«Сорос-Кыргызстан» Фонду “Маалымат эркиндиги” Программасынын алкагында “Көп түрдүү идеяларды жана урбан активдүүлүктү алга жылдыруу боюнча медиа жана арт демилгелеринин сынагына” долбоордук сунушту кабыл алууну баштаганын жарыялайт.

Максаты: Көп түрдүү идеяларды жана урбан-активдүүлүктү медиа жана арт долбоорлору аркылуу алга жылдыруу.

 

Долбоордун милдеттери: 

  • Жарандарды актуалдуу медиа жана арт долбоорлору аркылуу өз шаарынын жана коомунун маселелерин чечүүгө тартуу
  • Коомчулуктун көңүлүн шаардык өнүгүү, көп түрдүү урбандашкан маданият, тилдик, этникалык чөйрө маселелерине буруу
  • Урбандаштыруу тематикасын жана маданий, тилдик, этникалык көп түрдүүлүк тематикасын чагылдырууда жаратман мамилелерди өнүктүрүү
  • Урбандаштыруу, экология жана туруктуу шаардык мейкиндиктерди өнүктүрүү темасында актуалдуу материалдарды түзүүдө жарандык секторлордун, ЖМКлардын, продакшн студияларынын, арт бирикмелеринин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу
  • Милдеттүү элемент болуп, жыл сайын “Сорос-Кыргызстан” Фонду тарабынан өткөрүлүүчү Урбан Форумдары сыяктууларды ЖМКларда, Интернетте, социалдык түйүндөрдө жана жарыялоо аянттарында кийин кеңири жайылтуу үчүн визуалдык куралдарды (видео, мультимедиа) пайдалануу саналат.

 

ЖМКлар, продакшн студиялар, чыгармачыл бирикмелер, арт топтор, жарандык активисттер, БӨУлар сынактын катышуучусу боло алышат.

 

Сынакка катышуу үчүн документациялардын төмөнкү топтомун тапшыруу керек:

  1. Толтурулган өтүнмө (бул жерден көчүрсөңөр болот)
  2. Кызыгуу каты
  3. Иштердин үлгүлөрү (иштеп жаткан долбоорго шилтеме, иштин портфолиосу менен CD)
  4. Долбоордун катышуучуларынын таржымалы
  5. Excel форматында долбоордун бюджети

Өтүнмөлөр электрондук түрдө ekarakulova@soros.kg, же 720040, Кыргызстан, Бишкек ш., Логвиненко көч., 55А дареги боюнча, “Сорос-Кыргызстан” Фонду, “Маалымат эркиндиги” Программасы, “Көп түрдүү идеяларды жана урбан активдүүлүктү алга жылдыруу боюнча медиа жана арт демилгелеринин сынагына” белгиси менен кабыл алынат.

Өтүнмө кыргыз жана орус тилдеринде күн сайын саат 9.00дөн 17.00гө чейин (деп алыш 13.00 – 14.00), эс алуу жана майрам күндөрүнөн сырткары 2015-жылдын 20-февралына, саат 17.00гө чейин (кошуп) кабыл алынат.

Сынак боюнча тандалып алынган долбоорлор 2015-жылы көрсөтмө берүүчү тренингден өтүшөт. 2015-жылдын июнь айында Ош шаарында боло турган Урбан Форумда мыкты долбоорлордун бет ачары болот.

 

Өтүнмөлөрдү баалоо үчүн критерийлер:

 

  • PR, арт, медиа, коммуникация чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы;
  • Иштердин портфолиосу;
  • Жаратмандык жана инновациялуулук;
  • Долбоордун натыйжаларын жайылтуунун масштабдуулугу;
  • Конкреттүү кырдаалдарда долбоорду аткаруунун реалдуулугу;
  • Өнөктөштөрдүн кеңири чөйрөсүн тартуу, кызматташуу;
  • Долбоорду ишке ашырууда видео жана мультимедиа куралдарын пайдалануу;
  • Бир нече тилдерди пайдалануу;
  • Долбоор конкреттүү көйгөйдү козгошу жана конкреттүү натыйжага ээ болушу керек;
  • Чыгымдарды жумшоо жагынан максатка ылайыктуулук жана натыйжалуулук.

 

Пайда болгон суроолор боюнча ekarakulova@soros.kg дарегине кайрылууга болот.