logo19-июндан 13-июнга чейин Бишкекте жана Ысык-Көлдө Ачык Маалыматтар боюнча биринчи Борбордук Азиялык Хакатон болуп өтөт. Иш-чара “ИТ-Аттрактор” коомдук фонду тарабынан “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосунда жана Бүткүл дүйнөлүк фонддун катышуусунда уюштурулат.

Хакатон — иштеп чыгуучулардын форуму, анда ар түрдүү облустардан программалык камсыздоону иштеп чыгуунун (программачылар, шөкөтчүлөр, менеджерлер) адистери кандайдыр-бир көйгөйдү чечүүнүн үстүндө биргелешип иштешет. Биринчи Борбордук Азиялык Хакатонго катышуу үчүн Кыргызстандын, Тажикстандын жана Казакстандын программачыларынын, активисттеринин жана журналисттеринин арасында сынак өткөрүлгөн.

Бул Хакатондун милдети – ЖМКнын өкүлдөрүн, жарандык активисттерди жана иштеп чыгуучуларды ачык маалыматтар менен биргелешип иштөөгө жана алардын негизинде коом үчүн пайдалуу продуктыларды – кызыктуу колдонмолорду, аналитикалык жана маалыматтык макалаларды, инфографикаларды, карталарды ж.б.у.с. чыгарууга үйрөтүү. Ачык маалыматтар менен иштөөнүн башкы максаты – бул кандайдыр-бир актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү жана ошол көйгөйлөрдү чечүүчү, өкмөттүн айкындуулугун жогорулатуучу кызмат көрсөтүүлөргө, маалыматтарга жетүүнү жакшыртуучу сервистерди түзүү.

Хакатонго Россиянын, АКШнын жана Израилдин ачык маалыматтары боюнча эксперттер жана тренерлер тартылган. Иш-чара мезгилинде сынактын алкагында катышуучулар бир эле мезгилде ачык маалыматтардын – колдонмолордун, макалалардын прототиптеринин, маалыматтарды визуалдаштыруунун негизинде продуктыларды түзүүгө үйрөнөт. Мыкты иштер сыйланат, ал эми колдонмолордун прототиптери толукталып иштелип, 2015-жылдын сентябрында кеңири коомчулукка берилет.

“Мындай форумдарды өткөрүү – ачык маалыматтар менен иштөөгө үйрөтүүнүн өзгөчө мүмкүнчүлүгү гана эмес, актуалдуу сервистер аркылуу коомго маанилүү маалыматтарды ачыкка чыгаруу мүмкүндүгүндө бүтүндөй биздин өлкөнүн жана аймактардын өнүгүүсүнө жаңы импульс берет”, – дейт “Сорос-Кыргызстан” Фондунун аткаруучу директору Шамиль Ибрагимов.

Кыргызстан “Сорос-Кыргызстан” Фондунун “Маалымат эркиндиги” Программасынын, Бүткүл дүйнөлүк банктын, БУУнун Өнүгүү программасынын жана негизги мамлекеттик органдардын колдоосунда Ачык маалыматтар глобалдуу кыймылына кошулууда.

Ачык маалыматтар – калкка коомдук маанилүү маалыматтарды берүү аркылуу социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган глобалдуу дүйнөлүк кыймыл. Ачык маалыматтар кыймылына кошулган өлкөлөрдүн көпчүлүгү экономикалык жактан олуттуу өскөндүгү, жарандык коомдордун жана мамлекеттердин ортосундагы өз ара мамилелердин күчөгөндүгү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаттык жактан жакшыргандыгы, өкмөттүн айкындуулугу жана отчеттуулугу, улуттук масштабдагы кайра өзгөрүүлөргө ЖМКнын жана жарандардын катышуусунун өскөндүгү байкалууда. Ачык маалыматтар – бул ким болбосун эркин пайдалана жана жайылта алган маалыматтар. Маалыматтардын булактарын көрсөтүүнүн талаптарына жана аларды баштапкы шарттарында жайылтууга гана жол берилет.

 

Байланыштар:

«Сорос-Кыргызстан» Фонду

720040, Бишкек ш., Логвиненко көч., 55А

тел. (996-312) 66-34-75

факс (996 312) 66-34-48

Тынымгүл Эшиева

Коомчулук менен байланыш боюнча координатор