11203672_10153005866007886_5416087454858837939_o11194557_10153005865477886_3012542124123160747_o27-апрель, 2015, Бишкек, — «Санарипти жандыр — ушундай чакырыктын астында бүгүн Кыргызстанда санариптик телеберүүгө өтүү боюнча калкка арналган ири маалыматтык иш-чаралар башталды.

 

Кампаниянын алкагында санариптик телеберүүгө кошулуу боюнча калкка маалымат берүүбоюнча кенен иштер өткөрүлөт – бир катар маалыматтык ТВ жана радио тасмалары даярдалып, www.sanarip.kg сайты ишке киргизилди. 15-майдан тартып 1212 номери боюнча сурап-билүү телефону иштеп баштайт — стационардык телефондордон жана Мегаком, Билайн, О! операторлордук номерлеринен акысыз чалса болот.

 

Буга тийиштүү болгон негизги министрликтердин өкүлдөрү да өлкөнүн бардык аймактарына Санариптик маалымат кербени менен кошо барып, ал эми кампаниянын аймактык өкүлдөрү менен көмөкчүлөрү коомдук иш-чаралар, плакаттар, китепчелер, демо-көрсөтмөлөр аркылуу жер-жерлерде калкка маалымат жайылтышат.

 

Аталган кампаниянын башкы максаты – калк өз убагында DVB-T2 MPEG4 стандартындагы ресиверлерди (санариптик тиркегичтерди) же DVB-T2 MPEG4 тюнери өзүндө орнотулган жаңы сыналгыларды сатып алуусуна жетишүү. Кампаниянын уюштуручулары жарандар Мамлекеттик байланыш агенттиги (КР МБА) тарабынан сертификацияланган ресиверлерди сатып алышы керектинин баса белгилешет.

 

Санарипке өтүү Кыргызстанда өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу маселеси менен, ошондой эле калктын сапаттуу берүүлөр аркылуу маалымат алууга муктаждыгын камсыз кылуу маселеси менен байланышкан.

 

Өтүүнүн олуттуулугун көрсөтүүчү баштапкы маалыматтар: Кыргызстанда калктын 94% дециметрлик аналогдук ТВ көрүшөт. Ошол эле учурда калктын 87%ы телеберүүнү эң маанилүү маалымат булагы десе, 86%ы аны эң ишеничтүү булак деп эсептейт[1].

Санариптик берүүгө өтүүнүн артыкчылыктарынан: санариптик сигнал – ар кандай тоскоолдуктарга туруктуу, ошондуктан биз жогорку сапаттагы көрсөтүүнү жана үндү алабыз. Санариптик берүү аналогдук берүүгө караганда, көбүрөөк каналдарды берет. Радио жыштык спектрин бошотууга мүмкүндүк түзөт. Ал эми бошогон жыштыктарды башка ар кыл кызматтар үчүн, мисалы, стандарттуу же жогорку тактыктагы телепрограммалар, өткөргүчсүз Интернет, жергиликтүү ТВ ж.б. үчүн пайдаланса болот.

 

Кыргызстан кабыл алган MPEG4 кысуу форматы бар DVBT-2 стандарты түйүндөрдүн сыйымдуулугун 50%га чейин көбөйтөт. Бул болсо ар бир теле көрүүчү үчүн сезерлик болот. Мисалы, бүгүн алыскы аймактын тургундары 3-4 каналды жакшы сапатта көрө алат. Санариптик форматка өткөндө өлкөнүн бардык булуң-бурчунда жашоочу ар бир тургуну 15ке жакын, кийинчерээк андан да көп улуттук каналды санариптик сапатта көрүүгө мүмкүндүк алат.

 

Кыргызстан санариптештирүүнүн ачык демократиялык жолун тандап алды: анын ар бир баскычы рыноктун, телеканалдардын, жарандык коомдун, медиа-эксперттердин кенен катышуусу менен өтүүдө. Алсак, Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнөн айырмаланып, Кыргызстанда санариптик түйүндөрдү Кыргызтелеком мамлекеттик байланыш оператору менен катар жеке менчик операторлор да куруп жатат. Бул санарипке өткөндөн кийин кыргызстандыктар ТВ контентин өзү каалагандай тандоого чоң мүмкүнчүк алат дегенди билдирет.

 

Кыргызстанда санарипке өтүүгө эки министрлик, бир мамлекеттик агенттик жана улуттук байланыш оператору жооп берет — булар Транспорт жана байланыш министрлиги, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, ошондой эле Мамлекеттик байланыш агенттиги, Кыргызтелеком жана ТТТРӨБ (Телеберүү толкундарын таратуучу республикалык өндүрүштүк бирикмеси).

 

Долбоорду ишке ашырууга ар биринин өз салымы бар: Транспорт жана коммуникация министрлиги КРда санариптик телеберүүгө өтүү программасын иштеп чыккан жана ага катышканадардын баарынын ролун бөлүштүргөн. Ага ылайык техникалык инфраструктуранын өнүгүшүнүн негизги багыттары, анын ичинде маалыматтык коопсуздук маселеси да ишке ашырылууда.   Программада процесске катышкандардын баарынын кызыкчылыктары эске алынган —  байланыщ операторлорунун, берүүчүлөрдүн, жарандардын.

 

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин башкы салымы – акысыз каналдардын социалдык пакетин түзүү, телеканалдарды техникалык жактан жаңылоо, ошондой эле улуттук аудиовизуалдуу өндүрүмдөрдү жаратууга мамлекеттик тапшырыкты түзүү, учурда иштеп жаткан жеке менчик берүүлөрдүн санарипке өтүшүнө шарттарды түзүү.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик байланыш агенттигинин негизги салымы болуп четкеш мамлекеттер менен жыштыктарды эл аралык деңгээлде жөнгө салууну камсыздоо жана ресиверлерди сертификатташтыруу.

 

«Кыргызтелеком» ААКнын / ТТТРӨБ башкы милдеттерине өлкөнүн 95% аймагында санариптик сигналды кабыл алуу үчүн тармактарды куруу кирет.

 

Маалыматтык иш-чараны өткөрүүгө «Сорос-Кыргызстан» фондунун «Маалымат эркиндиги» программасы, ОБСЕнин Бишкектеги борбору жана ПРООН көмөк көрсөтүүдө.

Кыргызстанда санариптик ТВга өтүү үч баскычка бөлүнүп, биринчиси 2014-жылы башталган, ал эми акыркысы 2016-жылдын сентябрында бүтөт. Бирок өлкөнүн басымдуу бөлүгү санарипке үстүбүздөгү жылы эле өтүшү керек болот.

 

Санариптештирүү боюнча мамлекет жасаган кадамдардан:

 

  • 2011-жылы СТВга өтүү боюнча Мамлекеттик программа кабыл алынган;
  • Мамлекет бирдиктүү байланыш операторуна кошулган 22 жергиликтүү телеканалга 2 мультиплексти акысыз берди;
  • Тест түрүндөгү берүү 2014-жылы 6-ноябрда ишке киргизилген;
  • Акысыз телеканалдардын социалдык пакети жөнүндө Жобо кабыл алынды;
  • Телеканалдардын социалдык пакетине жеке каналдардын катышуусу жөнүндө Жобо кабыл алынды;
  • Өлкөнүн тарыхында биринчи жолу 2014-жылы  улуттук аудиовизуалдуу өндүрүмдөрдү жаратууга мамлекеттик тапшырыкты аткарууга 11 млн. сом бөлүп берилди;
  • Телеканалдардын социалдык пакетине киргизилген телерадио уюмдарды техникалык кайра жабдууга 160 млн. сом бөлүндү;
  • ТРКдан мультиплекс жүргүзүү борборлоруна телесигналын берүү боюнча байланыш линияларын курууга 9 млн. сом бөлүндү;
  • Калктын жакыр катмарларына жана Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине акысыз берүү үчүн ресиверлерди сатып алууга 20 млн. сом бөлүндү;
  • «Лицензиялоо жөнүндө», «Электр жана почта байланыштар жөнүндө», «ТРБ жөнүндө» мыйзамдарга оңдоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты.

 

 

 

Маалымдама:

Санариптик берүүгө өтүү процесси глобалдуу мүнөзгө ээ. Эл аралык электр байланыш биримдиги (ЭЭБ) аналогдук телеберүүнү Европа жана Борбордук Азиянын айрым бөлүгү кирген аймакта 2015-жылдан кеч эмес өчүрүүнү белгилеген. Ошентип, мунун зарылчылыгы эл аралык милдеттемелерден келип чыгууда, себеби дүйнөнүн дээрлик бардык мамлекеттери ЭЭБга кирет. Кыргызстан бул биримдикке 1994-жылдан бери мүчө.

 

2006-жылы Женевада Радиобайланыш боюнча аймактык экинчи конференция өтүп, анда санариптик берүү боюнча аймактык макулдашуу кабыл алынып, анын акыркы Планы кабыл алынган («Женева» 06 планы). Кыргызстан дүйнөнүн 104 мамлекетинин катарында «Женева-2006» аймактык келишимине кирет. Аталган эл аралык документке ылайык, Кыргыз Республикасына улуттук мазмундагы 14 каналды уюштурууга мүмкүндүк берүүчү жыштык ресурсу бекитип берилген.

 


[1] «М-Вектор» жүргүзгөн улуттук сурамжылоо маалыматынан (2013)