өнүгүүсүнүн, мамлекеттин катышуусунун, жарандык өзүн таануусунун калыптануусундагы ЖМК жана жарандык коомдун ордун, мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролдун, чет мамлекеттин тажрыйбасын кабыл алуунун  маселелери каралат. Төрт параллелдик сессияда 7 мастер-класс өткөрүлөт, угуучулар андагы кыргыз тилин үйрөнүүнүн усулдарында жана технологияларында өзүнүн компетенциясын жогорулатып, көп тилдүү контентти түзүү каражаттарын өздөштүрүп, ЖМКда, Интенетте, кино жана искусстводо көп түрдүүлүктү жайылтууну үйрөнүп алса болот.

Мисалга, КР билим берүү жана илим министрлигине караштуу КЫРГЫЗТЕСТ Улуттук борборунун жетекчиси Батма Топоева-Ставинская  «Кыргызтесттин стандарттары, кыргыз тилин билүүнү тестирлөө жана баалоо технологиялары» мастер-классында кыргыз тилин баалоонун жаңы системасын презентациялайт. Жаңы баалоо системасы 2017-жылдан баштап орто мектептерди аяктагандар, жогорку окуу жайына жана мамлекеттик кызматка киргендер үчүн милдеттүү түрдө ишке киргизилет. Эмгегинин 40 жылын билим берүү системасына арнаган Батма Топоева-Ставинская, кыргыз тили боюнча көптөгөн колдонмолордун автору болуп эсептелет.

Грузиядан келген медиа-эксперт Зураб Двали катышуучуларды полиэтникалык аудитория үчүн аудиовизуалдык продукцияларды өндүрүүнүн техникаларына, улуттук-маданий борборлордо маалымат булактары менен иштөө усулдарын үйрөтүп, көп түрдүүлүк темасындагы жаңылыктарды жана ток-шоуларды  жасоо тажрыйбасы менен бөлүшөт. Двали мырза журналистикада  25 жыл иштеген, фестивалдарда ардактуу сыйлыктарды алган даректүү фильмдердин автору болуп эсептелет.

Конференциядагы дискуссия маалында бийлик өкүлдөрү, ЖМК жана жарандык коомчулук тарабынан сунушталган идеяларды ишке ашыруунун орчундуулугун бекемдеген тилдик жана этникалык көп түрдүүлүк темасындагы башка программаларды иштеп чыгуу боюнча базасы болгон резолюцияны кабыл алуу менен аяктайт.

Кошумча маалыматтар үчүн «ЖМК аркылуу көп түрдүүлүктү жайылтуу»  долбоордун координатору Алика Карабаевага: +996312 69 40 15, +996772 21 32 57 email: alikakarabaeva@gmail.compeacemakingschool@gmail.com  www.camediators.net кайрылыңыздар.

Долбоор жөнүндө: «ЖМК аркылуу көп түрдүүлүктү жайылтуу» долбоору көп түрдүүлүк боюнча контентти  өнүктүрүүгө, этникалык диалогдо ЖМКнын конструктивдүү ролун күчөтүүгө, маданий, тилдик жана этникалык көп түрдүүлүктү чагылдырууда журналисттердин кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга  багытталган. http://www.ca-mediators.net/ru/mnogoobrazie_smi/

Уюм жөнүндө:

Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби (School of Peacemaking and Media Technology) коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет. Анын ишмердүүлүгү сөз эркиндигине жана маалыматка жетишүүгө, эркин жана адилеттүү журналистиканы өнүктүрүүгө, Кыргызстанда жана Борбордук Азияда кризис болгон аймактагы ЖМКлардын туруктуулукту жана демократияны өнүктүрүү максатында колдоого багытталган.