«Сорос-Кыргызстан» Фонду “Маалымат эркиндиги” Программасынын алкагында Кыргызстанды санариптик теле берүүгө өткөрүү боюнча улуттук маалымат кампаниясын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга тендердик өтүнмөлөрдү кабыл алууну баштаганын жарыялайт.

 

Максаты:

Бирдей брэндинги, ачык жумшоолор, маалымат продукцияларынын кеңири спектри менен, атайын сайты, калк үчүн тынымсыз байланышы менен, ар түрдүү форматтагы, жарыялоо жана социалдык иш-чаралардын маалымат материалдары, ошондой эле баалоо индикаторлору менен СТБга өтүү процесси жөнүндө жарандарды маалымдоо боюнча жалпы улуттук кампания өткөрүү.

Сынактын техникалык тапшырмасын бул жерден көчүрсө болот

Милдеттердин тизмеси: 

  1. Калк үчүн маалыматтык жана социалдык кампаниялардын стратегияларын/планын иштеп чыгуу, координациялоо жана башкаруу (этаптар, аудиториялар, куралдар, жумшоолор ж.б.);
  2. Маалымат кампаниясынын брэндин/фирмалык стилин (логосун, фирмалык түсүн, слоганын, жумшоолорун, баннерлерин, промопродукцияларын) иштеп чыгуу;
  3. Медиа продуктыларды[1] (атайын репортаждарды, ток-шоуларды, сайт үчүн баннерлерди) түзүү жана жайгаштыруу;
  4. Санариптик теле көрсөтүүгө өтүүгө арналган сайттарды иштеп чыгуу, техникалык колдоо жана башкаруу;
  5. SMM-кампанияларын өткөрүү;
  6. Маалыматтык маалымдама материалдарды иштеп чыгуу (брошюрлар/баракчалар);
  7. Копирайтинг тейлөө кызматтары (сайттын контенти, макалалар, инфографикалар);
  8. Жалпы элдик жолугушуулар жана талаш-тартыштар аркылуу СТБга өтүү процесси жөнүндө кеңири коомчулукту маалымдоо менен республиканын бардык облустары боюнча Digital кербенин (маалымат кербенин) уюштуруу;
  9. СТБ жөнүндө жарандарды маалымдоо боюнча волонтердук топторду топтоо жана иштерин уюштуруу;
  10. Жалпы элдик иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу (жождордо, мекемелерде, жалпы элдик бет ачарлар, лекциялар, флэш мобдор ж.б.).

 

Аткаруучуга коюлган минималдык квалификациялык талаптар:

 

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык юридикалык жак катары каттоо;
  • Маалыматтык, социалдык же PR кампанияларды иштеп чыгуу, башкаруу жана координациялоо боюнча тастыкталган тажрыйба;
  • Дизайн иштеп чыгуу жана маалыматтык-агартуучу ТБ/видео-басма продуктыларын чыгаруу, PR чөйрөсүндө, коммуникацияда жана ЖМК менен иштөө тажрыйбасы;
  • Кыргыз Республикасында улуттук жана аймактык деңгээлде иштөө тажрыйбасы;
  • Долбоордун негизги аткаруучусу катары сунушталган компаниянын адистери 3 жылдан кес эмес тиешелүү кесиптик тажрыйбага ээ болушу керек.

 

Мөөнөттөр: 23.02.15-23.08.15

 

Географиясы: Кыргыз Республикасы

Тендерге катышуу үчүн төмөнкү документтердин топтому берилиши керек:

  1. Толтурулган өтүнмө (бул жерден көчүрсөңөр болот)
  2. Кызыгуу каты
  3. Иштердин календардык планы, маалымат кампаниясынын концепциясы менен сунушталган мурунку иштердин тажрыйбасын толук баяндоо менен коммерциялык сунуш
  4. Иштердин үлгүлөрү (иштеп жаткан долбоорго шилтеме, иштин портфолиосу менен CD)
  5. Долбоордун катышуучуларынын таржымалдары
  6. Excel форматында долбоордун бюджети
  7. Юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк
  8. Эки сунуш кат.

Өтүнмөлөр чапталган конверттерде 720040, Кыргызстан, Бишкек ш., Логвиненко көч., 55А дареги боюнча, “Сорос-Кыргызстан” Фондунун “Маалымат эркиндиги” Программасы, “СТБ боюнча маалыматтык кампанияларды өткөрүүгө тендер” белгиси менен кабыл алынат.

Өтүнмө кыргыз жана орус тилдеринде күн сайын саат 9.00дөн 17.00гө чейин (дем алыш 13.00дөн 14.00гө чейин), эс алуу жана майрам күндөрүнөн сырткары 2015-жылдын 18-февралына, саат 17.00гө чейин (кошуп) кабыл алынат.

 

Өтүнмөлөрдү баалоо үчүн критерийлер:

 

  • PR, арт, медиа, коммуникация чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы;
  • Иштердин портфолиосу;
  • Жаратмандык жана инновациялуулук;
  • Долбоордун натыйжаларын жайылтуунун масштабдуулугу;
  • Конкреттүү кырдаалдарда долбоорду аткаруунун реалдуулугу;
  • Жергиликтүү жана эл аралык өнөктөштөрдү тартуу;
  • Сектордун, маморгандардын, жарандык коомдордун бардык негизги катышуучулары менен консультация өткөрүү
  • Долбоор конкреттүү көйгөйдү козгошу жана конкреттүү натыйжага ээ болушу керек;
  • Чыгымдарды жумшоо жагынан максатка ылайыктуулук жана натыйжалуулук.

 

Пайда болгон суроолор боюнча ekarakulova@soros.kg дарегине кайрылууга болот.

 



[1] Мамлекеттик тапшырыктын алкагында КТРКга жүктөлгөн СТБ боюнча 6 социалдык чыгырыкты даярдоо. Бирок, бардык чыгырыктар өтүнмө ээси тарабынан иштелип чыккан бирдиктүү концепцияга жана стилге баш ийиши керек.