Обложка на кырг

2015-жылдын 29-январында Бишкек шаарынын «Park Hotel» мейманканасында ЮНИСЕФтин Баткен облусундагы “Сыйкырдуу сандыкча” эрте курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча долбоорунун жыйынтыгын чыгаруу үчүн тегерек үстөл өткөрүлөт. Бул долбоордун алкагында 5000 ата-энеге эрте курактагы балдарды өнүктүрүү ыкмасын үйрөтүү жүргүзүлдү. “Сыйкырдуу сандыкча” сынактык долбоору Ачык коом фонддорунун финансылык колдоосунда ЮНИСЕФ менен Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору тарабынан Баткен районунда ишке ашырылган.

Тегерек үстөлдүн ишине саламаттык сактоо министрлигинин, билим берүү жана илим министрлигинин, ден соолукту чыңдоонун республикалык борборунун, энеликти жана балалыкты коргоо институтунун, жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, долбоорду методикалык жактын иштеп чыгуучу авторлор, Баткен облусунун айылдык ден соолук комитеттеринин өкүлдөрү катышат.

Жолугушууда дагы ата-энелер үчүн “Сыйкырдуу сандыкча” балдарды өнүктүрүү боюнча колдонмосу, “Бөбөктү өнүктүрөбүз”, “Биздин айланабыздагы оюнчуктар”, “Төрөлгөндөн тартып окуу” аттуу үйрөтүүчү чыгырыктар, өнүктүрүүчү оюнчуктар, материалдар жана балдардын китептери менен “Сыйкырдуу сандыкча” топтому берилет.

“Сыйкырдуу сандыкча”долбоору оюн, окуу, сүйлөшүү аркылуу эрте курактагы балдарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө ата-энелерди кабарландырууну жогорулатуу максатында Баткен районунда сынакка коюлган. Бул үчүн айылдык ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү жана ата-энелер үчүн “Сыйкырдуу сандыкча” методикалык ыкмасы иштелип чыккан, ошондой эле сынактык 40 айыл комитетине сынак жүргүзүлүүчү айылдарда жашаган төрөлгөндөн эки жашка чейинки балдарды караган жактар жана ата-энелер менен окутуучу сессияларды жүргүзүү үчүн өнүктүрүүчү оюнчуктардын, материалдардын жана балдар китептеринин топтому берилген. Долбоорду сыноонун жүрүшүндө 5000ге жакын ата-эне окутуучу сессияга катышкан.

Долбоордун негизги максаты – баланы эрте жашта өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө эрте курактагы балдардын ата-энелерине кабарландырууну жогорулатуу.

Кошумча маалымат үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар:

ЮНИСЕФ долбоорунун консультанты Рахат Орозовага, orozova@mail.ru электрондук почтасы же 0773710775 тел. боюнча.