Иш-чара «Социалдык медиаөнөктөштөрдүн тармагы» коомдук фондунун Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнология Мектеби тарабынан, «Сорос — Кыргызстан» фондунун «Маалымат эркиндиги» программасынын финансылык колдоосу менен «ЖМК аркылуу көп түрдүүлүктү жайылтуу» долбоорунун алкагында уюшулду.

150гө жакын бийлик органдарынын, жалпы маалымат каражаттарынын, эл аралык уюмдардын, чет элдик медиаэксперттердин, окумуштуулардын, педагог менен лингвисттердин элүүгө жакын өкүлдөрү көп түрдүүлүктүн контекстинде мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн, мамлекеттин, жарандык өзүн таанууда ЖМКнын жана жарандык коомдун катышуусундагы мамлекеттин катышуусун, полиэтникалык Кыргызстанда мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун, андагы маселелер жөнүндө талкуу өткөрүштү.

Презентациялар менен таанышуу http://www.ca-mediators.net/ru/mnogoobrazie_smi/149-prezentacii-uchastnikov-konferencii.html

Конференция кыргыз тилин үйрөнүүнүн жаңы усулдарына, көп тилдүү контентти түзүүгө, ЖМКда, Интернетте, кинодо жана искусстводо көп түрдүүлүктү жайылтууга арналган дискуссия жана алты мастер-класс форматында  өттү. Ошондой эле, мастер-класстарга өзүлөрүнүн каалаган тематикасындагы көндүмдөрүн жакшыртууга мүмкүнчүлүк алган Бишкектин жождорунан чакырылган студенттер катышты.

Тынчтыкты орнотуучу Мектеп 2014-жылдын сентярь-октябрь айларында уктуруучу, басылма жана он-лайн ЖМКларга өткөргөн  контент-анализдин жыйынтыгы боюнча журналисттер маданият  аралык диалогго көп көңүл кое баштагандыгын, алардын сюжеттери этникалык репрезентативдүүлүк көз карашта мазмундуу болгондугун көрсөтүү.  Журналисттер жаңылыктардагы көп түрдүүлүк тематикасын расмий жана маданий иш-чараларга басым коюп жана мамтилдин миссиясы жөнүндө айткандыгы аныкталган.

КР Президентинин кеңешчиси Фарид Ниязов конференцияда сүйлөп жатып, мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү үчүн мамлекеттин бириктирүүчү ролунун эсебинен алганда көп түрдүүлүк ресурс болушу мүмкүн деп белгилеп кетти.

«Ар кайсы тилдин этностору кыргыз тилинде сүйлөй баштаганда эле өзбек, корей, дуңган, орус жана башка тилдердин дүркүрөп өнүгүүсүнө эшик ачылат,- деди ал. – Мамлекетти жана мамлекеттик тилди урматтоо – бул көп түрдүүлүктүн жана жарандык өзүн таануунун жакшы варианты».

Бир гана мамлекеттик тили бар, бирок улуттук азчылыктын беш тилиндеги билим берүү менен медиа мейкиндик колдоого алынган Грузиядан келген медиаэксперт Зураб Двали, өзүнүн мамлекетиндеги жарандардын грузин тилин үйрөнүүгө мотивациясын көтөрүү жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүшө кетти.  «Эгер жаш адам өзүнүн карьералык өсүүсүн ойлосо, ага мамлекеттик тил керектелет»,- деп белгилей кетти Двали.

Мастер-класстарда, медиаэксперт Кыргызстанда пайдаланса боло турган Грузиянын Коомдук биринчи каналындагы мисалда көп тилдүү продукцияларды түзүүнүн каражаттары менен усулдарын көрсөтүү.

«Мен үч презентацияда болдум жана мага грузиндердин тажрыйбасы эстен кеткис болду –деп бөлүшө кетти КР президенттик аппараттын этникалык, диний саясат жана жарандык коом менен иштешүү боюнча бөлүмдүн эксперти Заирбек Эргешов. – Грузияда тил жана ЖМК аркылуу бирдиктүү жарандык улутту куруу жүрүп жатат. Аларда Кыргыз Республикасындай эле 5 миллион калк бар, көп улуттуу мамлекет, ал жакта коомдук телеберүү бар, жаңылыктарда жана башка телеберүүлөрдө улуттук азчылыктардын тилине көңүл бурулат. Бизде болсо телеберүүлөр эки тилде гана берилет жана субтитрлери жок».

КР билим берүү жана илим министрлигине караштуу КЫРГЫЗТЕСТ Улуттук секторунун жетекчиси Батма Топоева-Ставинская, 2017-жылы орто билим берүүчү мектептерди аяктагандарга, жогорку билим алгысы келгендерге жана мамлекеттик жумушка орношуучуларга милдеттүү түрдө тапшыра турган кыргыз тилин баалоо боюнча жаңы системасын презентациялады. Мастер-класска катышкандар өзүнүн кыргыз тилин билгендигинин деңгээлин текшергенге мүмкүнчүлүк алышкан.

Конференциянын катышуучулары Кыргызстандагы көп тилдүүлүктү талкуулап жатып, кыргыз тилин үйрөткөн педагогикалык кадрлардын жоктугун, кыргыз тилин алып жүрбөгөндөр үчүн заманбап интерактивдүү усулдарды жайылтуу процесси керектелип жаткандыгын жана билим берүүчү ачык он-лайн ресурстардын керектигин айткан. Мындай инновациялык формалар каалоочулардын баарына тилди батыраак үйрөнгөнгө шарт түзүшмөк.

CA-news.org МА директору катышуучулардын көңүлүн өзбек тилиндеги контентти өнүктүрүүдөгү перспективаларга көңүл бурдурган, анын сөзү боюнча бул Кыргызстанда гана эмес, башка мамлекеттерде да керек. Веб-статистика боюнча CA-news агенттигинин сайтын ай сайын 20 миң адам карайт, өзбек тилдүү сайттын аудиториясы күн санап өсүүдө.

«Азыр интернет-долбоорлор үчүн чек жок, себеби тилдик, айрыкча өзбек тилдүү контент дүйнө жүзү боюнча, айрыкча цензуранын бийлиги күчтүү Өзбекстандагы кырдаалды жана эркин сайттардын санынын аздыгын эсепке алганда  абдан зарыл»,- деди Айтымбетов.

2015-жылы теле-радиоберүү санариптикке өткөндө  көп түрдүүлүктү жайылтууга көп мүмкүнчүлүк ачылат. КР Транспорт жана коммуникация министрлигинин Байланыш жана маалыматташтыруу башкармалыгынын башчысы  Айзада Борубаеванын сөзү боюнча телекомпаниялар программалар менен фильмдерди  бир эле убакытта бир нече тилде тартуулаганга, анын ичинде үндү да, субтитрди да ошол тилде бергенге мүмкүнчүлүк алышат.

2Кино таануучу Гульбара Төлөмүшева «Курманжан датка» фильминин мисалында кино аудиториянын кайсы улутка тийиштүүлүгүнө карабастан таасир берээрине, окуяга киргенге, көрарманды драмалык окуялардын катышуучусу кылганга мажбурлай да алат деген.

«Тасма калкыбыздын тарыхына болгон кызыгууну жандандырды, себеби көптөгөн адамдар тасманы көрөөрдө аны кабыл алганга даярдык катары тарыхый булактарды тыкыр изилдешет эмеспи», — деп белгилей кетти Толомушева.

  КР эл артисти Жамал Сейдакматованын жетекчилигинин астындагы «Тунгуч» театрынын артисттери конференциянын катышуучуларына сунуштаган «Сулайман-Тоосундагы сүйүү жазы» спектаклиндеги үзүндүдө толеранттуулукту тарбиялоодо искусствонун позитивдүү ролун белгиледи. Анын сөзү боюнча, спектаклдин негизги мааниси – адамдардын бири-бирине болгон касташуусу трагедияга алып келээри көрсөтүлгөн.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча бийлик өкүлдөрү, ЖМК жана жарандык коомчулук тарабынан көп түрдүүлүк саясатын жайылтуу боюнча резолюция даярдалды.

Аталган конференция «ЖМКдагы көп түрдүүлүктү жайылтуу» долбоорунун алкагында өткөн дискуссиялардын аяккы этабы болду.

«ЖМК аркылуу көп түрдүүлүктү жайылтуу» долбоору көп түрдүүлүк боюнча контентти  өнүктүрүүгө, этникалык диалогдо ЖМКнын конструктивдүү ролун күчөтүүгө, маданий, тилдик жана этникалык көп түрдүүлүктү чагылдырууда журналисттердин кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга  багытталган.  

Кошумча маалыматтар үчүн «ЖМК аркылуу көп түрдүүлүктү жайылтуу»  долбоордун координатору Алика Карабаевага: +996312 69 40 15, +996772 21 32 57 e-mail: alikakarabaeva@gmail.com peacemakingschool@gmail.com  www.ca-mediators.net кайрылыңыздар.

Уюм жөнүндө:

Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби (School of Peacemaking and Media Technology) коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет. Анын ишмердүүлүгү сөз эркиндигине жана маалыматка жетишүүгө, эркин жана адилеттүү журналистиканы өнүктүрүүгө, Кыргызстанда жана Борбордук Азияда кризис болгон аймактагы ЖМКлардын туруктуулукту жана демократияны өнүктүрүү максатында колдоого багытталган.

 Мектептин негизги программалары:

— журналисттерди, редакторлорду жана медиа-менеджерлерди окутуу;

— коомдук талкууларды жана диалогду жайылтуу;

— изилдөөлөр, аналитикалык обзорлор, медиа-мониторингдер жана эксперттик баалоолор;

— насаатчылык жана медиакураторлук;

— маалыматтык-консалтингдик өнөктөштүк, билимди башкаруунун аутсорсинги.

Конференцияда тартууланган презентациялар менен бул жерден таанышып жана көчүрүп алсаңыз болот