Борбордук Азиядагы Эл Аралык Дебат билим берүү Ассоциация (IDEA CA) жана Коомдук Телерадио берүү корпорациясы «Сорос-Кыргызстан» Жаштар фондунун колдоосу менен уюштурулуп жаткан “Ачык Коомдун пикир айтышуусу “ теле долбоорунун 2- сезонунун ачылышы жөнүндө жарыялайт.

27- январда саат 11.00 теле долбоорго жаны катышуучуларды кабыл алуу үчүн кастинг өткөрүлөт.Кастингке катышуу үчүн активдүү жарандык позициясы бар жана кыргыз тилинде эркин сүйлөгөн жаштар чакырылат. Кастингке катталуу үчүн : +996 (312) 325402 номерине байланышуу же болбосо youth.centralasia@gmail.com электрондук дарегине төмөндөгү маалыматтарды жөнөтүү керек.
1. ФИО
2. Байланышуу үчүн телефон, электрондук почтанын адреси
3. Сиздин жашыныз
” Ачык коомдун пикир айтышуусу” теле долбоорунун максаты бир гана дебатты популярдуу кылуу, жаштарды социалдык маанилүү темаларды талкулоого чакыруу , жарандык активдүүлүктү жогорулатуу эмес , эл арасында заманбап жаштар жөнүндө калыптанып калган стереотипти өзгөртүп, жаштардын коомго маанилүү маселелерди кенен анализдөө жана терең талкулоо жөндөмдүүлүгүнө ээ экендигин коомго көргөзүү болуп эсептелет.