Датасы:    20.02. 2015 ж.

Өтүүчү жер: КМЮАнын илимий китепканасы.

Убактысы: 10.00 -11.00

Каттоо: 9.30 -10.00

Катышуучулар: окутуучулар, аспиранттар, магистранттар, китепканачылар.

Дареги: Бишкек ш. Чүй пр. 180 А.

Учурда коомдун жана дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүшүнүн негизи болуп билим тармагындагы жаңы аталыш “ачык ресурстар” (open source) айтылат. Дүйнө жүзүнө билимдин өнүгүп жана таралышында эң негизги баалуулукту ээлөө менен бирге, алар(ачык ресурстар)  билим берүү биримдигинде да чоң мааниге ээ. ЮНЕСКО АББРди түзүү боюнча иш чараны колдоп, ага бүгүнкү күнү Open Course Ware (http://www/oercommons.org)  консорциумунун алкагында окуу материалдарын  ачык пайдаланууга берген 21 өлкөнүн 150 гө жакын уиверситеттери катышууда. Анын ичинде: 4,5 миңден ашуун башталгыч, 6 миңден ашуун орто билим жана 13 миңге жакын кесиптик билим маалыматтары камтылган.

АББР-бул сабак берүүдө, окутууда, изилдөөлөрдө ж.б учурларда кайрадан кайталап колдонууга мүмкүн болгон санариптик маалымат.Алар ачык лицензиялардын жардамы менен маалыматты колдонуучулардын автордук укукту коргоо менен жалпыга жеткиликтүү жайылтууга  мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Электрондук китепканалардын ассоциациясы (www.kyrlibnet.kg) “Ачык билим берүү ресурстары: Кыргызстандын ЖОЖдору үчүн жаңы реалдуулук” аттуу мугалимдерге, студенттерге, аспиранттарга, магистранттарга жана Бишкек шаарынын жана башка региондордун жогорку окуу жайларынын китепканачыларына багышталган долбоорду иштеп чыкты. Бул долбоорду жүзөгө ашыруу 2014 жылдын 1 июлунан баштап 2015 жылдын 30 июнуна чейин болмокчу.

Долбоор “Ачык билим берүү ресурстары: Кыргызстандын ЖОЖдору үчүн жаңы реалдуулук” аттуу гранттык конкурстун негизинде,  “Сорос-Кыргызстан” Фондунун каржылоосу менен  ишке ашырылууда.

Долбоордун максаты — ЖОЖдордо АББР жөнүндө жана анын жетишкендиктери тууралуу маалыматтарды жайылтуу менен АББРди сактоочу жайды түзүүгө жардам көрсөтүү.

Долбоорду ишке ашыруудагы негизги максат:

  1. АББР жана долбоор тууралуу маалымат материалдарын иштеп чыгуу жана дайындоо.
  2. АББРдин артыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кенен жайылтуу үчүн Кыргызстан ЖОЖдорунда семинарларды өткөрүү
  3. Долбоордун жыйынтыгында  жалпы маалымат берүү ишчарасын уюштуруу.

Долбоордун катышуучулары:

—         И.Раззаков атындагы КМТУнун илимий китепканасы

—         Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университеттин илимий китепканасы

—         Б.Н. Ельцин атындагы КРСУнун илимий китепканасы

—         Кыгыз мамлекеттик юридикалык академиясынын илимий китепканасы

 

Долбоор тууралуу маалыматтар менен Электронндук китепканалардын ассоцияциясынын сайтынан таанышасыздар.